Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 3-мзйындагы № 319
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн
өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор
аралык координациялык кењеш жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Ведомстволор аралык координациялык кењеш (мындан ары - Кењеш)
Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү жана "электрондук
өкмөттү" ишке киргизүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана
чарбакер субъекттердин өз ара аракетин өркүндөтүүнү камсыз кылуу
боюнча такай иштей турган координациялоочу жана жөнгө салуучу орган
болуп саналат.
Кењеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктары менен буйруктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомдору менен буйруктарынын жана ушул Жобонун негизинде ишке
ашырат.
II. Кењештин милдеттери жана функциялары
Кењештин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
"Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн маалыматтык-коммуникациялык
технологиялар" улуттук стратегиясына ылайык маалыматташтырууну
өнүктүрүүнүн жана "электрондук өкмөттү" ишке киргизүүнүн артыкчылыктуу
жана келечектүү багыттарын аныктоо;
маалыматташтырууну тездетип өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын
"электрондук өкмөтүн" ишке киргизүү үчүн ыњгайлуу шарттарды жана
экономикалык стимулдарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
сунуштарды киргизүү;
Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү жана
"электрондук өкмөттү" ишке киргизүү жагындагы мыйзамдарды,
программаларды, долбоорлорду иштеп чыгууну жана техникалык экспертиза
жүргүзүүнү уюштуруу;
интеграцияланган ведомстволук (ведомстволор аралык) тармактар менен
системаларды ишке киргизүү, Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну
өнүктүрүүнүн жана "электрондук өкмөттү" ишке киргизүүнүн
программаларын аткарууда мамлекеттик органдардын, операторлордун
(провайдерлердин), эл аралык жана коомдук уюмдардын, жеке секторлордун
биргелешкен катышуусу үчүн макулдашылган саясатты камсыздоо;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жагында атаандаштык
чөйрөсүн түзүүгө көмөктөшүү, инновациялык бизнести колдоо, бардык
чөйрөлөрдү жана экономиканын тармактарын маалыматташтырууну өнүктүрүү
үчүн шарттарды түзүү;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө эл аралык
кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, маалыматтык инфраструктураларды
өнүктүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды, демөөрчүлүк каражаттарды
жана гранттарды тартуу;
маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө коопсуздуктун
маалыматтык системаларын андан ары өнүктүрүүнү уюштуруу;
Кыргыз Республикасында "электрондук өкмөттү" ишке киргизүүнү жана
маалыматташтырууну өнүктүрүү жагындагы саясатты ишке ашыруу үчүн
укуктук, экономикалык, технологиялык жана уюштуруу шарттарын түзүү;
Кыргыз Республикасында "электрондук өкмөттү" ишке киргизүүнү жана
маалыматташтырууну өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик
органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана
менчиктин ар кандай түрүндөгү уюмдардын өз ара аракетин камсыздоо;
мамлекеттик органдарды жана уюмдарды маалыматташтыруу проблемаларын
талдоо жана баа берүү;
маалыматташтыруунун ар кандай багыттарында аткарылуучу тармактар
аралык мүнөздөгү комплекстүү проблемаларды ишке ашыруудагы иш-
аракеттерди координациялоо.
Кењеш жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн жана "электрондук өкмөттү" ишке
киргизүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана аларды өнүктүрүүгө ыњгайлуу
шарттарды түзүү жагындагы чараларды аныктоо боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизет;
инфраструктураларды маалыматташтырууну өнүктүрүү жагындагы
мыйзамдарды, программаларды, долбоорлорду техникалык экспертиза
жүргүзүүнү уюштурат;
компьютерлештирүү жана маалыматташтырууну өнүктүрүү, маалыматтык
инфраструктура түзүү жана өнүктүрүү программаларын аткарууда
мамлекеттик башкаруу органдарынын, коомдук жана эл аралык уюмдардын,
жеке сектордун макулдашылган саясатын жүргузөт жана ага катышууну
координациялайт;
маалыматташтырууну өнүктүрүү жагында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдеринин, долбоорлордун, программалар менен иш-
чаралардын аткарылышынын жүрүшүн Кењештин заседаниелеринде карайт;
маалыматташтырууну өнүктүрүү жана "электрондук өкмөттү", анын
инфраструктураларын ишке киргизүү маселелери боюнча мамлекеттик
органдар, чарбакер субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн чечимдеринин, Кењештин протоколдук чечимдеринин
аткарылышынын жүрүшүн контролдойт;
компьютерлештирүү, маалыматташтырууну өнүктүрүү, маалыматтык
технологиялар, ошондой эле Интернет тармагына маалыматтык ресурстарды
жайгаштыруу жана өз учурунда жањылоо маселелери боюнча мамлекеттик
органдардын жана аткаруу бийлигинин башка чарбакер субъекттеринин
жетекчилеринин отчетторун угат;
тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, чет өлкөлүк финансы
институттары аркылуу маалыматташтырууну өнүктүрүү жана "электрондук
өкмөттү", анын инфраструктураларын ишке киргизүү үчүн инвестицияларды
жана гранттарды, ошондой эле демөөрчүлүк каражаттарды тартууну
уюштурат;
тиешелүү министрликтер менен ведомстволор тарабынан маалыматтык,
телекоммуникациялык жана корпоративдик (локалдуу) тармактар менен
системаларда коопсуздуктун зарыл системаларынын түзүлүшүн уюштурат;
маалыматташтырууну өнүктүрүү жана маалыматтык инфраструктураларды
модернизациялоо бөлүгүндө ведомстволор аралык талаш-тартыштарды
карайт;
көз карандысыз эксперттер топторун, жумушчу топторун түзөт, ошондой
эле эксперттер топторунун жана жумушчу топтордун жеке курамын бекитет;
маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн жана "электрондук өкмөттү", анын
инфраструктураларын ишке киргизүүнүн, маалыматтык коопсуздук
системаларьшын чет өлкөлүк жана ата мекендик алдыњкы тенденциялары
жөнүндө докладдарды угат;
Кењеш кабыл алган чечимдер менен рекомендацияларды ишке ашырууга
көмөктөшүүчү кењешмелерди, конференцияларды, тегерек столдорду жана
башка иш-чараларды уюштурат;
Кењештин иш-аракети тууралуу кызыкдар ишканаларга, мекемелерге жана
уюмдарга маалымат берет.
III. Кењештин укуктары
Кењеш төмөнкүлөргө укуктуу:
маалыматташтырууну өнүктүрүүнүн жана "электрондук өкмөттү", анын
маалыматтык инфраструктураларын ишке киргизүүнүн программаларын
аткаруу үчүн мамлекеттик органдарды, чарбакер субъекттерди, коомдук
жана эл аралык уюмдарды тартууга;
өз компетенциясынын чектеринде бардык министрликтердин,
администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын, чарбакер бирикмелердин, ишканалардын,
мекемелердин жана уюмдардын аткарышы үчүн милдеттүү болгон чечимдерди
кабыл алууга;
министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын, ведомстволук таандуулугуна жана менчигинин түрүнө
карабастан илимий уюмдардан алардын алдындагы милдеттерди ишке ашыруу
үчүн зарыл болгон аналитикалык материалдарды жана башка маалыматтарды
суроого жана алууга;
маалыматташтырууну өнүктүрүү жана "электрондук өкмөттү", анын
инфраструктураларын ишке киргизүү чөйрөсүндө милдеттерди чечүү үчүн
жумушчу (эксперттик) топторду түзүүгө;
Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү жана
"электрондук өкмөттү" ишке киргизүү маселелери боюнча Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин иштеринде
маалыматтык инфраструктураларды колдонууга киргизүү маселелерин жөнгө
салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун кароого;
Кыргыз Республикасында маалыматтык инфраструктураларды өнүктүрүү
маселелери боюнча сунуштарды даярдоо жагынан комиссияларды жана
жумушчу (эксперттик) топторду түзүүгө.
IV. Кењештин ишин уюштуруу
Кењешке Кењештин төрагасы башчылык кылат. Кењештин жеке курамы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет. Кењештин
мүчөлөрү башка ишке өткөндө, анын курамына алардын кызматына жањы
дайындалган адамдар киргизилет.
Кењештин төрагасы анын иш-аракетине жетекчилик кылат жана Кењешке
жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жоопкерчилик тартат. Кењештин
төрагасы жок учурда анын функцияларын орун басары аткарат.
Кењештин иш-аракети чечимдерди кабыл алууда коллегиялуулукка жана
тењ укуктуулук принциптерине негизденет.
Кењештин заседаниеси анын мүчөлөрунүн көпчүлүгү катышканда укуктуу
болуп эсептелет.
Кењештин заседаниелеринин чечимдери протокол менен таризделип, ал
Кењештин төрагасы тарабынан бекитилет.
Кењештин заседаниеси анын компетенциясына кирүүчү маселелерди
даярдоого жараша, бирок кварталына бирден кем эмес өткөрүлөт.
Кењештин заседаниелерин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону
Кењештин төрагасы жана анын орун басары ишке ашырат.
Кењештин чечими заседаниеге катышкан Кењештин мүчөлөрүнүн
көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат.
Кењештин кабыл алынган чечимге макул болбогон мүчөсү өз пикирин
жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу, ал заседаниенин протоколуна тиркелет.
Кењештин чечими аткаруу үчүн тиешелүү министрликтерге,
администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларга, чарбакер субъекттерге, мекемелерге жана уюмдарга
жиберилет.
Кењештин мүчөлөрү өз ишин коомдук негиздерде жүргүзөт.
Кењештин мүчөлөрү анын заседаниелерине алмаштыруу укугусуз катышат.
Заседаниеде Кењештин мүчөсү жок болгон учурда ал каралуучу маселелер
боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
Кењештин заседаниесине мамлекеттик органдардын, коомдук, өкмөттүк
эмес бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын, ошондой эле илимий
уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар чакырылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-маындагы № 319 "Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор…Постановление · 03.05.2006 · № 319 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.