Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 17 июня 2026 года № 424 "О признании утратившими силу некоторых постановлений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-17.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-февралы № 65 2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрү менен камсыздоодо үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз Республикасындагы үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 697 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөн чарбалары жөнүндө жобону "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 17.06.2026 · № 424
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин…Постановление · 09.08.2018 · № 373 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 "2021-2023-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз…Постановление · 10.05.2024 · № 238 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июнундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 17.06.2026 · № 424
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-августундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2012-2016-жылдардагы иштин…Постановление · 09.08.2018 · № 373 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №697 "Күздүк өсүмдүктөрдү өз убагында себүү жана кыртышты 2007-жылдагы түшүмгө даярдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 27.09.2006 · № 697 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 238 "2021-2023-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн Кыргыз…Постановление · 10.05.2024 · № 238 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.