Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин „Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө“ 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 декабря 2009 года №795 "О выплате ежемесячных денежных компенсаций взамен льгот"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-22.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги
жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр
тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары
жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана
башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан
адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-
апрелиндеги № 163 Жарлыгын ишке ашыруу жана Чернобыль АЭСиндеги
авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарды андан
ары социалдык коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге
катышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тиркелген
тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
"Калкка жењилдиктер" деген чыгымдардын статьясы боюнча 2006-жылга
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлигинин сметасы боюнча бекитилген каражаттардын чектеринде
чыгымдарды толук көлөмүндө каржылоону 2006-жылдын 15-апрелине карата
камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук
коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) республиканын райондоруна
карата бир жолку акчалай пособие алууга укуктуу адамдардын тизмесин
2006-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек
жана социалдык жактан коргоо министрлигине беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар
министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары
жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэриялары бир жолку акчалай
пособиелерди өз учурунда төлеө боюнча иштерди уюштурушсун.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-мцнистринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12…Порядок · 12.04.2006 · № 269
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 22.12.2009 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 163 "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги алааматтын кесепетинен жапа чеккен адамдарды социалдык…Указ · 06.04.2006 · № 163 · Күчүн жоготкон