Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-августундагы № 562
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик
ветеринария департаменти жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаменти (мын-
дан ары - Мамлекеттик ветеринария департаменти) мамлекеттик ветеринари-
яны башкаруунун республикалык ыйгарым укуктуу органы болуп саналат.
2. Мамлекеттик ветеринария департаментинин иш-аракетинин укуктук
негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин токтомдору, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин буйруктары жана ушул
Жобо түзөт.
3. Мамлекеттик ветеринария департаменти өз иш-аракетин Кыргыз Рес-
публикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик башка органдары, жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелери жана башка
уюмдары менен биргелешип, түздөн-түз өзүлөрүнүн аймактык органдары жана
структуралык подразделениелери аркылуу ишке ашырат.
II. Мамлекеттик ветеринария департаментинин
милдеттери
4. Мамлекеттик ветеринария департаментинин негизги милдеттери
төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында ветеринардык ишке жетекчилик кылуу жана
аны өркүндөтүү;
- жаныбарларды кармоодо жана пайдаланууда, жаныбарлардан алынган
азыктарды, тоюттарды, тоют кошулмаларын чыгарууда, аларды даярдоодо,
кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана сатууда ветеринардык санитардык
эрежелерди юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын сак-
ташына мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү уюштуруу жана камсыздоо;
- жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын пайда болушун жана таралышын
четтетүү, ошондой эле пайда болгон учурда аларды жоюу боюнча ветеринар-
дык-санитардык чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- жаныбарлар жана адамдар үчүн жалпы оорулардан калктын ден соолу-
гун коргоону саламаттык сактоо органдары менен бирдикте уюштуруу;
- чет мамлекеттерден же жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын козго-
гучтарына карантин коюлган зоналардан Кыргыз Республикасынын аймагына
жайылышынан коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу, ветеринардык кызмат
контролдоочу жүктөрдү экспорттоодо жана импорттоодо ветеринардык-сани-
тардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо;
- жаныбарлардан алынган азыктарды чыгарууда жана базарларда сатуу-
да ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу жана
көзөмөлдөө, ошондой эле базарларда, жармањкелерде жана аукциондордо со-
ода кылуучу жерлердин жана малдын абалын ветеринардык-санитардык жактан
көзөмөлдөө;
- тамак-аш максаттары, жаныбарларды тоюттандыруу үчүн арналган
өсүмдүктөрдөн алынган сатылуучу азыктардын сапатына базарларда контрол-
дук жүргүзүү;
- жаныбарлардын ылањдарынын пайда болуу, жүрүү жана таралышынын
себептерин жана мыйзам ченемдерин изилдөө, алардын мүмкүн болуучу пайда
болушун (тобокелдикти баалоо) болжолдоо, алардын алдын алуу жана жоюу
программаларын, пландарын жана системаларын иштеп чыгуу;
- өзгөчө кырдаалдардын учурунда жаныбарларды коргоо боюнча иш ча-
раларды жүргүзүү;
- ветеринардык биологиялык препараттардын сапатын контролдоону
камсыздоо.
III. Мамлекеттик ветеринария департаментинин
функциясы
5. Мамлекеттик ветеринария департаменти ага жүктөлгөн тапшырмалар-
ды аткарууну камсыз кылуу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз
Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын министрликтер, мамлекеттик ко-
митеттер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары, администрациялык ведомостволор, мамлекеттик
биргелешкен мекемелер, уюмдар, ишканалар, фермерлер жана жеке адамдар
тарабынан аткарууну контролдоону ишке ашыруу;
- жаныбарлардын, куштардын, балыктын, аарынын, анын ичинен адам
жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын алдын алуу жана жоюу боюнча эпи-
зоотияга каршы иш-чаралардын планын аткарууну контролдоону ишке ашыруу;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылањдарынын пайда бо-
лушунун алдын алуу жана аларды жоюу боюнча мамлекеттик максаттуу прог-
раммаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;
- адам менен жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын алдын алуу боюнча
иш-чараларды республиканын саламаттык сактоо органдары менен бирдикте
иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- жаныбарларды ылањдардан сактоочу биологиялык дары-дармектер, ке-
ректүү жабдыктар, аспаптар, дарылоочу, дезинфекциялоочу жана башка ка-
ражаттарга керектөөнү аныктоо;
- мамлекеттик ветеринариянын региондук, Бишкек жана Ош шаардык
башкармалыктарынын эпизоотияга каршы иш-чараларынын пландарын карап чы-
гуу жана бекитүү;
- бүтүндөй республика боюнча статистикалык жана эсептөө маалымат-
тарынын негизинде жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын чыгуу жана таралуу
мүмкүндүгүнө илимий негизде божомол жасоо менен эпизоотияга каршы
иш-чаралардын планын түзүү жана аны аткарууну уюштуруу:
- отчеттуулук менен эсепке алуунун статистикалык формасын иштеп
чыгуу, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун автоматташтырылган системасын
киргизүү;
- ветеринардык практикага ойлоп табуучулук жана рационализатордук
сунуштарды киргизүү, ошондой эле жаныбарларды алдын алуу, диагноз коюу,
дарылоо үчүн жањы технологиялык ыкмалар менен каражаттарды карап чыгып,
кабыл алуу;
- мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн чегара жана унаа контролдук
ветеринардык пункттары аркылуу импортту, экспортту, транзитти, жаныбар-
ларды жана малдан алынган сырье менен азык-түлүктөрдү, жашыл тоютту,
биологиялык, химиялык-фармацевтикалык дарыларды жана башка мамлекеттик
ветеринардык көзөмөлдүн контролунда турган жүктөрдү республиканын ичин-
де ташууну ишке ашыруу;
- ветеринарияга багытталган вакцина жана башка биодары-дармектерди
даярдоо үчүн туруктуу бекем касиеттери бар микроорганизмдердин штаммда-
рын сактоого уруксат берүү жана аны көзөмөлгө алуу;
- илимий жана өндүрүштүк уюмдарда микроорганизмдердин штаммдарын
пайдалануу жана сактоого, жаныбарларды дарылоо үчүн керектелүүчү вете-
ринардык дары-каражаттарды, жаныбарлардан алынган дары-дармек сырьело-
рун, ветеринардык техниканы, ошондой эле жаныбарлардын ылањынын козго-
гучтарынын штаммдарын Кыргыз Республикасына ташып киргизүүгө жана ташып
чыгууга белгиленген тартипте уруксат берүүгө, уюмдарга жаныбарлардын
карантиндик жана өзгөчө жугуштуу ылањдарынын козгогучтарынын вирулент-
тик штаммдарын алууга уруксат берүүгө контролдукту жүргүзүү;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана башка ылањдарынын, анын
ичинде адам менен жаныбарлардын жалпы оорулары, чыгуу жана таралып
кетүү коркунучу байкалган учурда кемчиликтерди четтетүүгө чейин соттун
чечимисиз эле жеке же юридикалык жактын чарбалык ишкердүүлүгүнө тыюу
салуу же токтото туруу;
- чыгып кетүү коркунучун алдын алуу жана аларды жоюу иштери рес-
публикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жаныбарлардын
карантиндик жана өзгөчө жугуштуу ылањдарынын тизмесин аныктоо;
- республиканын аймагына жаныбарлардын өзгөчө жугуштуу ылањдарынын
козгогучтарын башка мамлекеттерден алып кирүүдөн сактоо чараларын иштеп
чыгуу жана уюштуруу;
- керектүү учурларда эпизоотияны жоюу боюнча экспедиция уюштуруу,
өзгөчө коркунучтуу инфекцияга каршы күрөшүүдө керектүү болгон биопрепа-
раттардын, дезинфекциялоочу жана башка каражаттардын резервдерин
түзүүнү уюштуруу;
- ветеринария маселелери боюнча нускамаларды, колдонмолорду, эре-
желерди жана башка нормативдик актыларды иштеп чыгуу жана мыйзамда бел-
гиленген тартипте бекитүү;
- ветеринария боюнча илим-изилдөө иштеринин абройлуу багыттарын
аныктоо, ветеринардык адистерди даярдоо боюнча программаларды иштеп чы-
гууга катышуу;
- чет мамлекеттердин ветеринардык кызматы менен кызматташууда эл
аралык уюмдарда ветеринария жаатындагы мамлекеттин кызыкчылыгын
көрсөтүү;
- бюджеттик ассигнованиелердин эсебинен алынган материалдык-техни-
калык ресурстарды мамлекеттик ветеринариянын мекемелери, уюмдары жана
ишканаларына бөлүштүрүү;
- мамлекеттик ветеринариянын мекемелеринин кызматчыларын кесиптик
жактан даярдоону уюштуруу, алардын квалификациясын жогорулатуу.
6. Кызмат көрсөтүү функциясы:
- клиникалык, алдын-алуу-дарылоочулук, ветеринардык-санитардык,
пландуу эпизоотияга каршы, санитардык-гигиеналык иш-чараларды, анын
ичинде иммундаштыруу, дезинфекция, дезинсекция, дератизация, дегельмин-
тизация иштерин жүргүзүү;
- этти, сүттү, сүт азыктарын, балыкты, колбасаларды жана жаныбар-
лар менен өсүмдүктөрдөн алынган азык-түлүктү ветеринардык-санитардык
экспертизадан өткөрүү;
- асыл-тукум жаныбарларды, кушту, балыкты, аарыны сатууга жана та-
шууга байланышкан ветеринардык иш-чараларды жүргүзүү;
- ветеринардык документтерди тариздөө жана берүү;
- жаныбарлардан баардык түрлөрүнүн ылањдарынын алдын алуу, диагноз
коюу, дарылоо, аларды багуу маселелери боюнча консультация берүү;
- жаныбарлардын жугуштуу жана мите-курт ылањдарын, анын ичинен
адам менен мал үчүн жалпы ооруларды контролдоо иш-чараларын жүргүзүү;
- ветеринардык багыттагы объекттерди жана мал чарба объекттерин
куруу боюнча ветеринардык корутундуларды тариздөө.
7. Ишти аткаруунун мониторинги жана координациялоо, контролдоо
функциясы:
- жаныбарлардын ылањынын чыгуу, өнүгүү жана таралуу мыйзам че-
немдүүлүгүнүн себептерин аныктоо, аны контролдоо жана мониторингди ишке
ашыруу, жаныбарлардын жугуштуу ылањдарын түп тамырынан бери жоготуу бо-
юнча иш-чараларды жүргүзүү, алардын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн болжолдоо
(коркунуч баасы), алардын алдын алуу пландарын, программаларын жана
системаларын иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын ылањы чыккан учурдагы абалдын мониторинги, каран-
тиндик режим киргизүү;
- мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана
ташууда, ошондой эле ветеринардык кызматтын контролунда турган продук-
циялары экспорттоо жана импорттоодо ветеринардык-санитардык талаптарды
сактоого мониторинг жүргүзүү.
8. Жөнгө салуу функциялары:
- мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн көз карандысыздыгын камсыз
кылуу;
- мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролунда турган жүктөрдү
сактоо жана сатууга мамлекеттик ветеринардык көзөмөл жүргүзүү;
- жањы ветеринардык дары-дармектерге, приборлорго, аспаптарга, то-
ют жана анын кошумчаларына корутунду берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына башка мамлекеттерден жаныбарлар-
дын жугуштуу жана экзотикалык ылањдарынын өтүп кетишинен жана таралышы-
нан коргоо;
- жаныбарлардан алынган сырье менен продуктуларга ветеринардык-са-
нитардык экспертиза жана сертификаттоо жүргүзүү тартибин орнотуу жана
анын жүргүзүлүшүнө контролдукту уюштуруу;
- жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чара-
ларды көзөмөлдөө жана жаныбарлардан алынган ветеринардык-санитардык
жактан абдан сапаттуу сырьелор менен азык-түлүктөрдү чыгаруу;
- ветеринардык кызматтын контролунда турган объекттерди (жаныбар-
ларды, сырьелорду ж.б.) ички ташуу, импорттоо жана экспорттоо, ошондой
эле мал чарбасынан алынган сырье менен азык-түлүктөрдү даярдоо, кайра
иштетүү жана сактоону ветеринардык көзөмөлгө алууну ишке ашыруу;
- ветеринария жаатындагы нускамаларды, колдонмолорду, эрежелерди
жана башка нормативдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чы-
гуу жана бекитүү;
- жаныбарлардан алынган сырье менен продуктуларды даярдоо жана
кайра иштетүү мекемелеринин, ишканаларынын, мал базарларынын имаратта-
рын, мал чарба объекттерин технологиялык долбоорлоонун нормаларын иштеп
чыгууга катышуу;
- ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча (ветеринардык практика) же-
кече ишкердүүлүктү турмушка ашырууга лицензия берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинүүчү, республикада
өндүрүлүүчү ветеринардык дары-дармек каражаттарынын сапатына, натыйжа-
луулугуна, коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын мамлекеттик каттоо;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарын чыгарууда ветеринардык-са-
нитардык коопсуздук экспертизасын жүргүзүү;
- ветеринардык дары-дармек каражаттарынын аларды өндүрүү боюнча
ветеринардык-санитардык талаптарга дал келиши тууралуу корутунду берүү;
- ветеринария боюнча отчеттуулук менен статистикалык эсептин фор-
масын иштеп чыгуу, ветеринардык кызматтын автоматташтырылган башкаруу
системасын киргизүү, заманбап техникалык каражаттарды колдонуунун, ве-
теринардык отчеттуулукту компьютердик иштетүүдөн өткөрүүнүн негизинде
бирдиктүү маалыматтык тармак түзүү боюнча чараларды көрүү;
- мамлекеттик ветеринария мекемелерин уюштуруу боюнча сунуш кир-
гизүү, мезгилдин талабына жана келип чыккан жагдайга ылайык ветеринар-
дык иштерди өркүндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- лабораториялык диагностикалык иштерди өркүндөтүү боюнча чара
көрүү;
- диагностикалык изилдөөлөр менен алдын алуучу эмдөө жумуштары
тапшырылган жекече практикалык иштерди аткаруучу ветеринардык адистер-
ди, ведомостволук өндүрүштүк ветеринардык кызматтарды, мамлекеттик ве-
теринария кызматтары мекемелерин жана уюмдарын диагностикалык жана им-
мунобиологиялык дары-дармектер менен камсыз кылууну уюштуруу, бул
иш-чаралардын эсеби менен сапатын контролдоо;
- ветеринардык практикага ойлоп табууларды жана рационализатордук
сунуштарды, ошондой эле алдыњкы технологиялык ыкмаларды жана жаныбар-
лардын ылањынын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо үчүн жањы кара-
жаттарды кабыл алууну карап чыгуу жана ишке киргизүү;
- жаныбарларды багууда, жаныбарлардан алынган продуктуларды
өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилизация жасоодо, жаныбарлардын ылањынын
алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө ветеринария маселе-
лери боюнча юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жарандардын аткарышы
үчүн милдеттүү болгон эрежелерди жана токтомдорду белгиленген тартипте
кароо, макулдашуу жана бекитүү;
- республикада ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана биологи-
ялык дары-дармектерди чыгарууга контролдукту камсыз кылуу, импорттолуу-
чу ветеринардык дары-дармектерди каттоо жана экспертизадан өткөрүү;
- жаныбарлардан алынган сырье менен продуктуларды өњдүрүүдө жана
базарларда сатууда ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү жана
сертификациялоо тартибин белгилөө;
- өсүмдүктөн алынган азык-заттарды базарларда текшерүү тартибин
саламаттык сактоо органдары менен (ыкма, ыкмалар, эрежелер) макулдашып,
макулдашылган тартипке ылайык азык-түлүктөрдүн коопсуздугуна контрол-
дукту камсыз кылуу;
- мал чарба объектилерин, жаныбарлардан алынган сырье менен про-
дуктуларды даярдоо жана кайра иштетүү боюнча ветеринардык мекемелердин,
ишканалардын имараттарын, мал жана айыл чарба продуктуларын сатуучу ба-
зарларын технологиялык долбоорлоонун нормаларын иштеп чыгууга катышуу,
ошондой эле курулуш куруу жана анын пайдалануу процессинде алардын сак-
талышына көзөмөлдүк кылуу;
- экспортко кетчү этти өндүрүүчү же импорттолуучу этти жана эт
азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларга ветеринардык-санитардык аттеста-
ция жүргүзүү, аларды каттоо, бул ишканаларга кайра иштетүү боюнча урук-
сат берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, мамлекеттик бийлик органдарына,
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр-жай ми-
нистрлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен калкка
ветеринардык-санитардык кырдаал жана жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын
чыгышы, алардын алдын алуу менен жоюу тууралуу маалымдап туруу, калкты
адам менен мал үчүн жалпы оорулардан сактоо.
IV. Мамлекеттик ветеринария
департаментинин укуктары
9. Мамлекеттик ветеринария департаменти төмөнкү укуктарга ээ:
- жаныбарлардын ылањдарына диагноз коюу жана иммундук алдын алуу
иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле ветеринардык дары-дармек каражаттарды,
малды союу жана жаныбарлардан алынуучу азык-түлүктөрдү өндүрүүдө вете-
ринардык талаптардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү;
- ветеринардык мыйзамдарда каралган учурларда жаныбарлардан алын-
ган сырье, продуктуларды, тоютту жана башка ветеринардык кызматтын
контролунда турган жүктөрдү республиканын ичине ташып кирүү, транзит
жасоо, анын чегинен сыртка алып чыгууга, ошондой эле ветеринардык-сани-
тардык талапка туура келбеген унаа каражаттарын ушул максаттар үчүн
пайдаланууга тыюу салуу;
- ветеринардык мыйзамдарды бузуулар жөнүндөгү материалдарды кароо
жана белгиленген тартипте администрациялык жаза берүү, ишти токтотуу
жөнүндө чечим кабыл алуу же ветеринардык дары-дармек каражаттарын жана
биологиялык дары-дармектерди өндүрүүчү ишканалардан, ошондой эле вете-
ринардык кызмат көрсөтүү боюнча жекече ишкердүүлүк жүргүзүү укугуна
адистерден лицензияларын алып коюу, кылмыш иштерин козгоо үчүн тергөө
органдарына материалдарды берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адамдын жана жаныбар-
лардын ден-соолугуна өзгөчө коркунуч келтирген жаныбарларды, жаныбар-
лардан алынган сырье менен азык-түлүктөрдү алуу жана жок кылуу;
Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы мыйзамдарынын та-
лабына ылайык келбеген мамлекеттик ветеринардык контролдун көзөмөлүндө
турган жүктөрдү кайра иштетүүнү жана зыянсыздандырууну уюштуруу;
- жаныбарлардын ылањынын чыгуу жана таралуусуна ветеринардык мый-
замдарды бузуу менен жол берилсе жаныбарларды даярдоо жана союуну, жа-
ныбарлардан алынган продуктуларды пайдаланууну (сатууну), тоют менен
кошумча тоютту, дары-дармек каражаттарын, Кыргыз Республикасынын айма-
гына ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө турган жүктөрдү (товарларды)
алып кирүү (алып чыгуу, транзит) иштерин токтотууга жана буга тыюу са-
луу жөнүндө токтом чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өз компетенциясынын чектеринде
Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантинди жана жаныбарлардын жугуш-
туу ылањдарынын булактарын жоюу жана ылањдын таралышына бөгөт кылынган
тосмолорду коюу же алып салуу жөнүндө сунуш киргизүү;
- ветеринардык структуралардын кызмат адамдарынан алар тейлеген
аймакта жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу жана жоюу боюнча
жүргүзүлгөн иштер жана эпизоотиялык, ветеринардык-санитардык абалды ай-
кындоо үчүн маалымат жана документ берүүсүн талап кылуу.
V. Мамлекеттик ветеринария департаментинин
ишин уюштуруу
10. Мамлекеттик ветеринария департаменти Кыргыз Республикасынын
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин структуралык
бөлүгү болуп эсептелет.
11. Мамлекеттик ветеринария департаментин башкы директор жетек-
тейт, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы вете-
ринардык инспектору болуп саналат, аны Кыргыз Республикасынын айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин сунушу менен Кыргыз Рес-
публикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошо-
тот.
12. Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун
орун басары болот, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик
башкы ветеринардык инспекторунун орун басары болуп эсептелет жана Мам-
лекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистринин буйругу менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун орун
басары башкы директор жокто департаменттин ишине жалпы жетекчилик кы-
лат.
VI. Башкы директор
13. Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директору өз
компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү кызматка дайындоого жана бошо-
тууга укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министри менен макулдашуу боюнча региондук мамлекеттик ветеринария
башкармаларынын начальниктерин жана орун басарларын;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен макулдашуу боюнча район-
дук, шаардык, Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик ветеринария башкарма-
ларынын начальниктерин жана орун басарларын;
- Республикалык эпизоотияга каршы экспедициясынын начальнигин;
- ветеринардык дары-дармектерди стандартташтырууну жана сертифика-
циялоону контролдоо боюнча мамлекеттик лабораториянын директорун;
Республикалык ветеринариялык диагностика борборунун директорун
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай ми-
нистрине макулдашуу боюнча;
Республикалык ветеринариялык диагностика борборунун директорунун
сунушу менен Республикалык ветеринариялык диагностика борборунун дирек-
торунун орун басарын;
- мамлекеттик чегарадагы, темир жол, автомобиль жана аба транспор-
тундагы чегаралык ветеринардык контролдоо пункттарынын начальнигин;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин ишин уюштурат жана же-
тектейт, Мамлекеттик ветеринария департаментине жүктөлгөн милдеттерге
жана милдеттенмелерге жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин кызматчыларынын ортосун-
дагы милдеттерди бөлүштүрөт, ээлеген кызматтарына жараша милдеттерди
жана Мамлекеттик ветеринария департаментинин түзүмүнө кирген мекемелер
менен ишканалар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин бардык ведомстволук ме-
кемелери жана ветеринардык кызматы бар ишканалар менен мекемелердин ат-
карышы үчүн милдеттүү болгон приказдарды, буйруктарды жана
көрсөтмөлөрдү өз компетенциясынын чектеринде чыгарат;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин жана анын ведомстволук
структуралык подразделениелеринин штаттык расписаниесин белгиленген
тартипте бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик ветерина-
рия департаментинин кызматкерлерине ак ниет, үзүрлүү иши үчүн персонал-
дык үстөк белгилейт, кызматкерлерге сыйлык берүүнү, кызматкерлерге ма-
териалдык жардам көрсөтүүнү жүргүзөт жана ден-соолугун чыњдоого пособие
төлөө менен бир жылдык акы төлөнүүчү отпуск берет;
- бардык дењгээлдеги мамлекеттик ветеринардык инспекторлордун ток-
томдорун, ведомстволук ветеринардык мекемелердин жетекчилеринин буйрук-
тарын, эгер ал документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына кара-
ма-каршы келсе жокко чыгарат;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин аппаратынын кызматкерле-
рин кызматка кабыл алат жана бошотот, аларга сыйлык берүү жана жаза
көрүү чараларын колдонот;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин ишин уюштурууну, стилин,
иштөө ыкмасын жакшыртуу, кызматкерлердин квалификациясын жана аткаруу
иш тартибинин дењгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт, иш
кагаздарын регламентке жана колдонулуудагы нускамага ылайык жүргүзүүнү,
ошондой эле мамлекеттик жашыруун сырды сактоону камсыз кылат;
- бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелерде, ишканаларда, уюм-
дарда, сот жана арбитраж органдарында өзгөчө ишеним катсыз (анын ичинде
ишенимди берүү укугу менен) Мамлекеттик ветеринария департаментинин
компетенциясына кирген баардык маселелер боюнча чыгат;
- жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынан алдын алуу жана ага каршы
күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө бөлүнгөн каражаттарды жана бор-
борлоштурулган капиталдык салымдарды белгиленген тартипте бөлүштүрөт.
Мамлекеттик ветеринария органдарын кармоого бөлүнгөн акча-каражатынын
чектеринде ведомстволук структуралык подразделениелердин чыгымдоо сме-
тасын жана кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктайт.
Чегара ветеринардык карантин кызматынын башкы башкармасынын на-
чальниги Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы директорунун су-
нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр-жай министринин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин
буйруктары менен кызматка дайындалат жана ээлеген кызматынан бошотулат.
VII. Мамлекеттик ветеринария департаментинин
мүлкү жана аны каржылоо
14. Мамлекеттик ветеринария департаментинин ишин каржылоо респуб-
ликалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык ветеринардык уюмдар, мекемелер ветеринардык кызмат көрсөткөндүгү
үчүн алынган атайын каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
15. Мамлекеттик ветеринария департаменти юридикалык жак болуп
эсептелет, Кыргыз Республикасынын казыначылык системасында өз алдынча
балансы, алыш-бериш эсеби бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гер-
бинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы жазылган мөөрү болот.
16. Мамлекеттик ветеринария департаментинин жана анын структуралык
подразделениелеринин имараттары, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү мамле-
кеттин менчиги болуп эсептелет, мамлекеттен ажыратууга жана менчиктеш-
тирүүгө жол берилбейт.
VIII. Ветеринардык кењеш
17. Ветеринардык иштерди өнүктүрүүнүн кыйла актуалдуу, көйгөйлүү
маселелерин квалификациялуу дењгээлде чечүү максатында, Мамлекеттик ве-
теринария департаментинде Ветеринардык кењеш түзүлөт.
Ветеринардык кењештин сандык жана жеке курамын Мамлекеттик ветери-
нария департаментинин башкы директору аныктайт.
Ветеринардык кењешти Мамлекеттик ветеринария департаментинин башкы
директору, ал жок убакта орун басары жетектейт.
18. Ветеринардык кењештин ыйгарым укугуна төмөнкүлөр кирет:
- ветеринария тармагындагы нормативдик укуктук актылардын долбоор-
лорун жана ветеринардык иштерди уюштуруу боюнча көйгөйлүү маселелерди
кароо;
- мамлекеттик ветеринарияны өнүктүрүүнүн келечек жана күнүмдүк
пландарынын долбоорлорун кароо, Кыргыз Республикасынын ветеринардык
уюмдарынын номенклатуралары менен структураларын, аларды жабдуу норма-
тивдерин өркүндөтүү;
- Мамлекеттик ветеринария департаментинин, ошондой эле анын струк-
турасына кирген мекемелердин иштери жөнүндө докладдарды, отчетторду жа-
на башка билдирүүлөрдү угуу;
- республиканын аймагына чет мамлекеттерден жаныбарлардын жугуштуу
ылањдарынын козгогучтарын алып кирүүдөн сактанууну камсыз кылуу, рес-
публикада өндүрүлгөн жана сырттан алынып келинген биологиялык дары-дар-
мектердин сапатын көзөмөлдөө маселелерин кароо;
- жаныбарлардын ылањынын алдын алуу жана жаныбарлардан алынган
продуктулардын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугун камсыз кылуу
боюнча мал ээлеринин, юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жа-
рандардын ветеринардык-санитардык талаптарды аткаруусу жөнүндө маселе-
лерди кароо;
- мамлекеттик органдардын, илим-изилдөө институттарынын, окуу жай-
лардын, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз экс-
перттерди, окумуштуулар жана адистерди тартуу менен ветеринардык кыз-
матты өркүндөтүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөр менен эксперттик
баалоону турмушка ашыруу учун жумушчу топторду түзүү;
- ветеринария тармагындагы илимий-изилдөө иштеринин пландарын ка-
роо, ветеринардык адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;
- ветеринардык эсеп менен отчеттуулукту өркүндөтүү;
- күн тартибин Кењештин төрагасы аныктайт.
19. Ветеринардык кењештин иши Кењештин төрагасынын бекиткен план
боюнча жүргүзүлөт. Кењештин заседаниеси бир жылда эки жолудан кем эмес
өткөрүлөт. Кењештин чечимдери протокол менен таризделип, Мамлекеттик
ветеринария департаментинин Башкы директорунун буйругу менен жүзөгө
ашырылат.
IX. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Мамлекеттик ветеринария департаментин кайра уюштуруу жана жоюу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кмтнн 2006-жылдын 4-августундагы №562 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 04.08.2006 · № 562 · Күчүн жоготкон
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон