Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын КОНЦЕПЦИЯСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 6-майындагы № 324
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү
мамлекеттик саясаттын
КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
Кыргыз Республикасында динге жана дин уюмдарга карата мамлекеттик
саясат Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Жарандардын укуктарынын
жалпы декларациясынын", "Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык
пактынын", "Диний негиздеги ишенимдердин, келишпестиктердин жана кем-
синтүүлөрдүн бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө декларациянын", "Жарандардын
укугун жана негизги эркиндиктерин коргоо жөнүндө Европалык конвенция-
нын" принциптеринн жана нормаларына, ОБСЕнин адамдардын дин тутуу эр-
киндигине тийиштүү милдеттенмелерине жана стандарттарына жана Кыргыз
Республикасы ратификациялаган жана адамдын дин тутууга жана диний ише-
нимдерин билдирүүгө фундаменталдуу укуктарына тийиштүү башка эл аралык
документтерге негизделет. Бул документтер мамлекет тарабынан жарандар-
дын динге ишенүү эркиндигине укугу сакталышын камсыздоого милдетин бе-
китет, мамлекеттик органдар өздөрүнүн диний уюмдар менен өз ара мамиле-
син ушунун негизинде жүргүзүшөт.
Бул Концепцияда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
дин тутуу - кайсы бир динге таандыктык;
конфессия - диний багыттарга ылайык келүүчү түшүнүк, анын аныктоо-
чу фактору диний окуу болот;
- зыяраттарга, кудайга сыйынууга жана ди-
ний чогулуштарды өткөрүүгө, диний расымдарды (ажылык) жасоого арналган
объект;
миссионердик иш - диний-агартуучу ишмердик аркылуу кайсы бир дииди
түшүндүрүү жана таратуу;
салттуу эмес культтар (диндер) - XX кылымдын 60-70-жылдарынан баш-
тап жаралган диний жањы агымдарды жана культтарды билдирүү үчүн жалпы-
лоочу түшүнүк;
дин - кудайга ишенүүгө негизделген көз караш, ошондой эле ага жа-
раша жүрүм-турум жана иш-аракеттер;
диний жањжал - адамдардын, топтордун же жамааттардын диний окуу,
диний ишмердик, культ, диний уюмдун уюштуруу принциби ж.у.с. маселелер-
деги ар башка позицияларынан улам кагылышуусу;
диний экстремизм - дин тутууда турган түзүлүштү конституцияга кар-
шы өзгөртүүнү, мамлекеттин бүтүндүгүн жана коопсуздугун бузууну, соци-
алдык, расалык, улуттук, диний, катмардык жана уруулук жаатташууну ту-
тантууну, ошондой эле адамды бузууну, анын ден соолугуна жана өмүрүнө
коркунуч келтирүүнү көздөгөн ашыкча көз караштарга ыктоо;
диний билим берүү - дин кызматкерлерин даярдоо боюнча окутуучу
программаларды ишке ашыруучу, ошондой эле диний-агартуу иштерин
жүргүзүүчү ар түрдүү окуу жайлар аркылуу алынчу тийиштүү билим;
диний эмес мамлекет - дин жагынан нейтралдуу, эч бир динди расмий
идеология катары кабыл албаган, өзүнүн жарандарына дүйнөгө көз караштын
эркиндигин камсыздаган мамлекет;
динге ишенүү эркиндиги - адамдын дүйнөгө көз карашты эркин тандоо-
до башка адамдардын жарандык укуктарын жана эркиндиктерин чектебөөчү же
аларды жок кылбоочу негизги ажыратылгыс укугу. Дин тутуу эркиндиги баш-
калардын эркиндиктерине жана кадыр-барктарына кысым кылбастан ар кандай
динге жеке же башкалар менен бирдикте ишенүүгө же эч бир динге
ишенбөөгө, диний же башка ишенимин эркин тандоого, алмаштырууга жана
таратууга жана ага ылайык аракеттенүүгө болгон укукту кошо камтыйт;
дин тутуу эркиндиги - динге ишенүү эркиндигинин зарыл жана ажыра-
гыс элементи, ал: адамдын кайсы динди болсо да тутунуу же өзүнүн диний
ишенимдерин алмаштыруу укугун; тигил же бул динге таандыктыгына кара-
бастан ар кимдин бардык саясий жана жарандык укуктарды жана эркиндик-
терди пайдалануу мүмкүндүгүн камтыйт;
мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилеси (мамлекеттик-конфесси-
ялык мамиле) - бир тараптан мамлекеттик институттардын, экинчи тараптан
- конфессиялык кошуундардын (диний бирикмелердин, рухий-администрация-
лык борборлордун, конфессиялык мекемелердин) өз ара байланыштарынын жа-
на мамилелеринин тарыхый калыптанган жана өзгөрүп туруучу формаларынын
жыйындысы. Мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилесинде мамлекеттин
дин тутуу саясаты практикалык жактан ишке ашат.
Динге жана диний уюмдарга карата мамлекеттик саясатты ишке ашыруу-
да бул демократиялык жана укуктук мамлекеттин жолунда ишенимдүү турган
Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги жана өзгөчө
курамдык бөлүгү экени жана мамлекеттин эл аралык аброю, коомдогу морал-
дык психологиялык абал жана стабилдүүлүк көп жагынан ошого жараша боло-
ору эске алынышы керек.
Республикабыздын көз каранды эмес жылдарында дин ишмердүүлүгү ли-
бералдаштырылып, дин уюмдарында социалдык, өндүрүштүк чарбалык жана ди-
ний эмес ишмердүүлүктөрдөгү өзүн актабаган бардык тоскоолдуктар алынып
салынды.
Мамлекеттик-диний цивилизациялуу байланыштардын өнүгүшүнө негиз
салынып, мамлекет менен диний уюмдардын иштиктүү байланыштары жөнгө са-
лынууда. Кыргызстандын тажрыйбасын көптөгөн, анын ичинде өнүккөн демок-
ратиялуу өлкөлөр изилдеп үйрөнүшүүдө, айрым эксперттер Кыргызстандын
аймагында жүргүзүлүп жаткан дин саясатын кыйла ийгиликтүү деп эсеп-
тешүүдө.
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын
концепциясы (мындан ары - Концепция) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
бийлик органдары менен Кыргыз Рсспубликасында иштеп жаткан диний бирик-
мелердин ортосундагы мамиленин абалына карата расмий көз караштардын,
максаттардын принциптердин жана негизги тапшырмалардын жалпылыгын ча-
гылдырат.
Концепция Кыргыз Республикасында маданий мейкиндиктердин биримди-
гин, эгемендүүлүгүн, адамдын жана жарандын укугун, эркиндиктерин, анын
ичинде дин тутуудагы эркиндигин, ошондой эле жарандардын кызыкчылыкта-
рынын тењ салмагын камсыздоо зарылдыгына таянат.
Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалга баяндама
Маселенин тарыхы
Кыргызстанда мамлекет менен диний уюмдардын өз ара байланышынын
өнүгүшүндө көп конфессиялуу мейкиндиктин өнүгүшүнө негиз түзүүчү таасир
тийгизген бир нече этап бар.
Биринчи этап - республикада демократиялык өзгөрүүлөрдүн башталышы,
демократиялык мамлекетти куруу. Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын
16-декабрындагы "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Мыйза-
мынын кабыл алынышы. Дин тутуу эркиндиги биринчи жолу мыйзам түрүндө
жарыяланып жана бекемделген.
Экинчи этап - дин уюмдарына жана динге карата мамлекеттик саясат-
тын нормативдик укуктук базасынын түзүлүшү. 1993-жылдын 5-майында Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышы.
Үчүнчү этап - мамлекеттик-конфессиялык байланыштардын калыптанышы
жана өнүгүшү, бардык жарандардын, динге ишенгендердин жана ишенбеген-
дердин кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды бекитүү, мамлекеттик са-
ясаттын дин чөйрөсүндвгү кырдаалга активдүү таасир этүү процессинин
башталышы. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 14-ноябрын-
дагы "Кыргыз Республикасынын жарандарынын абийир эркиндигинин жана дин
тутуу эркиндигинин укуктарын ишке ашыруунун чаралары жөнүндө" Жарлыгы-
нын кабыл алынышы.
Төртүнчү этап - мамлекеттик-диний мамиленин, мамлекеттик бийлик
органдары менен диний бирикмелердин мамилесинин абалын, бул чөйрөдөгү
максаттардын, принциптердин жана негизги милдеттердин биримдигинин маз-
мунун бирдиктүү түшүнүү зарылдыгын коомдун динге ишенген жана ишенбеген
бөлүктөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен калыптандыруу. Көп конфес-
сиялуу коомдун конструктивдүү өнүгүшүнө тоскоол болгон проблемаларды
чечүү үчүн мыйзамдагы өксүктөрдү четтетүү зарылдыгы.
Диний кырдаалга талдоо
Кыргыз Республикасында көп конфессиялуу коом калыптанган. Кыргызс-
тандын жарандары динге мамиледе ар түрдүү ынанымдарды карманышат.
Өлкөбүздүн жарандарынын көпчүлүк бөлүгү анын аймагында көп кылымдан бе-
ри тарыхый жактан бекемделип, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүндө
белгилүү тарыхый ролду ойногон динди тутушат. Исламдын жана православи-
енин бириктирүүчү ролунун аркасы менен Кыргызстандын аймагында жашаган
элдердин улуттук маданияттарынын уникалдуу биримдиги жана көп тараптуу-
лугу сакталып калган.
Социалдык жана маданий көрүнүш катары кызыгуунун жапырт өсүшү,
диндин жана диний уюмдардын өткөндөгү жана азыркы учурдагы ролуна баа-
нын өзгөрүшү алардын абройунун өсүшүнө, коомчулуктун алдында ишенимдин
дењгээли жогорулашына алып келди. Бул элде диний уюмдар коомдогу кри-
зистен чыгууга жардам кылуучу, элди кооптондурган тигил же бул процесс-
терге жакшы таасир тийгизүүгө жарактуулугу жөнүндө айрым жагынан актал-
ган, кээ бир жактарынан ашыра бааланган үмүттөрдү жаратты.
Өткөн кылымдын 1990-жылдарында калктын динге ишеними көзгө
көрүнөрлүк өсүшү коомдун динге жана диний уюмдарга карата мамилесинин
өзгөрүшүнө маанилүү көрсөткүчү болду. Бул көрсөткүч бери дегенде үч
нерседен турат: биринчиси - өткөн жылдары өз динин ачык айтуудан корк-
кондор; экинчиси - динге кийинки жылдары гана ишене баштагандар, алар-
дын ичинде жаштар көп; үчүнчүдөн - динге ишенбесе да өзүнүн улуттук та-
андыктыгын тийиштүү бир диний салт менен байланыштыргандар.
Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук системаларды демократиялаш-
тыруу процесси өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн республикабызда диндер-
дин табигый өнүгүүсүнө шарт түздү, бул республикада жањыча диний кырда-
алдын жаралышына алып келди. Мамлекеттик атеизм саясатынын ордуна дин
маселесин демократиялык чечүү келип, көз карашты жана дин тутууну эркин
тандоого, өзүнүн динин эркин таркатууга мүмкүнчүлүктөр ачылды.
Мунун натыйжасында диний уюмдардын саны байкаларлык көбөйдү.
Кыргызстанда көз каранды эместик жана демократиялаштыруу мезгилин-
де адам укугунун жана эркиндиктеринин, динге ишенүүнүн жана мыйзамдын
бийлигинин бекем негизин түзүү үчүн реалдуу шарттардын камсыздалышы
диндин жана диний уюмдардын жакшы өнүгүшүнө шарт түздү. Он жылдын ичин-
де Кыргызстанда конфессиялык мейкиндиктин структурасы өзгөрдү.
Жыйырманчы кылымдын 90-жылдарынын башында негизинен эки дин: сун-
ниттик-ислам жана православиелик христиан диндери бар болчу (бирок, му-
рунку союздук мамлекеттин аймагында лютерандар, католиктер, евангелия-
лык христиан-баптистер, жетинчи күндүн адвентисттери, элүүнчүлөр, Иего-
ванын күбөлөрү да өз иштерин жүргүзүшүп келишкен).
Азыркы учурда биздин республика 30дан ашык ар кандай диндер жана
диний уюмдар иш жүргүзгөн көп диндүү өлкө болуп саналат. Мындай көп
конфессиялуулук, биринчиден, исламдын жана православиенин; экинчиден,
мурда расмий таанылбаган жана мамлекет тарабынан куугунтукталган бир
катар диний агымдар легалдашып, ишин кайра баштагандыктан; үчүнчүдөн,
"жањы", Кыргызстан үчүн салттуу эмес диндердин киришинен болууда.
Диний жањы абалдын түзүлүшү ар кандай багыттагы диний уюмдардын
эркин жана ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүдө.
Республикабызда көп конфессиялуу мейкиндик калыптанып, буга
дүйнөдөгү диндердин бардыгынын өкүлдөрү жана Кыргызстанда мурун болбо-
гон "жањы" диний уюмдар, кыймылдар жана топтор кирүүдө.
Өлкөбүздө конфессиялар жана диний уюмдар жањы өнүгүү багытына
түшүп, бардык жерлерде мечиттер, храмдар, чиркөөлөр, исламдын жана пра-
вославиенин сыйынчу үйлөрү эле эмес, христиандагы католиктик, протес-
танттык жана преситериандык багыттардын, Кыргызстан үчүн салттуу эмес
"жањы" дүйнөлүк диндердин жана диний уюмдардын да сыйынуу үйлөрү ачыла
баштады.
Эгер 1991-жылы Кыргызстанда 39 мечит (1000ге жакын мечит расмий
статусу жок иштеп келген), Орустун православ чиркөөсүнүн 25 храмы менен
приходу иштесе, бүгүнкү күндө Кыргызстанда баарынан чоњ конфессия ис-
лам, аны Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы жетектейт жана диний
багыттагы 1725 объектини бириктирип турат.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын курамында 7 облустук
казыят, Бишкек, Ош шаарларынын казыяттары, 1 университет, 6 институт,
Куранды үйрөтүү боюнча 45 медресе жана класстар, чет өлкөлүк конфессия-
лардын 3 миссиясы, 26 борбор, фонд жана бирикмелер бар, 1619 мечит жана
башкалар иштейт.
Христиан дининин багытында 343 диндик объект иштейт, анын ичинде
Орус православие чиркөөсүнүн 46 храмы жана приходдору, анын ичинде аял-
дардын 1 монастры, 1 православиелик чиркөө мектеби, православиелик ба-
гыттагы 2 диний уюм (эскиче ырымды карманган чиркөө), католиктердин 3
жамааты иштерин жүргүзүшүүдө. Протестанттык багыттагы 292 диний уюм,
анын ичинде 48 баптистик, 20 лютерандык, 45 элүүнчүлүк, 30 адвентист-
тик, 18 пресвитериандык, 16 харизматизм багытындагы, 41 иегованын
күбөлөрү, 22 протестанттык багыттагы деноминирленбеген диний уюмдар, 21
жањы диний агымдар, анын ичинде 12 "Бахаи" топтору бар. Ошондой эле чет
өлкөлүк диндердин 21 миссиясы, 13 окуу жайы, 7 борбор, фонддор жана би-
рикмелер, иудеисттердин 1 жамааты, 1 буддисттик топ бар.
1996-жылдан бери КМШ мамлекеттерин кошкондо дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн
Кыргызстандын аймагына диний иш жүргүзүү максатында келген 1137 чет
өлкөлүк жаран эсептик каттоого турган (кайра каттоодон өтүшкөн).
Диний уюмдарда акыркы жылдарда диний мазмундагы басылмалардын
көбөйгөнү мүнөздүү болуп калды, мезгилдүү басма сөз (журналдар, гезит-
тер ж.б.) чыгарылып жатат. Чет өлкөдөн да көп санда келүүдө.
Диний агымдарды жана диний уюмдарды басма сөздө пропагандалоонун
активдешкени бардык конфессияларга жана диний уюмдарга тийиштүү.
Кайрымдуулук иштер социалдык мааниге ээ, республикабыздагы конфес-
сиялардын жана диний уюмдардын көбү кайрымдуулук иш жүргүзүшөт, алардын
айрымдары муну өз жактоочуларын көбөйтүүнүн бир ыкмасы катары карашат.
Өлкөбүздөгү убактылуу социалдык-экономикалык кыйынчылыктардан пай-
даланып "жањы" чет өлкөлүк диний уюмдардын жана миссиялардын кызматчы-
лары айрыкча активдүү иштешип, өзүн жактоочуларды көбүрөөк тартуу үчүн
максат коюп иш жүргүзүшүүдө.
Диний кырдаал Кыргызстандагы социалдык-саясий жана экономикалык
абалына түздөн-түз байланыштуу экенин жана ошолор менен аныкталаарын
белгилеп коюу зарыл.
Өлкөнүн экономикасы оњолсо жана андан ары демократиялаштыруу менен
дин тармагындагы кооптондурган тенденциялар жок болушат. Тескерисинче,
бул чөйрөлөрдөгү иштердин начарлашы конфессиялардын ортосунда чыњалуу-
ларга шарт түзүп, диний экстремизмдин жана радикализмдин өсүшүнө алып
келет.
Диний кырдаалдын курчушу мамлекеттик уюмдардын алдына диний багыт-
тагы саясатты жүргүзүү боюнча оњой эмес милдеттерди коет. Мамлекет ме-
нен диндин ортосундагы өз ара байланыштар чөйрөсүндө мамлекеттик сая-
сатты жүргүзүүдө бул процесстерди эске алуу өзүнчө көњүл бурууну талап
кылат.
Негизги тыянактар
Буга чейин Кыргызстанда Диний уюмдар менен байланыш чөйрөсүндө
мамлекеттик саясаттын концепциясы болгон эмес. Бул концепцияны диний
кырдаалдын өзгөрүшү менен мамлекеттик-конфессиялык мамилени жањы, са-
паттуураак дењгээлге көтөрүүгө өтө зарылдык пайда болгондуктан иштелип
чыкты.
Концепция мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер менен
мамилесин нормативдик, укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, жарандардын,
коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын тењ салмагын камсыздоого,
адамдын дин тутууга жана ишенимин билдирүүгө укуктары жана эркиндиктери
сакталышына методологиялык негиз болууга арналган.
Концепция диндердин ортосундагы диалогду бекемдөөгө, коомду аби-
йирдик жана руханий жактан тарбиялоодо мамлекет менен диний бирикмелер-
дин ортосундагы өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө, ањ сезимде сабырдуу-
лукту калыптандырууга диний экстремизмдин, фундаментализмдин
көрүнүштөрүнө жана диний бузуку агымдарга каршы чараларды иштеп чыгууга
жана бөгөт коюуга арналган. Бул Концепция мамлекеттик-конфессиялык өз
ара мамилелердин механизмин мындан аркы калыптандырууга негиз болууга
тийиш.
Концепциянын максаттары жана милдеттери
Максаттары - конфессиялар аралык мамилелерди шайкеш келтирүү жана
коомдун биримдигин чыњдоо, диний эмес мамлекеттин диний бирикмелер ме-
нен мамилесин аныктоочу принциптерди сактоо, жарандардын дин тутууга,
ишенимдерин билдирүүгө жана дүйнөгө көз карашты тандоого фундаменталдуу
укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү.
Милдеттери - диний тиешесине карата кысымга алуунун бардык форма-
ларын болтурбоочу мамлекеттик-конфессиялык мамилени ишке ашыруу, кон-
фессиялар аралык жана этностор аралык диалогду чыњдоо, сабырдуулуктун
жана көтөрүмдүүлүктүн жалпы кабыл алынган принциптерин сыйлоо.
I. Кыргыз Республикасында мамлекет менен диний
бирикмелердин ортосундагы мамиленин абалы
Кыргыз Республикасында мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы
мамиленин абалы эл аралык укуктун адамдын фундаменталдуу укуктары тар-
магындагы жалпы таанылган принциптери менен нормаларына: Кыргызстанда
көп диндүү мейкиндиктин өнүгүүсүнө уютку болгон динге ишенүү жана дин
тутуу эркиндиктерине негизделген мамлекеттик демократиялык жана диний
эмес принциптер менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекет өзүнүн ай-
магында мыйзамдуу болгон ар бир адамга дин тутуу эркиндигин, анын ичин-
де кайсы динди болбосун карманууга же карманбоого, диний жана башка
ишенимдерди эркин тандоого жана таратууга жана ушуга ылайык аракет-
тенүүгө укугун гарантиялайт. Мында бул эркиндиктердин ишке ашырылышы
конституциялык түзүлүштүн негиздерине, башка адамдардын абийрине, ден
соолугуна, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө
же коркунуч туудурууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасында бул укуктар-
дын жана эркиндиктердин ишке ашырылышы диний уюмдарды мамлекеттен ажы-
ратуунун принцибине негизделет.
Бул өнүгүү "Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын жарандарынын
дин тутуу жана динге ишенүү укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар
жөнүндө" Жарлыгы менен шартталган.
Республикада мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамиленин
абалына төмөнкүдөй факторлор таасир этет:
- диний экстремисттик көрүнүштөр күчөшүнө, атап айтканда Борбордук
Азия регионундагы өлкөлөрдө күчөшүнө байланыштуу экстремисттик жана
фундаменталисттик идеялардын таратылышы, ар кандай бузуку диний жана
террористтик топтордун иштеринин активдешүүсү тынчсыздандырып жатат;
- жакынкы келечекте исламдагы деструктивдүү багыттар менен агым-
дардын кошулушу диний экстремизмдин идеяларын жайылтууну күчөтүүчү фак-
тор болуп калышы мүмкүн;
- айрым чет өлкөлүк диний уюмдар менен түрдүү фонддордун ишмердик-
тери тынчсыздандырат, алар республикадагы тарыхый жактан түзүлгөн дин
ишеними үчүн мүнөздүү эмес болгон өздөрүнүн башкача идеяларын жана ише-
нимдерин сињирүүгө аракеттенип жатышат. Бул келечекте конфессиялар ара-
лык жана конфессиялар ичиндеги тынчтыкка жана ынтымакка коркунуч тууду-
рушу мүмкүн;
- коом ден соолукка, адеп-ахлакка, укукка жана жарандардын мыйзам-
дуу таламдарына зыян келтирүүчү ар түрдүү деструктивдүү топтордун жана
окуулардын жайылышына жана киришине көбүрөөк тынчсызданып жатат.
Жогоруда аталган факторлор проблемалардын комплексин жаратып жа-
тат, аларды чечүү үчүн мамлекет Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык зарыл чараларды көрөт, атап айтканда:
- "Динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамынын жањы редакциясын иштеп чыгуу;
- диний кырдаалдардын өзгөрүп турган жерлерин эске алуу менен Кыр-
гыз Республикасынын жарандарынын дин ишенимине жана дин тутууга укукта-
рын ишке ашыруу боюнча кошумча чараларды түзүү.
Бул жалпысынан диний бирикмелердин ишмердиктери жана жарандардын
дин тутуу эркиндигине укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнү кам-
сыз кылат, бирок айрым проблемаларды чечүү үчүн диний бирикмелердин иш-
мердиктерин жана мамлекеттин диний бирикмелер менен мамилелерин диний
кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша мыйзамдык дењгээлде жөнгө салууну андан
ары өркүндөтүү зарыл.
Керектүү нормативдик укуктук базаны түзүү мамлекеттик бийлик ор-
гандарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук,
диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууга жана диний-адеп
ахлактык баалуулуктар системасынын девальвация болуу, коомдо диний экс-
тремизмдин активдешүү, коопсуздукка, ден соолукка, адеп-ахлакка, коом-
дун жана мамлекеттин таламдарына зыян келтирүү процесстерине бөгөт ко-
юуга мүмкүндүк берет.
II. Диний бирикмелер менен мамилелер чөйрөсүндөгү
мамлекеттик саясаттын негизги максаттары
жана принциптери
Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын
максаттары, принциптери жана мазмуну мамлекеттин динге ишенүү эркинди-
гине кепилдикти камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстан элинин ру-
хий-адеп-ахлактык потенциалын жана маданий мурастарын сактоо жана
өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин милдеттери менен
аныкталат.
Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын
негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасында коомдун рухий-адеп-ахлактык потенциалын
сактоо жана чыњдоо;
- динге болгон мамилелерге карабастан адамдын жана жарандын динге
карата ишенимине жана укуктары менен эркиндиктеринин тењдигине кепил-
дикти камсыздоо;
- социалдык туруктуулукту, диний бирикмелердин тынчтыкта болушун
колдоо, динге ишенүү эркиндиги маселесинде Кыргыз Республикасынын жа-
рандарынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана бири-би-
рин сыйлоого колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний бирикмелердин
эркин ишмердигине кепилдиктерди камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасында диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндө
мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- диний бирикмелерди мамлекеттен бөлүү принциби, мамлекеттин диний
эмес мүнөздөгү принциби, бул мамлекеттин төмөнкү шарттарды сактоону
камсыз кылышын көздөйт:
- эч кандай дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары белгиленбейт;
- диний бирикмелер мамлекеттик бийлик органдарынын иштерине кийли-
гишпейт, саясий партиялардын жана саясий кыймылдардын иштерине катыш-
пайт жана аларга материалдык жана башка жардамдарды көрсөтпөйт;
- мамлекет диний бирикмелердин диний ишмердиктерин каржылабайт,
бирок мында салттуу диний уюмдардын кайрымдуулук, маданий-агартуучулук
жана башка социалдык маанилүү ишмердиктерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- кайсы динди болсо да жекече же башкалар менен биргелешип тутуу
же эч кандай динди тутпоо укугун, ошондой эле диний жана башка ишеним-
дерди эркин тандоо, кармануу жана ага ылайык аракеттенүү укугун камсыз
кылууну билдирген дин ишенимине жана дин тутууга эркиндик принциби.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет ар бир адамдын
дин ишенүү эркиндигине кепилдикти камсыз кылат, буга төмөнкүлөр да кошо
кирет:
- адамдын жана жарандын динге болгон мамилесине, диний же коомдук
бирикмелерге таандыктыгына карабастан анын укуктарынын жана эркиндикте-
ринин тењдиги;
- жарандын дин ишениминин эркиндигине укуктарды Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдары, нормативдик укуктук актылары менен гана жана консти-
туциялык түзүлүштүн, адамдын жана жарандын адеп-ахлагынын, ден соолугу-
нун, укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын негиздерин коргоо, мамле-
кеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында зарыл болгон өлчөмдө гана
чектөө;
- жаш балдарды диний бирикмелерге тартууга, ошондой эле жаш бал-
дарды алардын эркине каршы жана алардын ата-энелеринин же аларды алмаш-
тыруучу адамдардын макулдугусуз динге окутууга тыюу салуу;
- диний бирикмелердин мыйзам алдында тењдик принциби, бул Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында бардык диний бирикмелер үчүн динге ишенүү
жана диний ишмердик жүргүзүү эркиндигине бирдей укуктук негиздерди жана
кепилдиктерди белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандан башка учурларда ди-
ний бирикмелердин ички иштерине, ошондой эле ички өз алдынча башкаруу-
суна мамлекеттин кийлигишпөө принциби, бул диний окуулардын, канонго
айланган эрежелердин, үрп-адаттардын, каада-салттардын жана диний иш-
мердиктин башка формаларынын мазмунуна кийлигишпөө талабын камтыйт;
- мамлекеттик бийлик органдары динге ишенүүчүлөрдүн диний сезимде-
рине урматтоо менен мамиле кылган шарттарда диний бирикмелердин Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын сактоосун мамлекеттик контролдоо принциби;
- мамлекеттин диний бирикмелер менен кызматташуу принциби, бул
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин диний бирикме-
лердин коомдук пайдалуу иштерине көмөк көрсөтүүсүнөн, тарыхый калыптан-
ган салттуу диний уюмдардын рухий жана маданий мурастарын сактоого
көмөк көрсөтүүсүнөн турат.
III. Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү
мамлекеттик саясаттын негизги милдеттери
Кыргыз Республикасынын диний бирикмелери менен мамиле чөйрөсүндө
төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу боюнча чаралар көрүлөт:
1. Дин тармагындагы укуктук чөйрөнү жөнгө салуу боюнча мамлекеттик
саясатта:
- динге ишенүү эркиндигине укуктук кепилдиктерди камсыз кылуу;
- мамлекет менен диний бирикмелердин ортосундагы өз ара мамилелер-
ди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү;
- жарандардын динге болгон мамилесине, анын ичинде алардын диний
таандыктыгына карабастан алардын укуктары менен эркиндиктеринин тењди-
гин мамлекет тарабынан кепилдикке алууну камсыздоо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер жана жарандык
коомдун башка институттары менен кызматташуусу аркылуу диний бирикме-
лердин тынчтыкта жанаша жашоосун жана улуттар аралык ынтымакты сактоо
үчүн шарттарды түзүү;
- түрдүү конфессиялардагы динге ишенүүчүлөрдүн, ошондой эле динге
ишенүүчүлөрдүн жана ишенбөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелерде коомдогу өз
ара сыйлашуу жана баарлашуу маанайын колдоого көмөк көрсөтүү;
- коомдун салттуу рухий-адеп-ахлактык баалуулуктарын кайра жарату-
уга жана сактоого кемөк көрсөтүү;
- жарандардын ден соолугуна, адеп-ахлагына, укуктарына жана мый-
замдуу таламдарына, конституциялык түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин
коопсуздугуна зыян же коркунуч келтирүүчү диний бирикмелердин ишмердик-
терине тыюу салуунун жана бөгөт коюунун натыйжалуу укуктук уюштуруу ме-
ханизмдерин түзүү;
- мамлекет диний экстремизмдин, диний касташуунун, динге
ишенүүчүлөрдүн диний сезимдерин мазактоочу көрүнүштөрдүн алдын алуу жа-
на болтурбоо боюнча чара көрүүсү жагында мыйзамдарды өркүндөтүү;
- диний бирикмелердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташы-
на, динге ишенүүчүлөрдүн билим берүү, саламаттык сактоо, ишке орношуу
жана коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүндөгү укуктарын жана мыйзамдуу
таламдарын укуктук коргоону камсыз кылууга мамлекеттик контролдун меха-
низмдерин өркүндөтүү;
- диний багыттагы объекттердин ачылышын тартипке салуу, контролсуз
курулушту болтурбоо боюнча нормативдик укуктук актыларды кабыл алуу.
2. Билим берүү жана маданият чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик билим берүү мекемелеринин иш-
мердиктеринин диний эмес мүнөзүн камсыз кылуу;
- жарандардын диний билим алууга укуктарын ишке ашыруунун укуктук
кепилдиктерин камсыздоо;
- мамлекеттик билим берүү мекемелеринде диндин тарыхы жөнүндө би-
лимдерди жайылтууга көмөктөшүү;
- Кыргызстан элдеринин диний маанидеги маданий мурас объекттерин
(тарых жана маданият эстеликтерин) сактоого, коомдо маданий баалуулук-
тарга сый мамиле кылуу атмосферасын түзүүгө көмөктөшүү;
- балдарды жана жаштарды рухий-адеп-ахлактык, укуктук жана патри-
оттук тарбиялоо милдеттерин жана башка коомдук маанилүү проблемаларды
чечүүдө мамлекеттин диний уюмдар менен кызматташуусу.
3. Кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө:
- диний бирикмелердин кайрымдуулук жана социалдык тейлөө
чөйрөсүндөгү иштерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте мамлекеттик колдоо көрсөтүү;
- турмуштук оор шарттарда калган жарандарга жардам көрсөтүү макса-
тында диний уюмдар тарабынан түзүлгөн социалдык тейлөө мекемелеринин
жана кайрымдуулук уюмдарынын иштерине, ошондой эле балдардын жана
өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун жана кароосуз калышынын алдын алуу,
үй-бүлө институтун чыњдоо, бањгиликтин, аракенчтиктин алдын алуу, эр-
киндигинен ажыратылган жайларда кармалган жана жамзасын өтөп бүткөн
адамдарды социалдык жактан реабилитациялоо боюнча иштерге колдоо
көрсөтүүгө өбөлгө болуучу укуктук шарттарды түзүү.
Бир жањсыл эмес бойдон турган жагдайды олуттуу жакшыртуу үчүн
төмөнкүдөй чаралардын комплексин ишке ашыруу зарыл, биринчи кезекте:
- тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, жер-жерлердеги
мамлекеттик бийлик органдарынын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу
жана координациялоону күчөтүү;
- жергиликтүү жамааттардын мобилизациялык ресурстарын жана потен-
циалын тартуу жана пайдалануу;
- жаш муундарды адеп-ахлактык тарбиялоо жана дүйнөгө көз карашта-
рын калыптандыруу боюнча кылымдардан бери келаткан салттарды жана адат-
тарды, этикалык принциптерди сактоо үчүн атайын программаларды кылымдар
бою түзүлгөн тарыхый-маданий башаттарды эске алуу менен иштеп чыгуу за-
рыл.
IV. Мамлекеттин салттуу (тарыхый калыптанган)
диний уюмдар менен мамилеси
Мамлекет мыйзам алдында диний бирикмелердин тењ укуктуу экендигин
белгилеп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диний уюмдар менен
кызматташуунун формаларын жана чектерин тандайт, мында белгилүү диний
уюмдарга таандыктыгын же артык санаган мамилесин билдирген Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарынын санын эске алат.
Ушулардын негизинде жана тарыхый салттарды жана бүгүнкү күндөгү
шарттарды, ошондой эле мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мами-
лелердин дүйнөлүк тажрыйбасын эске алып, адамдын жана жарандын эркин-
диктерин жана укуктарын натыйжалуу коргоого, коомдун рухий-адеп-ахлак-
тык потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө, Кыргызстандын жарандарынын
рухий чөйрөдөгү таламдарын толугураак ишке ашырууга умтулуп, Кыргыз
Республикасында салттуу диний уюмдар аныкталат.
Салттуу диний уюмдарды бөлүү төмөнкүдөй максаттарда ишке ашыршат:
- республиканын коомчулугун сактоонун, кайра жаратуунун жана
өнүктүрүүнүн зарыл шарттарынын бири катары Кыргызстандын элинин салттуу
рухий-адеп-ахлактык дөөлөттөрүн сактоо жана чыњдоо;
- республиканын көпчүлүк жарандарынын таламдарын эске алуу;
- коомдо динге ишенүү эркиндигинин маселесинде өз ара сыйлашуу жа-
на баарлашуу атмосферасын сактоого көмөктөшүү.
Кыргыз Республикасынын салттуу диний уюмдары болуп Кыргызстандын
борборлоштурулган диний уюмдары эсептелет, алар:
- кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таасир
көрсөтүшкөн;
- Кыргызстан элинин салттуу руханиятынын жана маданиятынын
түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүшкөн жана республиканын рухий
жана маданий мурастарынын бөлүгүн түзүшкөн;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын көпчүлүк бөлүгү таандыктыгын
же артыкчылыктуу мамилесин билдиришкен диний бирикмелер болуп эсептели-
шет;
- коомдун Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана туруктуулукту сак-
тоого багытталган жаратман жана бириктирүүчү рухий күчү катары чыгышат.
Мамлекеттин жана салттуу диний уюмдардын кызматташуучу чөйрөлөрү
болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коом менен мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана кыз-
матташууга көмөк көрсөтүү, коомдук адеп-ахлакты сактоо;
- үй-бүлө, энелик жана балалык институтун колдоо жана чыњдоо;
- балдарды жана жаштарды рухий-адеп-ахлактык, патриоттук жана
укуктук тарбиялоо, билим берүү чөйрөсү;
- укук бузуулардын алдын алуу, эркинен ажыратылган жайларда кар-
малган жана жазасын өтөп чыккан адамдар үчүн камкордук көрүү жаатында
кызматташуу;
- гуманитардык изилдөөлөрдү да камтыган илимдер;
- саламаттык сактоо жана социалдык жактан тейлөө;
- мамлекеттин жана салттуу диний уюмдардын катышуусу менен
түзүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердиктери;
- кайрымдуулук иштери.
Кыргыз Республикасынын калкы негизинен исламды (сүнөттүк багытта-
гы) жана православиени тутунушат. Ислам жана православие Кыргызстанда
терењ тарыхый тамырга ээ жана азыркы учурда республиканын жарандарынын
көпчүлүгү таандык болгон же артыкчылыктуу мамиле кылган диний уюмдар
болуп эсептелет. Ошондуктан Кыргызстанда диндер аралык жана мамлекет-
тик-конфессиялык мамилелер көбүнчө мамлекеттин ушул диний уюмдарга ка-
рата мамилесине жараша болот.
Эркиндиктин, улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымактын
дөөлөттөрүнө негизделген жањы мамлекеттүүлүктүн калыптанышында Кыргызс-
тандын учурдагы рухий турмушунун жана тарыхый мурасынын ажыратылгыс
бөлүгү болгон Орустун Православие Чиркөөсү татыктуу салым кошуп жатат.
Мусулмандар менен православдардын, салттуу ислам жана православие
окууларынын бүтүндүгүн, биримдигин сактоого бардык жактан колдоо
көрсөтүү зарыл.
V. Билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттин диний
бирикмелер менен мамилеси
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн динге негизделбеген мүнөзү
орнотулган, бул эч бир дин мамлекеттик билим берүү мекемелеринде окутуу
үчүн мамлекеттик же милдеттүү стандарт катары болуп белгиленбейт, мам-
лекет динге каршы идеяларды жана окууларды пропагандалоого колдоо
көрсөтпөйт дегенди билдирет.
Дин жана бардык культтар мамлекеттен жана мамлекеттик билим берүү
системасынан бөлүнгөн. Мамлекеттик билим берүү системасы кайсы бир тип-
теги көз караштарды жана ишенимдерди бардыгы үчүн милдеттүү катары
тањуулабашы керек жана эгер Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана
мыйзамдарына каршы келбесе диний таандыктыгы же ынанымы боюнча куугун-
туктоого же кысым көрсөтүүгө тийиш эмес.
Мамлекеттик билим берүү мекемелери Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарына ылайык салттуу диний уюмдар менен кызматташууга укуктуу.
Мамлекеттик билим берүү мекемелеринин балдарды жана жаштарды тар-
биялоо жана билим берүү маселесин майнаптуу чечишине жардам көрсөтүү
максатында жана республиканын жарандарынын рухий чөйрөдөгү таламдарын
эске алып, мамлекет:
- балдарды жана жаштарды рухий-ыймандык, патриоттук жана укуктук
тарбиялоо чөйрөсүндө, билим берүү, анын ичинде диний билим берүү
чөйрөсүндө диний уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык кызматташат;
- диний уюмдарга жарандардын диний билим алуу укуктарын ишке ашы-
рууга шарт түзүүчү укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт;
- билим берүү мекемелериндеги, анын ичинде диний билим берүү меке-
мелеринде билим алуу процессинде ынанымдар өлкөнүн мыйзамдарына каршы
аракеттерди жаратпаган шартта балдардын жана алардын ата-энелеринин
укуктарын, анын ичинде балдардын ишенимдерге, анын ичинде диний ынаны-
мына жараша нормалдуу дене бой, интеллектуалдык, ыймандык, рухий
өнүгүүгө укуктары корголушун камсыздоодо диний уюмдар менен кызматта-
шат;
- диний жалпы билим берүүчү мекемелер билим берүүчү негизги прог-
раммалар үчүн мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууга тийиш, бул
стандарт билим берүүчү уюмдардын бардык түрлөрү үчүн аларда билим алуу-
нун формасына карабастан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамда-
рына ылайык милдеттүү болот;
- мамлекеттик билим берүү системасы динден ажыратылат. Мамлекеттик
жалпы билим берүүчү мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларда диний
же атеисттик тарбияга жол берилбейт;
- изилдөөлөрдү, билим берүүнү алмашуу, ошондой эле кадрларды даяр-
доо жана кайра даярдоо үчүн диний билим берүү чөйрөсүндөгү дүйнөлүк
тажрыйбаны иликтейт.
Бул жобо мамлекеттик билим берүү системасында рухий дөөлөттөргө
жана динге орун жок дегендик эмес.
Окуу жайларда өзүнүн динчилдигин көрсөтүүгө, рухий, ыймандык са-
бактарды өткөрүүгө, окугандарды жана студенттерди дүйнөлүк диндердин
практикалары менен тааныштырууга, эгер нейтралдуу жана объективдүү фор-
мада берилсе "Диндердин тарыхы" жана "Дин изилдөө" сабактарын кир-
гизүүгө тыюу салынбайт.
Дин тутуунун эркиндигин толук камсыздоо, ата-энелердин жана аларды
алмаштырган адамдардын өз балдарын динге карата өзүнүн мамилесине ыла-
йык тарбиялоо укугун сыйлоо максатында, мамлекеттик билим берүү систе-
масы кайсы бир типтеги көз караштарды жана ишенимдерди тањуулоого жана
диний тиешеси жана ишеними боюнча куугунтуктоого жана кысым көрсөтүүгө
тийиш эместиги декларацияланат.
VI. Кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндө
мамлекеттин диний уюмдар менен мамилеси
Мамлекет диний бирикмелердин турмуштук кыйын кырдаалда калган жа-
рандарга (майыптар, оору, жетимдик, кароосуздук, жумушсуздук, карылыкка
байланыштуу өзүн багууга жараксыздык, туруктуу жашаган жери жоктук) на-
тыйжалуу жардам көрсөтө алуучу, үй-бүлө институтунун проблемаларын
чечүүгө, балдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун, наркоманиянын,
алкоголизмдин, проституциянын алдын алууга, эркинен ажыратуу жайларында
кармалган жана жазасын өтөп чыккан адамдарды реабилитациялоого катыша
алуучу кайрымдуулук жана социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү иштеринин маани-
син моюнга алат.
Мамлекет диний уюмдардын кайрымдуулук жана социалдык тейлөө
чөйрөсүндөгү иштерин колдойт, анын ичинде:
- диний уюмдар түзгөн кайрымдуулук уюмдардын иштерин, эгер ал иш
социалдык багытта болсо жана диний мүнөздөгү максатты көздөбөсө;
- жаштар арасында дене тарбия менен машыгуу жана убакытты мадани-
яттуу өткөрүүнүн башка формаларын өркүндөтүү жана жашоонун сергек обра-
зы үчүн адамдын ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу, бирок диний мак-
сатты көздөбөгөн шарттарды түзүүгө жана иш-чараларды өткөрүүгө багыт-
талган күч-аракеттерин колдойт;
- диний уюмдар турмуштук кыйын абалда калган жарандарды социалдык
колдоо максатында түзүшкөн жарандарды социалдык тейлөө мекемелерин
(балдардын баш калкалары, кары-картањдар үйү ж.б.) ал уюмдар Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү лицензия
алышкан шартта.
Мамлекеттик бийлик органдары диний уюмдардын кайрымдуулук жана со-
циалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү иштерин колдоо максатында Кыргыэ Респуб-
ликасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте диний уюмдар түзгөн социал-
дык тейлөө жана кайрымдуулук уюмдарына колдоо көрсөтүүгв укуктуу.
VII. Мамлекеттин диний экстремизмдин жана диний
касташуунун алдын алуу жана ага каршы күрөш тармагындагы
ишинин негизги багыттары
Кийинки кездерде республикада диний экстремизмдин жана фундамента-
лизмдин идеяларын таратуу тенденциясы уланып, диний экстремисттик
көрүнүштөр, айрыкча "Хизб ут-Тахрир аль ислами" исламдык уюмунун жана
"Акрамия" коомунун активдешкен фактылары бар.
Бир топ исламдык борборлордун максат көздөгөн үгүтчүлүк иштери
салттуу исламдык дин тутуунун ажырымына, исламдын ашепке агымдарынын
идеялары таралышына негиз түзүүдө.
Ар түрдүү фонддордун жана коомдук уюмдардын атын жамынышып урук-
сатсыз диний үгүтчүлүк борборлорду түзүп жаткан бир топ секталардын жа-
на диний жањы агымдардын иштери да олуттуу тынчсыздандырат. Алар чет
өлкөлөрдүн зор финансылык каражаттарын пайдаланышып республиканын реги-
ондорунда жаштарды реакциячыл жана оккульттук окууларга тартуу боюнча
активдүү үгүт иштерди жүргүзүп жатышат. Алар тараткан адабияттарды тал-
даганда андай көз көрүнөө экспансия мүнөздөгү топтордун контролсуз иш-
мердиги адамдын негизги укуктарын бузуп, адамдардын ден соолугуна орду
толгус зыян келтирип, үй-бүлөгө, коомго жана мамлекетке коркунуч тууду-
руп жатканын көрсөттү.
Конституциялык түзүлүштү чыњдоо жана коргоо, социалдык тынчтыкты
жана диндер аралык ынтымакты сактоо максатында мамлекет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында диний уюмдардын конституциялык
түзүлүштүн негиздерине, мамлекеттин жана анын жарандарынын коопсуздугу-
на каршы багытталган иштерине тыюу салат, эскертет жана токтотот;
- диний экстремизмге көкүткөн бардык аракеттерди, анын ичинде зом-
булукту пайдаланып же зомбулук кылуу опузасы менен кимдир бирөөнү диний
ишке тартууну дагы токтотот;
- диний экстремизимдин көрүнүштөрүн алдын алуу жана жоюу үчүн бар-
дык зарыл чараларды көрөт;
- адамдардын топторунун динге карата мамилесине жараша аларга кар-
шы багытталган диний касташууну козутууга, динчилдердин диний сезимде-
рин кордоого, андай иштерди жасоого жана көкүтүүгө, ошондой эле мыйзам-
га каршы иштердин жүргүзүлүшүнө ар кандай жардамдашууга тыюу салат;
- диний уюмдардын тынч жанаша жашоолоруна, коомдо социалдык
чыњалуунун азайышына, ар кыл конфессиялардагы динчилдердин, ошондой эле
динге ишенгендердин жана ишенбегендердин арасында сый мамиленин болушу-
на өбөлгө түзөт.
VIII. Диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик
саясатты ишке ашыруунун формалары
Диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыр-
гыз Републикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
тарабынан ишке ашырылат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик,
мамлекеттик бийликтин башка органдары тарабынан алардын ыйгарым укукта-
рынын жана компетенцияларынын чектеринде жүргүзүлөт.
Мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы мамиле чөйрөсүндөгү
мамлекеттик саясат төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат, алар:
- диний бирикмелердин иштерин жана мамлекет менен диний бирикме-
лердин ортосундагы мамилени укуктук жөнгө салууну оркүндотүү:
- мамлекеттик бийликтин диний бирикмелер менен өз ара мамилесинин
формаларын өркүндөтүү;
- жарандардын, диний жана коомдук уюмдардын мамлекеттик бийликтин
диний бирикмелер менен өз ара мамилеси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саяса-
тынын максаттарына шайкеш демилгелерин колдоо;
- билим берүү, маданият жана социалдык тейлөө чөйрөлөрүндө максат-
туу программаларды аларды ишке ашырууга салттуу диний уюмдардын катышуу
мүмкүндүгүн караштырып иштеп чыгуу жана турмушка дшыруу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын диний уюмдар менен билим берүү,
балдарды жана жаштарды тарбиялоо, маданият, илим, саламаттык сактоо,
социалдык тейлөө жана башка чөйрөлөрдө кызматташуусу;
- мамлекеттин диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик
саясаттын ишке ашырылышын маалыматтык камсыздоо, Кыргызстандагы тарыхый
калыптанган салттуу диндердин тарыхы жана маданияты жөнүндө билимдерди
таратуу;
- мамлекеттик бийлик уюштуруучусу болгон теле жана радио берүү
уюмдарынын жана мезгилдүү басма сөз редакцияларынын салттуу диний уюм-
дар менен Кыргыз Республикасынын элинин тарыхын, маданий мурасын, тур-
муш образын, рухий-ыймандык дөөлөттөрүн чагылдыруучу теле жана радиоп-
рограммаларды жаратуусунда кызматташуусу;
- ушул Концепцияны ишке ашыруу максатында жүргүзүлчү башка иштер.
Диний уюмдар менен мамиле чөйрөсүндөгү мамлекеттик мониторинг
төмөнкүлөрдү камтыйт, алар:
- диний уюмдардын коомдун турмушундагы ролуна жана жарандарадын
динге жана диний уюмдарга мамилесине, ошондой эле коомдун рухий-ыйман-
дык потенциалынын сакталышына жана өсүшүнө байланышкан маселелер боюнча
коомдук пикирге социалдык изилдөө, ошондой эле мамлекет менен диний
уюмдардын мамилеси, жарандардын дин тутуу жана диний ишеним эркиндикте-
ри маселелери боюнча башка социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- тийиштүү программаларды түзүүдө эске алуу үчүн диний негиздеги
чыр-чатактардын алдын алуу жана жайгаруу боюнча чет өлкөлөрдүн тажрый-
басын изилдөө.
Кыргыз Республикасынын диний бирикмелер менен мамиле чөйрөсүндөгү
мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруудагы артыкчылыктуу мил-
дет болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү зсептелет.
Мамлекеттик бийлик органдарынын диний бирикмелер менен мамилеси
тийиштүү иш пландардын негизинде ишке ашырылат, аларда тийиштүү тармак-
тагы проблемаларды талдоо, аларды диний бирикмелер менен өз ара байла-
нышта чечүүнүн рационалдуу жолдору, зарыл учурларда нормативдик укуктук
актылардын долбоорлорун даярдоо каралат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 6
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөЗакон · 16.12.1991 · № 656-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-мыйндагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 06.05.2006 · № 324 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- МЕЖДУНАРОДНЫЙ ПАКТ о гражданских и политических правах (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1406-XII)Пакт · 16.12.1966
- Указ Президента КР от 14 ноября 1996 года N УП-319 "О мерах по реализации прав граждан Кыргызской Республики на свободу совести и вероисповедания"Указ · 14.11.1996 · № 319
- Адам укуктарынын ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (1948-жылдын 10-декабрында кабыл алынган )Декларация · 10.12.1948
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22 июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын…Постановление · 22.06.2015 · № 386
- О введении в действие Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 05.05.1993 · № 1186-XII · Күчүн жоготкон