Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары , Өкмөт Үйү 2006-жылдын 2-августу №552
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков
тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты С.Ш.Жеенбеков тарабынан демилге кылынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт. Мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-пункту боюнча "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 9-статьясынын 36-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясында келтирилген негизги каражаттардын аныктамасы салык төлөөчүлөрдүн - Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттеринин бардык категорияларына жайылтылат, ушуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаттарын бөлүү ашыкча чара болуп саналат. Мындан тышкары "бир жылга чейин же андан ашык колдонулган, наркы 10 000 сомго чейин же андан ашык, алып келүүдө 100 000 сомго чейин же андан ашык" айыл чарба өндүрүшүнүн негизги каражаттарынын көрсөтүлгөн белгилери негизги каражаттардын өзүнүн түшүнүгүнө каршы келет, анткени мында негизги каражаттардын бардык белгилери - пайдалануу мөөнөтү, ошондой эле наркы жагынан да жокко чыгат.
Мыйзам долбоорунун 1-статьясыныи 2 жана 3-пункттары боюнча. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 148-статьясынын 2-бөлүгүнүн сунуш кылган өзгөртүү мааниси боюнча бул бөлүктүн колдонуудагы редакциясында колдоого алынгандай айыл чарба өндүрүшчүлөрү үчүн гана эмес, айыл чарба өндүрүшү үчүн жабдууларды сатуучу ортомчу ишкерлер үчүн да ыњгайлуу шарт түзөт. Мында сунуш кылынган өзгөртүүгө ылайык айыл чарба багытындагы жабдууларды андан аркы берүүлөр КНС алынуучу берүүлор боло тургандыгын эске алуу керек. Демек, сунуш кылынган салыктык жењилдетүү ортомчу фирмалар үчүн арналган. Мындан тышкары айрым чарбакер субъекттерге берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган ар кандай салыктык жењилдиктер салык салуу принциптеринин бирин - бардык чарбакер субъекттер үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдей шарттарын түзүүнү болжолдогон акыйкаттык принцибин жана салыктар менен төлөмдөр айрым субъекттердин nprnqsmd` акыйкат жана бирдей бөлүштүрүлүүгө тийиштүүлүк принцибин бузууга алып келе тургандыгын белгилей кетүү керек. Экономикалык иш- аракеттин бир түрүнө салыктык жењилдиктерди берүү менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга жетишүү үчүн иш-аракеттин башка түрлөрү үчүн салыктык жана бажылык төлөмдөрдү жогорулатууга мажбур болот. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон