2713-статья. Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берүү
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 31 декабря 2019 года № 150
1. Сот төмөнкү учурларда:
1) ушул Мыйзамдын 26-6 - -статьялары менен аныкталган талап-
тар сакталбаса;
2) иш аталган сотко караштуу болбосо;
3) арыздын көчүрмөсүн карыз тарапка жөнөтүүнүн (берүүнүн) далилдери кредитор тарабынан көрсөтүлбөсө;
4) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдарды же башка соттук чыгымдарды төлөөнү ырастоочу документтер көрсөтүлбөсө, ал эми мыйзам тарабынан мамлекеттик алымдарды кийинки мөөнөткө калтыруу, төлөө мөөнөтүн узартуу же анын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнүч кат жок болсо же өтүнүч кат четке кагылса;
5) арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин арыз берүүчүдөн арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшсө, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берет;
6) эгерде акчалай милдеттенменин болушунун өлчөмүн жана фактысын белгилеген, же ушул Мыйзамдын 27-2-статьясынын 2-пунктуна ылайык талаштарды (дооматты) жөнгө салуунун сотко чейинки жол-жоболорун далилдеген мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты арызга тиркелбесе.
2. Сотко кайрылуу карыз тарап үчүн ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү болсо жана аталган арызга ушул Мыйзамдын каралган до-
кументтер тиркелбесе, мындай арыз сот тарабынан кабыл алынат, ал эми жетпеген документтер банкроттук тууралу ишти соттук териштирүүгө даярдоодо суралып алынат.
3. Судья арызды кайтарып берүү тууралу аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт.
4. Кассациялык тартипте аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет.
5. Арызды кайтарып берүүгө жол берилген укук бузуулар четтетилгенден кийин жалпы тартипте сотко экинчи жолу ушул арыз менен кайрылууга тоскоол болбойт.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2713-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берүү 1. Сот төмөнкү учурларда: 1) ушул Мыйзамдын 26-6 - -статьялары менен аныкталган талап- тар сакталбаса; 2) иш аталган сотко караштуу болбосо; 3) арыздын көчүрмөсүн карыз тарапка жөнөтүүнүн (берүүнүн) далилдери кредитор тарабынан көрсөтүлбөсө; 4) орнотулган тартипте жана өлчөмдө мамлекеттик алымдарды же башка соттук чыгымдарды төлөөнү ырастоочу документтер көрсөтүлбөсө, ал эми мыйзам тарабынан мамлекеттик алымдарды кийинки мөөнөткө калтыруу, төлөө мөөнөтүн узартуу же анын өлчөмүн азайтуу мүмкүнчүлүгү каралган учурларда бул тууралу өтүнүч кат жок болсо же өтүнүч кат четке кагылса; 5) арызды өндүрүшкө кабыл алуу тууралу чечим кабыл алынганга чейин арыз берүүчүдөн арызды кайтарып алуу тууралу арыз түшсө, карыз тарапты банкрот деп таануу тууралу арызды кайтарып берет; 6) эгерде акчалай милдеттенменин болушунун өлчөмүн жана фактысын белгилеген, же ушул Мыйзамдын 27-2-статьясынын 2-пунктуна ылайык талаштарды (дооматты) жөнгө салуунун сотко чейинки жол-жоболорун далилдеген мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акты арызга тиркелбесе. 2. Сотко кайрылуу карыз тарап үчүн ушул Мыйзамга ылайык милдеттүү болсо жана аталган арызга ушул Мыйзамдын каралган до- кументтер тиркелбесе, мындай арыз сот тарабынан кабыл алынат, ал эми жетпеген документтер банкроттук тууралу ишти соттук териштирүүгө даярдоодо суралып алынат. 3. Судья арызды кайтарып берүү тууралу аныктама чыгарат, ал көрсөтүлгөн арыз сотко келип түшкөндөн тартып, беш күндөн кечиктирилбестен, арыз берүүчүгө жана карыз тарапка жөнөтүлөт. 4. Кассациялык тартипте аныктама жокко чыгарылган учурда, арыз сотко кайрылган биринчи күнү берилди деп эсептелет. 5. Арызды кайтарып берүүгө жол берилген укук бузуулар четтетилгенден кийин жалпы тартипте сотко экинчи жолу ушул арыз менен кайрылууга тоскоол болбойт. (КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-2713" title="2713-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>