2718-статья. Карыз тарапты банкрот деп табуу үчүн негиздер
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2009 года № 247
1. Сот тарабынан карыз тарапты банкрот деп табуу үчүн ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлардын сөзсүз болушу эсептелет.
2. Эгерде сот ушул Мыйзамдын 2717-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн кырдаалдарды жана ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген кырдаалдын бири бар экендигин аныктаса, карыз тарапты банкрот деп табуудан баш тартууга төмөнкүлөр:
1) карыз тарап өзүнүн карызын келечекте төлөөгө мүмкүндүгүнүн бар экендиги;
2) карыз тарапта активдерге кирбеген финансылык резервдердин бир кыйла суммасынын бар экендиги, бүткөрүлбөгөн өндүрүшү, мурдагы пайдалуулугу, репутациясы, өндүрүлүүчү продукцияга, сырьего муктаждыгы, түзүлгөн инфраструктурасы, продукциясын потенциалдуу сатып алуучулардын бар экендиги жана башкалар негиз боло албайт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2718-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-2718" title="2718-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>