Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 7-февралы № 60 Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү маселелери жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген өнөр жай продукциясын алып коюу, кайтарып алуу, жеткире иштеп чыгуу же өндүрүүчү заводго кайтарып берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Көтөрүүчү курулмалар колдонулган кооптуу өндүрүштүк объекттердин коопсуздук эрежелери (Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл…Правила · 24.01.2025 · № 01-01/20
- КР Министрлер Кабинетинин "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 07.02.2022 · № 60
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 10.09.2013 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Минстрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин техникалык…Постановление · 17.02.2023 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.09.2006 · № 702 · Күчүн жоготкон
- 1. Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген)Положение · 27.09.2006 · № 702 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 509 "Экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 10.09.2013 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-сентябрындагы №702 "Мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 27.09.2006 · № 702 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.