Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12 –апрелиндеги № 269 токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12 –апрелиндеги № 269
токтому менен бекитилген
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча
иштерге катышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн
тартиби
1. Бир жолку акчалай пособие төмөнкүлөргө төлөнөт:
4500 сом өлчөмүндө:
- Чернобыль АЭСинде жана жарандык же аскер багытындагы башка
ядролук объекттерде радиациялык авариялардын жана алардын кесепетинен,
ошондой эле ядролук курал-жаракты кошо алганда ядролук түзүлүштөрдүн
ар кандай түрлөрүнө байланыштуу сыноолордун, машыгуулардын жана башка
иштеринин натыйжасында ооруган жана нурлануу оорусуна дуушарланган же
майып болуп калышкан адамдарга;
- Чернобыль АЭСинин кесепеттерин жоюуда радиациялык
таасирлерден өлгөн же каза болгон багуучусунан ажыраган үй-бүлөлөргө;
4000 сом өлчөмүндө:
- ажыратуу зонасынын чектеринде Чернобыль АЭСиндеги авариялардын
кесепеттерин жоюу боюнча иштерге 1986-1987-жылдары катышкан же ошол
мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка иштерде иштеген
адамдарга (анын ичинде убактылуу жиберилген же командировкаланган),
ошондой эле ушул мезгилде жогоруда көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин
жоюуга байланыштуу иштерди аткарууга атайын жыйындарга чакырылган же
тартылган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө алар
жайгашкан жерге же аткарган иштерине карабастан, ошондой эле ажыратуу
зонасындагы башкаруучу жана катардагы курамдын адамдарына; ажыратуу
зоналарында 1986-1987-жылдарда кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын
адамдарына;
2500 сом өлчөмүндө:
- ажыратуу зонасынын чектеринде Чернобыль АЭСиндеги авариялардын
кесепеттерин жоюу боюнча иштерге 1988-1989-жылдары катышкан же ошол
мезгилде Чернобыль АЭСинде эксплуатациялоо же башка иштерде иштеген
адамдарга (анын ичинде убактылуу жиберилген же командировкаланган),
ошондой эле ушул мезгилде жогоруда көрсөтүлгөн авариянын кесепеттерин
жоюуга байланыштуу иштерди аткарууга атайын жыйындарга чакырылган же
тартылган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө, алар
жайгашкан жерге же аткарган иштерине карабастан, ошондой эле ажыратуу
зоналарында 1988-1989-жылдарда кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын
башкаруучу жана катардагы курамынын адамдарына.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
байланышытын кызмат көрсөтүүлөрүн эске алуу менен облустарга карата
берилген эсептөөлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
социалдык жактан коргоо министрлигине бир жолку акчалай пособиелерди
төлөөгө кредиттерди ачат.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык
бөлүмдөрүнө көрсөтүлгөн пособиелерди төлөөгө ассигнованиелерди
которот.
4. Социалдык коргоонун райондук, шаардык органдарынын ведомосттору
боюнча байланыштын аймактык бөлүмдөрү аркылуу бир жолку акчалай
пособие төлөнөт.
5. Социалдык коргоонун райондук, шаардык башкармалыктары байланыш
бөлүмдөрүнө карата бир жолку акчалай пособие алуучуларга жењилдиктер
боюнча маалыматтар базасына киргизүү менен № 1, № 2 тиркелген формалар
боюнча үч нускада ведомостторду түзөт.
6. Чернобыль АЭСиндеги аварияларды жоюучулар үчүн бир жолку акчалай
пособиени төлөөгө туруктуу каттоосу бар паспорту, белгиленген үлгүдөгү
күбөлүгү (райондук аскер комиссариаты, жашаган жериндеги социалдык
коргоо башкармалыгы берген), аварияны жоюучу курман болгондордун
(өлгөндөрдүн) үй-бүлөлөрү үчүн - туруктуу каттоосу бар паспорту,
радиациялык таасир этүүдөн өлгөн же курман болгон адамдын өлгөндүгү
тууралуу күбөлүгү, радиациянын таасиринен анын өлгөндүгүнүн себебине
байланыштуу эксперттик корутунду негиз болот.
7. Акчалай пособиени алууга ведомосттор жана алардын электрондук
варианты салыштыруу жана контроль жүргүзүү үчүн социалдык төлөмдөр
боюнча региондук жана облустук борборлорго текшерүүгө берилет.
8. Ведомосттун эки нускасы аймактык байланыш бөлүмүнө жиберилип,
пособие төлөнгөндөн соњ бир нускасы реестрди - катар номерин,
алуучунун аты-жөнүн, күбөлүгүнүн (паспортунун) номерин, райондук
байланыш бөлүмдөрүнө карата төлөнбөгөндүгүнүн себебин
көрсөтүпдөлөнбөгөн пособиелердин тизмесин тиркөө менен социалдвж
төлөмдөр боюнча региондук жана облустук борборлорго кайтарылып
берилет.
9. Төлөмдөр аяктагандан кийин 2006-жылдын 1-июлунда райондук жана
шаардык социалдык коргоо башкармалыктары, Почтамт жана "Кыргыз
почтасы" мамлекеттик ишканасы райондор менен шаарларга карата
салыштыруу актысын жүргүзөт жана аларды 2006-жылдын 10-июлуна чейинки
мөөнөттө социалдык төлөмдөр боюнча региондук жана
облустук борборлорго берет, андан кийин баш ийүүчүлүгүнө жараша
райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктары Кыргыз
Peспубликасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин
облустук подразделениелерине отчет беришип, алар өз кезегинде 2006-
жылдын 20-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана
социалдык жактан коргоо министрлигине регион боюнча жыйынтык отчет
берет.
10. Райондук байланыш түйүндөрү "Кыргыз почтасы" мамлекеттик
ишканасынын облустук ишканаларына отчет беришет жана "Кыргыз почтасы"
мамлекеттик ишканасына жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө жалпыланган
маалымат берип, ал Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигине отчет берет.
11. Бир жолку пособие төлөөлөрдүн жүрүшүндө "Кыргыз почтасы"
мамлекеттик ишканасы жана Почтамт Социалдык төлөмдөр боюнча борборго
жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө жума сайын маалымат берип, ал өз
кезегинде ай сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан
коргоо министрлигине отчет берип турат.
12. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги облустарга карата бир жолку акчалай пособиелерди төлөөлөр
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
2006-жылдын 1-июлуна карата отчет берет.
13. 2006-жылдын 1-апрелинен тартып 31-майына чейинки мезгилде бир
жолку пособие алуучулар өлүп калса, пособие ал өлгөн күнгө карата аны
менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө акчалай пособие алуучу өлгөн
күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен үй-бүлө мүчөлөрү кайрылган
учурда төлөп берилет.
14. Бир жолку акчалай пособие дайындалган учурда аны алуучу жок
болуп калган учурда алынбай калган бир жолку акчалай пособиенин
суммасы 2006-жылдын 31-декабрына чейин төлөнөт.
15. Бул Тартип календардык 2006-жылдын аягына чейин колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун…Постановление · 12.04.2006 · № 269 · Күчүн жоготкон