94-статья. Санациялоо жүргүзүү жөнүндө арыз
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 8-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 декабря 1998 года №160
1. Карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз бергенден кийин жети күндүн ичинде карыз тарап же анын мүлкүнүн менчик ээси иш өндүрүшүн токтото туруу жана санация жүргүзүү жөнүндө сотко арыз бере алат.
Сот андан кийинки он төрт календардык күндүн аралыгында санация жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулук маселесин чечет. Эгерде сот бул мөөнөттүн ичинде санация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл албаса, анда сот банкроттук жөнүндө ишти кароону кайра баштайт. Бул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөр узартылышы мүмкүн эмес.
2. Санация жүргүзүү жөнүндө өтүнүч төмөнкүдөй учурларда:
1) карыз тарап же менчик ээси мүлкүнүн карыз тараптын төлөөгө кудуретсиздик фактысын мойнуна алса;
2) карыз тарап (менчик ээси) санация жүргүзүү учурунда кредиторлордун кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме алса, сотко берилиши мүмкүн.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-94" title="94-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>