Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 2 апреля 2015 года № 180 "Об условиях оплаты труда работников Агентства по гидрометеорологии при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики, не относящихся к категории государственных служащих"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-04-02.
КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-апрели № 180 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 8-июлундагы № 502
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын тартипке келтирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу жана «Социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабырындаты №561 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасьшын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин
Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо
министрлигинин системасындагы кызматкерлерге эмгек акы төлөөнү тартипке салу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998- жылдын 30-сентябрындагы №634 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом 2006-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдагы 8 -июлундагы №502 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 «Социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык иштелип чыккан. Бул жобо 2006 жылдын 1- июлунан баштап колдонууга киргизилет. Кыргыз Республикасынын Өзгечө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча башкы башкармалыгынын (мындан ары - Кыргызгидромет) кызматкерлеринин кызматтык маяналары жана ставкалары №1, 2, 3, 4 жана 5 тиркемелерге ылайык тарифтик разряддардын негизинде белгиленет.
1. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акынын
өлчемдерү
1. Кыргызгидрометтин кызматкерлери үчүн үстөк акы алууга укук
берүүчү иш стажына жараша кызматтык маянасына иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:
______________________________________________________________________
| Иштеген жылдары үчүн үстөк | Айлык кызматтык маянасына үстөк |
| акы алууга укук берген иш | акынын өлчөмү (процент менен) |
| стажы |
2 жылдан ашык 8 5 жылдан ашык 10 10 жылдан ашык 15 15 жылдан ашык 20 20 жылдан ашык 25 25 жылдан ашык 30 30 жылдан ашык 35 35 жылдан ашык 40 ______________________________________________________________________
2. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк
акы алууга укук берген иш стажын эсептөө
2. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы алууга укук
берген иш стажына ээлеген кызматыња карабастан Кыргыэгидрометге иштеген баардык мезгнл кирет.
3. Кыргызгидрометке биринчи жолу жумушка кирген кызматкерлерге
иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы алууга укук берген стаж жаныдан жумушка кирген учурдак баштап эсептелет.
4. Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянасына үстөк акы алууга укук
берген иш стажына төмөнкүлөр кошулат:
- офицердик курамдагы адамдардын, прапорщиктердин, мичмандардын
жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөенөтүнөн ашык кызмат кылган аскср кызматчыларынын анык кызматта болгон мезгили;
- эгерде кызматкер аскер кызматына чакырылганга чейин
Кыргызгидрометтин мекемелери менен уюмдарында иштесе жана запаска бошоп келгенден кийин жолдо жүргөнүн эсептебегенде үч айдын ичинде ошол эле уюмга иштегенге кайтып келсе, мөөнөттүү анык аскер кызматында болгон мезгили;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын башкаруу
органдарында, соттордо жана прокуратура органдарында иштеген мезгили;
- бир жарым жашка чыкканга чейин баласын багуу үчүн жарым-жартылай
төлөнүүчү отпускада болгон жана баласы үч жашка чыкканга ченин эмгек акы төлөнбөстөн кошумча отпускада болгон мезгили;
- 1992- жылдын 1- январына чейин партиялык, советтик, комсомолдук
жана профсоюз органдарында бошотулган кызматгарда иштеген мезгили.
3. Иштеген жылдары үчүн ай сайын бернлүүчү үстөк акыны эсептөө
жана төлөп берүу
5. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы, үстөк
акылар менен кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан негизги иши боюнча кызматтык маянасынын негизинде аныкталат.
6.Календардык айдын ичинде кызматтык маянасынын өлчөмү өзгөргөндө,
же иштеген жылдары үчүн үстөк акынын өлчөмүнө таасир тийгизүүчү стажы өзгөргөн учурда ан сайын берилүүчү үстөк акынын жаны өлчөмү ал өзгөрүү болгондон кийинки айдын 1- күнүнөн баштап белгиленет.
7. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы Кыргыз
Республикасынын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык, отпуск убактысы үчүн, ишке жарамсыз мезгили үчүн, мамлекеттнк пенсия дайындоодо, мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарган мезгили үчүн кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акыны эсептөөдө эске алынат.
8. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы
белгиленген өлчөмдө ар бир өткөн ай үчүн эмгек акы берилген күнү төлөнөт.
9. Карылыгы же майыптыгы боюнча пенсияга кеткендишне байланыштуу
ишин таштаган, Медицина-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу боюнча башка ишке которулган, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө аскердик кызматка чакырылган, шайлануучу кызматка шайланган, окууга өткөн, катары менен төрт айдан ашык созулган оорусуна байланыштуу иштен бошогон, уюштуруп топтоо иретинде же коомдук чакырык боюнча ишке жөнөтулгөн, кызматкерлердин же кызмат орундарынын саны кыскарган, ишкана жоюлганда бошогон кызматкерлерге, ошондой эле бала төрөгөндүгүнө байланыштуу ишин таштаган жана баласы 14 жашка чыкканга чейин же майып - баласы 18 жашка чыкканга чейин баккандыгына байланыштуу эмгек келишимин бузган аялдарга, өлгөн кызматкердин үй-бүлөсүнө иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы иштеген убактысына тењдештирип биротоло эсептешүүдө төлөнөт.
4. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк
акы алууга укук берген иш стажын белгилөөнүн тартиби
10. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы телөө үчүн
иш стажысы иш стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы Кыргызгидрометтин жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
11. Иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөк акы төлөө үчүн
иш стажы эмгек китепчесиндеги жазуулардын негизинде аныкталат. Андай жазуу жок болсо же анда туура эмес жазылса иш стажын ырастоо үчүн маалымкаттар, буйруктардан көчүрмөлер, жеке эсеп жана иш мезгили жөнүндө маалыматтарды камтыган башка документтер кабыл алынат.
12. Иштеген жылдары үчүн үстөк акы алууга укук берүүчү иш стажын
белгилөө жөкүндө комиссиянын чечими протокол менен таризделет,
13. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү иштеген жылдары үчүн ай сайын
берилүүчү үстөк акыны эсептөө үчүн бухгалтерияга жана өздүк ишке тиркөө жана кызматкерди тааныштыруу үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
II. Сыйлык берүү шарты
14. Белгиленген тапшырмаларды, кызматтык милдеттерин өз убагында
жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн эмгегине материалдык жактан дем берүү максатында кварталдын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сыйлык берилет.
15. Төлөнгөн үстөк акыларды эске алуу менен эмгек акынын төрт
айлык фондунун өлчөмүндө бул максаттарга каражат жумшоо менен жетекчилерге өз кызматкерлерине сыйлык берүү укугу берилген (адистер менен кызматчыларга сыйлыктын конкреттүү өлчөмү жалпы иштин натыйжасына алардын кошкон садымына ылайык аныкталат жана максималдуу өлчөм менен чектелбейт). Начальникке жана анын орун басарларына сыйлык берүү алар жетектеген жамаатка сыйлык берүү менен бир учурда жүргүзүлөт.
16. Кыргызгидрометтин айрым кызматкерлери өзгөчө маанилүү жана
жооптуу тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы жана жеке демилге көрсөткөндүгү үчүн сыйланышы мүмкүн.
17. Кыргызгидрометтин кызматкерлерин сыйлоо үчүн отчеттук
мезгилден кийинки айдын 5-күнүнө чейин тийиштүү бөлүмдөрдүн жетекчилери сыйлык берүү, айрым кызматкерлерге сыйлыктын өлчөмүн азайтуу же ажыратуу жөнүндө анын себебин кат жүзүндө көрсөтүү менен сунуш киргизет.
18. Сыйлык берүүгө сунуш кылынган материалдар Кыргызгидрометтин
жетекчиси тарабынан каралат жана буйрук чыгарылат.
19. Кыргызгидрометтин кызматкерлери тартип бузган мезгилдин
ичинде өндүрүштүк жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн толугу менен же жарым жартылай сынлыктан ажыратылат.
III. Кызматкерлерге материалдык дем берүү
20. Кыргызгидрометтин кызматкерлерине эсептелген үстөк акыларды
эске алуу менен эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө ден соолугун ондоо үчүн эмгек отпускасына кошумча төлөнүүчү материалдык жардам берилет.
21. Кыргызгидрометтин жетекчисине өзгөчө маанилүү иш
аткаргандыгы жана чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматкерге кызматтык маянанын 50%ке чейинки өлчөмүндө үстөк акы белгилөөгө укук берилет. Аталган үстөк акы тапшырма өз убагында аткарылбаса, иштин сапаты начарласа жана эмгек тартиби бузулса алып салынат же азайтылат.
№1 тиркеме
Кыргызгидрометтин системасындагы жетекчилердин эмгек акысынын тарифтик разряды ______________________________________________________________________
| Кызматтардын кесиптик- | Квалификациялык | Эмгек акынын |
| квалификациялык топтору | талаптар | разряддары |
| Начальниктер: | ||
| - гидрометеорологиялык | Кесиптик жогорку | 14 |
| байкоолор, болжолдоо жана | билим жана инженер- | |
| маалыматтык камсыз кылуу | техникалык жетекчи | |
| башкармалыгынын | кызматта кеминде 5 | |
| жылдык иш стажы | ||
| - жаратылыш чөйрөсүн байкоо | ||
| жана анын радиоактивдүүлүгу | ||
| жана булганышы жөнүндө | ||
| маалымат башкармалыгынын | ||
| - кар көчкүсүнө каршы | ||
| коопсуздук башкармалыгынын | ||
| - байланыш жана маалымат | ||
| башкармалыгынын | ||
| - техникалык каражат жана | ||
| өлчөө каража ттары | ||
| башкармалыгынын | ||
| - башкармалыктардын | Кесиптик жогорку | 13 |
| курамындагы бөлүмдөрдүн | билим жана инженер- | |
| гидрометеорологиялык, | техникалык жетекчи | |
| обсерваториялардын, | кызматта кеминде 5 | |
| гидрометеорология боюнча | жылдык иш стажы | |
| облустук борборлордун, | ||
| гидрометеорологиялык | ||
| адистешкен экспедициянын | ||
| Начальниктер: | ||
| - материалдык - | Жогорку же кесиптик | 12 |
| техникалык жабдуу, транспорт | орто билими | |
| жана | жана | |
| ремонттоп- калыбына | инженер - техникалык | |
| келтирүү | кызматта кемнде 3 | |
| партиясынын бөлүмдөрүнүн | жылдык иш стажы | 11 |
| - адистешкен станциялардын | Жогорку же кесиптик | |
| (кар-көчкү, аэрологиялык, | орто билими | |
| көл, | жана | |
| комплекстүү) | инженер - техникалык | |
| отряддын, | кызматта кеминде 3 | |
| экспедициянын, камсыздоо | жылдык иш стажы | |
| базалардын | ||
| Начальниктер: | ||
| -I разряддагы | Кесиптик орто билими | 11 |
| II разряддагы гидрологиялык | жана техникалык | 10 |
| станциялардын | кызматта кеминде | |
| 3 жылдык иш стажы | ||
| -II разряддагы | ||
| метеорологиялык | ||
| станциялардын. | 10 | |
| - радиостанциялардын, | ||
| байланыш аппараттарынын | 10 | |
| _____________________________ | _______________________ | __________________ |
Эскертүү: Жетекчилердин орун басарларынын, башкы инженерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмү тийиштүү жетекчинин кызматтык маянасынан 5-10 %ке төмөн белгиленет.
№2 тиркеме
Жогорку жана кесиптик орто билимдү, бардык аталыштагы адистердин эмгек акысынын тарифтик разряды _______________________________________________________________________
| Кызматтардын | Квалификациялык | Эмгек акынын |
| кесиптик квалификациялык | талаптар | разряды |
| топтору | ||
| 1. Жогорку билимдүу | Кесиптик жогорку билим | |
| адистер: | жана I категониядагы | 11 |
| - жетектөөчү: синоптик, | адистин кызматында кеминде | |
| метеоролог, гидролог, | 5 жылдык иш стажы | |
| электроник,аэролог,химик, | ||
| экономист, бухгалтер, | ||
| юристконсульт (жогорку | ||
| квалификациялык | ||
| категориялуу); | ||
| - адистер, синоптик, | ||
| метеоролог,гидролог, | ||
| аэролог, химик, | Кесиптик жогорку билим жана | |
| экономист, бухгалтер, | II категориядагы адистин | |
| юрисконсульт | кызматында кеминде 3 | |
| жылдык иш стажы | ||
| Кесиптик жогорку билим | ||
| жана адистин кызматында | ||
| кеминде 3 | ||
| I категория | жылдык иш стажы | 10 |
| 9 | ||
| II категория | Иш стажысына талап | 8 |
| коюлбастан кесиптик | ||
| категориясыз | жогорку же кесиптик орто | |
| билими жана I категориядагы | ||
| техниктин кызматында | ||
| кеминде 5 жыддык иш стажы | ||
| 2. Кесиптик орто билими | ||
| бар адистер: | ||
| жогорку квалификациялык | Кесиптик орто билими | 8 |
| категориядагы | жана I категориядагы | |
| (радиолокация боюнча | техниктин кызматында | |
| улук элсктромеханик, | кеминде 5 жылдык иш стажы | |
| техник, синоптик, химик, | ||
| метеоролог, гидролог, | Кесиптик орто билими жана | 7 |
| агрометеоролог, аэролог. | II категориядагы техниктин | |
| кызматында кемннде 2 | ||
| I категория | жылдык иш стажы | |
| II категория | Кесиптик орто билими жана | 6 |
| техниктин кызматында | ||
| кеминде 2 жылдык иш стажы | ||
| категориясыз | Иш стажысына талап | 5 |
| коюлбастан кесиптнк орто | ||
| билими | ||
| _________________________ | ___________________________ | ______________ |
Эскертүү:
1. Жетектөөчү адистин кызматтары Кыргызгидрометтин борбордук
аппаратында, гадрометеорологиялык байкоо жүргүзүү, болжолдоо жана маалыматтык камсыздоо башкармалыгында, жаратылыш чөйрөсүнө байкоо жүргүзүү жана анын радноактивдүүлүгү жана булганышы жөнүндө маалымат берүү башкармалыгында, кар көчкүсүнө каршы коопсуздук башкармалыгында, байланыш жана маалымат башкармалытында киргизилет.
2. үстөк акы жана кошумча акы төмөнкүлергө киргизилет:
- чет тилди билген жана аны күндөлүк ишинде колдонгон
кызматкерлерге бир тял билгендиги үчүн кызматтык маянанын 10%, эки жана андан ашык тил билгендиги үчүн 15% өлчөмүндө;
- Кыргызгидрометтин бөлүмдөрүнө өндүрүштүк практикадан өтүүгө
жиберилген студенттер менен практикалык сабак өткөн адистерге кызматтык маянанын 10% өлчөмүндө;
- өзүнүн негизги ишин аткаруудан бошотудбай туруп, негизги иши
менен катар башка адистик, квалифнкация же кызмат богонча кошумча иштерди аткарган кызматкерге кесиптерди (кызматтарды) айкалыштырып иштегендиги же убактылуу жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөнөт, анын өлчөмү жумуш берүүчү менен кызматкердин макулдашуусуна ылайык белгиленет, бирок айкаштырып иштеп жаткан жумуштун ставкасынын (маянанын ) 30%нен кем болбоого тийиш (Кыргаз Республикасынын Эмгек кодексинин 167 -статьясы).
- оор иш, зыяндуу, коркунучтуу жана бөлөк өзгөчв шарттардагы
иштерде, өзгөчө климаттык шарттардагы иштерде иштегендиги үчүн эмгекке акы төлөө Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары аныктаган тартипте жогорулатылган өлчөмдө төлөнөт (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 — статьясы).
- өзүнүн негизги ишинен бошотулбастан жумушчулардын ичинен чыккан
бригадирлерге бригадага жетекчилик кылгандыгы үчүн бригаданын саны 5 киши жана андан ашык болсо тарифтик ставканын 10% өлчөмүндө кошумча төлөнөт;
- тоолордо кар өлчеө, мөњгүлөрдүн, селдин, кар көчкүлерүнүн
топтолушуна, кыймылына байкоо жүргүзүү, жасалма жол менен кар көчкүлөрдү көчүрүу жана гидрометеорологиялык процесстерге активдүү таасир тийгизүү боюнча ишке түздөн-түз катышкан убактысы үчүн кызматтык маяна 30%ке жогорулатылат;
- түн ичинде, дем алыш, жумушчу эмес жана майрам күндөрүндө
иштеген иши үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиния 169 жана 175 статьяларына ылайык өлчөмдө төлөнөт.
3. Борттук байкоочу катары самолеттун (вертолеттун) бортунда иш
аткарылганда учуу убактысы үчүн акы учуучу аппараттын командиринин эмгек акысы үчүн каралган эсептик ставканын километр / саатыныв 60% өлчөмүндө төлөнөт.
№3 тиркеме
Кыргызгидрометтин системасынын айдоочуларынын жана автотранспорт кызматкерлеринин эмгек акысынын тарифтик разряды _____________________________________________________________________
| Кызматтардын кесиптик- | Эмгек акынын |
| квалификациялык топтору | разряды |
| Автотранспорпун диспетчери (орто | 7 |
| билим жана автотранспортгу оперативдүү | |
| башкаруу иш стажы кеминде 3 жыл) | |
| Бардык типтеги жана маркадагы жүк | 6 |
| көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки жүк | |
| ташуучу автомашиналардын айдоочулары | |
| Жењил автомашиналардын, жүк | 7 |
| көтөрүмдүүлүгү 3 тоннадан 10 тоннага | |
| чейинки автомашиналардын, авто жүк | |
| жүктөгүчтөрдүн, атайы автомобилдердин | |
| айдоочулары | |
| __________________________________________ | __________________________ |
Эскертүү: - бардык түрдөгү автомобилдердин айдоочуларына категориялуулугу үчүн төмөнкү өлчөмдө үстөк акылар төлөнөт: I класстагы айдоочуларга айдоочу катары өтөгөн мөөнөтү үчүн белгиленген тарифтик ставканын -25% өлчөмүндө жана II класстагыларга -10% өлчөмүндө;
- жењил автомобилдердин, ошондой эле иликтөө партиясындагы
экспедициянын автомобилдеринин айдоочуларына талаа шартында иштеген мезгили үчүн айлык тарифтик ставканын 25%ке чейинки өлчөмүндө нормаланбаган жумуш күнү үчүн үстек акы белгиленет;
- слесардык иши үчүн автомашинанын иштеген мөөнөтүнө жараша айлык
тарифтик ставканын 15%тен 30%ке чейинки өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;
- жүк жүктөп - түшүрүү иши үчүн айлык тарифтик ставканын 20%
өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт.
№4 тиркеме
Жумушчуларга жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөөнүн тарифтик разряддары ______________________________________________________________________
| Кызматтардын кесиптик- | Эмгек акы төлөө |
| квалификациялык топтору | разряддары |
Радиооператор 5 Iкласстагы 4 II класстагы 3 III класстагы
Фотооператор I класстагы 4 II класстагы 3 III класстагы 2
Байланыш оператору I класстагы 4 II класстагы 3
ЭЭМдин оператору (кесиптик 4
- орто билим)
Гидрометеорологиялык 4 посттордун, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына байкоо жүргүзүүчү пункттардын байкоочулары
Электромонтер, басуучу, 2-6 слесарь - сантехник, столяр, жыгач уста
Газогенераторщик 2-5
Слесарь 1-6
Бетончу, кагаз кесүүчү 1-5
Көмөкчү жумушчу, кароолчу, 1-2 кызматтык жайларды, өндурүштүк жайларды тазалоочу, вахтер
- Чабарман, короо шыпыруучу 1
___________________________________________________________________
Эскертүү: Дезинфекциялык каражаттарды пайдаланган өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочуга айлык маянасы 10%ке көбөйөт. Гидрометеорологиялык посттордун жана жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына байкоо жүргүзүүчү пункттардын байкоочуларынын кызматтык маянасына ар жумадагы дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн кошулган. ЭЭМднн операторлорунун (ЭЭМ дисплейлери менен иштөө) айлык маянасына тариф ставкасынын 25% өлчөмундөгү кошумча акы белгиленет.
№5 тиркеме
Кыргызгидрометтин суу флотунун кемелеринде сүзүүчү курамга эмгек акынын жана квалификациялык талаптардын тарифтик разряддары ______________________________________________________________________
| Кызматтардын | Квалификациялык | Эмгек акы төлөө | |
| кесиптик | талаптар | разряды | |
| - квалификациялык | ---------------------------- | ||
| топтору | «Шторм» | «Мөлтүр» | |
| А. Командалык | Жогорку кесиптик | ||
| курам: | билими жана инженердик | ||
| техникалык кызматтагы | |||
| - капитан | 3 жылдан кем эмес | 10 | 12 |
| стажы | |||
| - сменалык | - | 10 | |
| капитан, I | 9 | ||
| штурман, | |||
| механик | |||
| сменалык механик | 9 | 9 | |
| Б. Катардагы | |||
| курам: | |||
| - I класстагы | 6 | 6 | |
| матрос | |||
| повар | 4 | ||
| __________________ | ______________________ | _______________ | _____________ |
Эскертүү: Ысык-Көлдүн гидрометеорологиялык режимин изилдеген «Мөлтүр» жана «Шторм» кемелерин, аларды пандалануудан чыгаруу менен оњдоо учурунда кемени ондоо жана тейлөө үчүн калтырылган экипаж мүчөлөрүнө кызматтык маянасынан 100% төлөнөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Положение об условиях оплаты труда работников Главного управления по гидрометеорологии Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 08.07.2006 · № 502
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 02.04.2015 · № 180 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги №180 токтомуПостановление · 02.04.2015 · № 180
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 30 сентября 1998 года N 634 "Об упорядочении оплаты труда работников системы Министерства охраны окружающей среды Кыргызской республики"Постановление · 30.09.1998 · № 634
- Положение об условиях оплаты труда работников Главного управления по гидрометеорологии Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики (Утверждено постановлением…Положение · 08.07.2006 · № 502
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин мамлекеттик кызматчылардын…Постановление · 02.04.2015 · № 180 · Күчүн жоготкон