Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 августа 2015 года № 564 "О мерах по реализации требований статей 95, 101, 102, 105, 128, 135, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232 Закона Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-10.
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 22-сентябры № 689
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке
ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 токтому
менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн эсептөөнү жана
төлөөнү контролдоо боюнча нускамага
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз
Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүү, Кыргыз Республикасына
грант, зайым формасында берилген финансылык жардам каражаттарына саты-
лып алынган товарларды пайдаланууну жана тескөөнү тартипке келтирүү
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу
боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын
28-декабрындагы № 961 токтому менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн
эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамага төмөндөгүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 6.5-пункта:
тогузунчу абзац "бажылык төлөмдөр" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз
Республикасына берилген грант формасындагы финансылык жардам каражатта-
рына сатылып алынган товарларды пайдалануу Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомунда каралган тартипке ылайык ишке ашырылган учурларды
кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасына берилген грант формасындагы финансы-
лык жардамдын каражаттарына сатылып алынган товарларга карата, мурда,
эркин жүгүртүүгө чыгарууда, андан аркы аларды максаттуу пайдалануу тар-
тибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген
күндөн тартып бажы төлөмдөрүн жана салыктарды төлөө боюнча жењилдиктер
берилген болсо, шарттуу түрдө эсептелген бажы төлөмдөрүн жана салыктар-
ды төлөө боюнча милдет токтотулат.";
- 17.5-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Анча чоњ эмес партиядагы товарлар алынып киргенде (бажы наркы
5000 АКШ долларына чейин) өндүрүүчү, сатуучу же товарды алып келген
адам тарабынан коммерциялык эсебинде же товарга катышы бар башка доку-
ментте жасалган, товар өндүрүлгөн мамлекет жөнүндө маалыматты
көрсөткөн, товардын келип чыгышы жөнүндө декларация берилиши мүмкүн.
Мурдагы СССРден чыгарылган товарлар алынып кирген учурда тарифтик
өзгөчө жењилдиктерди (преференция) пайдалануу максатында декларант то-
вардын чыккан жери тууралуу маалыматты өз алдынча берет. Бажылык та-
риздөөнү жүргүзүүчү бажы органы товарда көрсөтүлгөн маркалоону фото
сүрөтүн тиркөө менен салыштыруу ж.б. жолдор аркылуу алынып кирген товар
чыны менен мурдагы СССРде чыгарылганын далилдөө максатында бажы кароо-
сун жүргүзөт.";
- 19.3-пункттун 13) пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"13) Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алынып кирген негизги
каражаттар, анын ичинде тикеден-тике өздүк өндүрүштүк максаттар үчүн
КНС төлөөчү катарында катталган чарбакер субъекттер тарабынан финансы-
лык ижара (лизинг) келишимдери боюнча алынып киргендер (8702 (чакан ав-
тобустар), 8703 товардык позициясындагы жана 94 топтогу (***) Евразия-
лык экономикалык шериктештиктин тышкы экономикалык ишинин Товардык но-
менклатурасына ылайык классификацияланган товарлардан башка).
Чакан автобустарга айдоочунун ордун кошкондо орундун саны 14 орун-
дан ашпаган жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары ки-
рет.";
- 19.3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 14) пунктча менен толуктал-
сын:
"14) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасы-
нын бажы аймагына алынып кирген, 19.4-пункттун 13) пунктчасында карал-
ган негизги каражаттар, анын ичинде бул чарбакер субъекттин КНС төлөөчү
катары катталган фактысына карабай, тикеден-тике өздүк өндүрүштүк мак-
саттар үчүн финансылык ижара (лизинг) келишимдери боюнча алынып кирген-
дер (***).
(***) Эскертүү: негизги каражат - экономикалык ишмердүүлүктө пай-
далануу үчүн пайдаланылган же ага арналган, пайдалануу же колдонуу
мөөнөтү бир жылдан ашык, бажы наркы 100000 сомдон кем эмес болгон ам-
мортизацияланган жана акырындык менен өз баасын өзү түзгөн товарларга,
жумуштарга жана кызматтарга өткөргөн актив.
Аммортизацияга жатпаган каражаттарга учурдагы салык жылында даяр
продукциянын, аткарылган жумуштун жана көрсөтүлгөн кызматтын баасына
толугу менен өткөн, товардык-материалдык корлор, мүлк тийиштүү болот.";
- 19.4. пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"19.4. Бажылык тариздөөгө тикеден-тике өздүк өндүрүштүк максаттар
үчүн негизги каражаттарды алып кирген төлөөчү бажы органына алынып кир-
ген товар бухгалтердик эсепке кабыл алынат жана баланстык эсепке кирги-
зилет делген, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана
кол коюлган, мындай алып кирүүлөрдү жүзөгө ашырган уюмдун фирмалык
бланкында жазылган милдеттенмени, ошондой эле берилген күндөн тартып
бир айга чейин жарактуу, салык төлөөчү катталган жердеги салык органы
тарабынан берилген КНС боюнча каттоо жөнүндө маалымкаттын түп нускасын
бериши керек.
Бажылык тариздөөгө тикеден-тике өздүк өндүрүштүк максаттар үчүн
негизги каражаттарды алып кирген төлөөчү-айыл чарбалык өндүрүүчү бажы
органына алынып кирген товар бухгалтердик эсепке кабыл алынат жана ба-
ланстык эсепке киргизилет делген, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабы-
нан бекитилген жана кол коюлган, мындай алып кирүүлөрдү жүзөгө ашырган
уюмдун фирмалык бланкында жазылган милдеттенмени, ошондой эле берилген
күндөн тартып 30 күндүн аралыгында жарактуу болгон, чарбакер субъект
катталган жердеги салык органы тарабынан берилген, бул субъект айыл
чарбалык өндүрүүчү экенин далилдеген маалымкаттын түп нускасын бериши
керек.
Бухгалтердик эсепке кабыл алуу жана баланстык эсепке киргизүү, ин-
вентардык номер ж.б. жөнүндө маалымкат-тастыктама баланстык эсепке кир-
гизилген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирилбей бажыканага берилиши ке-
рек.
__________________ бажыкананын началышгине
МИЛДЕТТЕНМЕ
_______________________________________________________________________
(товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, наркы, саны)
Алынып
кирилген_____________________________________________________ жана
(импортчу жөнүндө маалымат)
Жүк боюнча бажы декларациясында № _________ менен декларацияланган
_________________ негизги каражат катары алынып кирилүүдө.
Баланстык эсепке киргизилген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн ке-
чиктирбей баланстык эсепке киргизилгени, инвентардык номер жана башка-
лар жөнүндө документтик далил берүүгө милдеттенем.
Салыктык идентификациялык номер __________________________________
Ишкана жетекчиси __________________________________
(аты-жөнү, колу)
Башкы бухгалтер __________________________________
(аты-жөнү, колу)
М.О. __________________________________
(күнү)
РМСИнин (Райондук мамлекеттик салык инспекциясы) аталышы
___________________
___________________
КНС боюнча каттоо жөнүндө
маалымкат
1. Аты-жөнү же чарбакер субъекттин аталышы _______________________
2. Салык төлөөчүнүн СТИНи
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) _______________________
3. КНС төлөөчү катары __________________________________ катталган
РМСИнин жетекчиси _______________________________________ аты-жөнү
Мөөрдүн орду Күнү 2006-жылдын "__"____________________
Бул Маалымкат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 148-стать-
ясын аткаруу максатында бажы органдарына көрсөтүү үчүн берилди, берил-
ген күндөн тартып 30 күн бою жарактуу.
РМСИнин аталышы
______________________
______________________
Маалымкат
1. Аты-жөнү же чарбакер субъекттин аталышы _______________________
2. Салык төлөөчүнүн СТИНи ________________________________________
3. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрү - айыл чарба продукциясын жет-
кирүү.
4. КНС төлөөчү катары __________________________________ катталган
(КНС катары каттоо жок болсо толтурулбайт)
РМСИнин жетекчиси _______________________________________ аты-жөнү
Мөөрдүн орду Күнү 2006-жылдын "__"___________________
Бул Маалымкат Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 148-стать-
ясын аткаруу максатында бажы органдарына көрсөтүү үчүн берилди, берил-
ген күндөн тартып 30 күн бою жарактуу.";
- 19.5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"19.5. КНС төлөөдөн бошотулуу менен тикеден-тике өздүк өндүрүштүк
максаттар үчүн алынып кирген негизги каражаттардан ажыратылган учурда,
ээлик кылуудан шарттуу чыгаруу күнүнөн 12 айлык мөөнөт өткөнгө чейин
мындай ээ болуудан ажыроо салык алынуучу импорт болот жана шарттуу
түрдө эсептелген КНСтин суммасы жана туум бажы органына төлөнөт. Туум
бажы органы тарабынан шарттуу чыгаруу күнүнөн кийинки күндөн тартып
Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамы менен белгиленген КНС төлөө боюнча,
ставкалар боюнча милдеттерди аткарган күнгө чейин эсептелет.
КНС төлөөдөн бошотулуу менен тикеден-тике өздүк өндүрүштүк максат-
тар үчүн алынып кирген негизги каражаттарга ээ болуудан шарттуу чыгаруу
күнүнөн 12 айлык мөөнөт өткөндөн кийин мындай ажыроо жеткирүү болуп са-
налып, КНС төлөө салык органдарына жүргүзүлөт."
- 25.13-пункттун бүткүл тексти боюнча "жиберүүчү" деген сөздөн ки-
йин тиешелүү жөндөмөдө "же жүк ташуучу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө ки-
рет.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей ( утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2015-жылдын 10-августунун № 564 токтомуПостановление · 10.08.2015 · № 564
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95 ,101, 102, 105, 128…Постановление · 10.08.2015 · № 564
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон