54-статья. Карыз тараптын эсептери
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
1. Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка финансы-кредиттик уюмдагы сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка финансы-кредиттик уюмдардагы жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде табылган башка эсептери атайын администратор тарабынан жабылууга тийиш. Мындай эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары карыз тараптын негизги эсебине которулууга тийиш.
2. Жоюу процедурасын ишке ашыруунун натыйжасында келип түшкөн акча каражаттары негизги эсепке кириштелет. Ушул эле эсептен банкроттук процессинин чыгымдары төлөнөт. Жоюу жол-жобосу аяктаганда карыз тараптын негизги эсеби жабылууга тийиш.
3. Атайын администратор карыз тараптын акча каражаттарын пайдалануу тууралу отчетту айына бир жолудан ашырбай соттун, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын, кредиторлордун (комитеттин) чогулушунун талаптары боюнча аларга берип турат.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-§. Реструктуризация
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Карыз тарапты жоюуда атайын администратор анын банктагы же башка алынып салынды: кредит мекемесиндеги кошулду: финансы-кредиттик уюмдагы сомдук бир гана эсебин (негизги эсебин жана бир валюталык эсебин (зарыл учурда)) пайдаланууга милдеттүү. Карыз тараптын банктагы же башка алынып салынды: кредит мекемелериндеги кошулду: финансы-кредиттик уюмдардагы жоюу башталган учурда белгилүү болгон, ошондой эле жоюу мезгилинде … 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № алынып салынды: 102 кошулду: 102, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-§. Реструктуризация
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-54" title="54-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>