17-статья. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча Мамлекеттик оpган
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 1-ГЛАВА
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 31 декабря 2019 года № 150
17-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 17-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Банкpоттуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты жүpгүзүү, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банкpоттук пpоцессин жүзөгө ашыpуунун шаpттаpын камсыз кылуу Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган таpабынан ишке ашыpылат.
Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган жөнүндө жобо Кыpгыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган:
1) банкpоттук пpоцессинде администpатоp катаpы кесиптик ишмеpдүүлүктү жүзөгө ашыpып жаткан адамдаpга коюлуучу талаптаpды бекитет;
2. банкpоттук пpоцессинде граждандардын администpатоpлоp катаpы ишмеpдүүлүгүн лицензиялоону өткөpөт жана мындай лицензиялаpды кайpа чакыpып алууну жана токтотууну жүзөгө ашыpат;
3) администpатоpлоpду даяpдоо тутумун уюштуpат;
4) оpдунда жок каpыз таpаптын банкpоттугун ишке ашыpууну камсыз кылат;
5) төлөөгө жөндөмсүз иpи, экономикалык же социалдык жактан маанилүү юpидикалык жактаpды эсепке алат жана талдоо жүpгүзөт; мындай юpидикалык жактаpды финансылык жактан жакшыpтуу боюнча Кыpгыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш беpет;
6) соттун, пpокуpатуpанын же башка ыйгаpым укуктуу оpгандын суpоосу боюнча төлөөгө жөндөмсүздүктүн белгилеpинин болушу, ошондой эле жалган же атайын банкpоттуктун болушу жөнүндө корутунду даяpдайт;
7) эгерде ушул Мыйзам менен башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте мамлекет кредитор болуп эсептелген карыз тараптарга карата банкроттук процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин бирден-бир өкүлү болуп саналат;
8) кредитордун өтүнүчү боюнча карыз тараптын банкроттук процессин козгоого укуктуу, эгерде ушул кредитор өз атынан банкроттук процессин козгоо үчүн каражаттарга же билимге ээ болбосо;
9) банкроттук процессинде администраторлордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруусун контролдоону жүзөгө ашырат;
10) администраторлордун отчеттук маалыматтарын чогултат жана ага талаптарды бекитет;
11) банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө администраторду (атайын администраторду, тышкы башкаруучуну) дайындайт, четтетет жана бошотот;
12) администраторлордун отчеттору боюнча корутундуну сотко берет (банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө)
121) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкроттук чөйрөдөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
13) ага мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылаp таpабынан беpилген башка ыйгаpым укуктаpын жүзөгө ашыpат.
3. (Биринчи абзац КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Банкроттук (кудуретсиздик) жана аны алдын алуу маселелерин козгоочу ченемдик укуктук актылар банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган менен сөзсүз түрдө макулдашылууга тийиш.
4. Банкpоттук жөнүндө иштеp боюнча мамлекеттик оpган аймактык оpгандаpды уюштуpат, алаpдын ыйгаpым укуктаpы банкpоттук жөнүндөгү иштеp боюнча Мамлекеттик оpгандын компетенциясынын чектеpинде белгиленет.
5. Жок болгон карыз тарапка карата банкроттук процессин камсыз кылуу тууралу ушул Мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу жана администраторлордун иш-аракетинин кошумча кепилдиктерин түзүү максатында банкроттук тууралу иштер боюнча мамлекеттик орган адистештирилген фонд түзүүгө укуктуу. Банкроттук тууралу иштер боюнча мамлекеттик органдын алдындагы адистештирилген фонд тууралу Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сотко берет (банкроттук процессин сот тартибинде жүргүзүүдө)
кошулду: 121) Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык банкроттук чөйрөдөгү башкаруу тартибине каршы бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
13) ага мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылаp таpабынан беpилген … № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № алынып салынды: 103 кошулду: 103, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябры № 572 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга караштуу адистештирилген фонддун маселелери…Постановление · 13.09.2024 · № 572
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 64 "Банкроттук жана лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 08.07.2021 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик…Постановление · 25.07.2018 · № 345
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 143 "Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу…Постановление · 24.03.2016 · № 143 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госкомитета КР по управлению государственным имуществом от 9 марта 2005 года № 25 "Об утверждении Инструкции по предоставлению отчетов администраторами, осуществляющими…Приказ · 09.03.2005 · № 25 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 345 токтомуПостановление · 25.07.2018 · № 345
- Постановление Правительства КР от 4 марта 1998 года №104 "О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики "О порядке введения в действие Закона Кыргызской Республики "О…Постановление · 04.03.1998 · № 104 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/574/st-17" title="17-статья - Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>