Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 августа 2008 года № 468 "О Совете по информационно-коммуникационным технологиям при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-22.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-августундагы № 468 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-майындагы № 319
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн
өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор
аралык координациялык кењеш жөнүндө
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,
Кыргыз Республикасында маалыматташтырууну өнүктүрүү жана "электрондук
өкмөттү" андан ары ишке киргизүү, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү
маалыматтык мейкиндигин түзүү жана дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке
кирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат :
1. Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү
координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык
координациялык кењеш төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-
премьер-министри, Кењештин төрагасы,
СадыковИ.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынын маалыматтык-
аналитикалык иштер жана коомдук
байланыштар боюнча башкармалыгынын
"электрондук өкмөттү" ишке киргизүү жана
маалыматташтырууну өнүктүрүү боюнча
секторунун башчысы, Кењештин төрагасынын
орун басары,
Кењештин мүчөлөрү:
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Адилет
министрлигинин статс-катчысы,
Бейшенов Ж.С. - Кыргыз Республикасынын транспорт
жана коммуникациялар министринин орун
басары,
Дикамбаев А.И. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана
финансы министрлигинин статс-катчысынын
милдетин аткаруучу,
Мамбетов К.Б. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигинин статс-катчысы,
Мамбеталиев М.К. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
социалдык жактан коргоо министрлигинин
статс-катчысы,
Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай,соода
жана туризм министрлигинин статс-катчысы,
Дүйшөмбиев У.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу Маалыматтык ресурстар жана
технологиялар мамлекеттик агенттигинин
статс-катчысы,
Саткеев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү,
илим жана жаштар саясаты министрлигинин
аппарат жетекчиси,
Бектеналиев М.А. - Кыргыз Республикасынын маданият
министринин статс-катчысы.
2. Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү
координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык
координациялык кењеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын маалыматтык-аналитикалык иштер жана
коомдук байланыштар боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-августундагы №468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2008 · № 468
- Кыргыз Республикасынын маалыматташтыруу чөйрөсүн өнүктүрүүнү координациялоо жана жөнгө салуу боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасьшын…Положение · 03.05.2006 · № 319
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндөЗакон · 08.10.1999 · № 107 · Күчүн жоготкон