Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2022 года № 60 "О вопросах проведения государственного контроля (надзора) за соблюдением требований технических регламентов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-07.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 27-сентябры № 702
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби
жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын
аймаганда техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу
техникалык жөнгө салуу тармагындагы нормативдик укуктук актылар
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы №
473 токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом
кылат:
1. Тиркелген Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин Мамлекет-
тик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо колдонуулары;
- ал Жобону Кыргыз Республикасынын аймагындагы базарларга
жүгүртүүгө келип түшкөн продукцияларга коюлган милдеттүү талаптардын
аткарылышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин атайын
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жетекчиликке алышы керек.
Ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси жана алардын компетенциясынын
тармагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы № 473
"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө кир-
генге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу тармагындагы норматив-
дик укуктук актылар жөнүндө" токтому менен бекитилген.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги №
194 "Ишкердик субъекттеринин ишин мамлекеттик контролдоочу органдардын
текшерүүсүнүн тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик субъ-
екттерин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу
органдарынын тизмесине төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
- 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- облустук, шаардык, райондук Мамлекеттик санитардык-эпидемиоло-
гиялык көзөмөлдөө борборлору";
- 3-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар алып салынсын;
- 4-пунктка:
экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик ветеринария департаменти;";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- региондук, шаардык, райондук мамлекеттик ветеринардык көзөмөл
башкармалыктары";
- 8,9 жана 10-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана ку-
рулуш боюнча мамлекеттик агенттик:
Шаар куруу жана архитектура-курулуш көзөмөлү (Мамархкуру-
лушкөзөмөл) боюнча аймактык органдар.
"9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ
боюнча мамлекеттик инспекциясы";
"10. Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаан-
даштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агентиги.";
- 12-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 13-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик".
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин
күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- Перечень уполномоченных государственных контролирующих органов, имеющих право на проведение проверок субъектов предпринимательства (Утвержден постановлением Правительства…Перечень · 04.04.2002 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 136 ""Лак-сыр материалдарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 18.03.2013 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү…Постановление · 07.02.2022 · № 60
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар…Постановление · 06.11.2007 · № 533 · Күчүн жоготкон
- 1. Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген)Положение · 27.09.2006 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 12-мартындагы №74 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен…Постановление · 12.03.2007 · № 74 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-июнундагы №473 "Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулуучу техникалык жөнгө салуу…Постановление · 30.06.2006 · № 473
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 60 "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү…Постановление · 07.02.2022 · № 60
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2002 года №194 "О порядке проведения проверок государственными контролирующими органами деятельности субъектов предпринимательства"Постановление · 04.04.2002 · № 194 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- КР Министрлер Кабинетинин "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 07.02.2022 · № 60
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 10.09.2013 · № 509