Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3 апрелиндеги № 228 токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 3 апрелиндеги № 228
токтому менен бекитилген
Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин
квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо
жөнүндө убактылуу жобо
Бул Жобо бир угуучуга эсептегенде каржылоонун жањы методун ишке
киргизүү боюнча пилоттук долбоор өткөрүүнүн чектеринде Ысыккөл
облусунун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу системасын
(мындан ары - КЖС) каржылоо шарттарын жана тартибин (КЖСны каржылоонун
ваучердик системасы аркылуу) аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Каржылоонун жањы методу Кыргыз Республикасында КЖС системасын
реформалоонун чектеринде иштелип чыккан жана Ысыккөл облусунда билим
берүү кызматтарынын рыногун түзүү аркылуу мугалимдердин
квалификациясын жогорулатуу системасын жакшыртууга, ошондой эле
мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматтарды
көрсөтүүчү уюмдардын дењгээлинде ресурстарды башкарууга жана
каржылоого багытталган.
2. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасы
- бир мугалимге чыгымдардын белгиленген нормасына жана мындай
кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарды тандоого угуучунун укугун билдирүүчү
алардын санына ылайык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча
кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын ортосунда каражаттарды бөлүштүрүү
ыкмасы.
3. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик
системасына Ысыккөл облустук мамлекеттик мугалимдердин билимин
өркүндөтүү институту, педагогикалык кадрлардын квалификациясын
жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борбору, методикалык
борборлор, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын КЖС факультеттери, чоњ
кишилерди окутуу борборлору, мамлекеттик эмес уюмдар, мындан ары текст
боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматтарды
көрсөтүүчү провайдерлер кирет.
II. КЖСнын бюджетин түзүү
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат
көрсөтүүлөрдү каржылоого бюджетти түзүү схема боюнча (№ 1 тиркеме)
ишке ашырылат жана ал төмөнкүлөрдү болжолдойт:
2006-жылдын 1-январынан тартып
1. "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу" статьясы боюнча
төмөнкүдөй максаттарга бюджеттик (мамлекеттик) финансы каражаттарын
кайра бөлүштүрүү:
- Ысыккөл облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтун
күтүүгө;
- ваучер аркылуу мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга акы
төлөөгө, бирок "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу" статьясынын
бюджеттик финансылык каражаттарынын жалпы суммасынын 36 процентинен
кем эмес.
2007-жылдын 1-январынан тартып
2. Ваучердик система аркылуу мугалимдердин квалификациясын
жогорулатуу системасын каржылоо 100 процентке Ысыккөл облусунун
бюджеттик (мамлекеттик) каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
3. Ысыккөл облусунун билим берүү жана жаштар боюнча региондук
бөлүмү Ысыккөл облусунун финансы башкармалыгы жана донор уюмдар менен
макулдашуу боюнча төмөнкүлөрдү белгилейт:
- КЖСны каржылоонун ваучердик системасынын чектеринде билим берүү
бюджетинин жалпы чыгымдарын;
- КЖСны каржылоонун ваучердик системасынын чектеринде донордук
уюмдун (ПИКС долбоору) жалпы чыгымдарын;
- бир угуучуга карата базалык нормативди аныктайт;
- КЖС курстарын нормативдик каржылоо системасына кирүүчү уюмдардын
эсеп-кысабын жүргүзөт жана бюджетин бекитет;
- көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүндө казыначылык системасы аркылуу
мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматтарды
көрсөтүүчү бардык уюмдарды ай сайын каржылоону жүргүзөт.
4. Бир угуучуга эсептегенде КЖСны каржылоонун базалык нормативи
капиталдык ремонтко, капиталдык курулушка, кымбат жабдууларды сатып
алууга чыгымдарды кошпогондо облустун билим берүү секторунда
сарптоолордун түзүлгөн дењгээлин чагылдырат.
5. КЖСнын ваучердик системасынын чектеринде уюмдун бюджети
угуучулардын бир жылдык санына көбөйтүлгөн бир угуучуну каржылоонун
базалык нормативине барабар.
III. КЖС уюмдарынын дењгээлинде каражаттарды башкаруу
1. КЖС системасынын уюмдарынын жетекчилери өз иш-аракеттерин
Уставга, Жобого, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик
документтерине жана мыйзамдык актыларына негиздейт.
2. КЖС системасынын мамлекеттик уюмдары уюмдун жалпы бюджетинин
чектеринде каражаттарды өз алдынча пландаштырууга, пайдаланууга жана
кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
3. КЖСнын мамлекеттик уюмдарынын жетекчилери жогору турган уюмдар
менен макулдашуу боюнча кызмат орундарынын тизмесин өз алдынча түзүүгө
жана бекитүүгө укуктуу.
4. Үнөмдөлгөн каражаттар (жыл жыйынтыгы боюнча) уюмда сакталат жана
кызматкерлерди материалдык жактан колдоого жана уюмдун материалдык
базасын чыњдоого жумшалышы мүмкүн.
5. КЖСнын мамлекеттик уюмдары колдонуудагы мыйзамдар менен
бекитилген формада бардык финансылык жана статистикалык отчетторду
берет.
IV. Билим берүү жана жаштар саясатынын региондук бөлүмү
Билим берүү жана жаштар саясатынын региондук бөлүмү долбоорду ишке
ашыруунун чектеринде төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
1. Облустун мамлекеттик билим берүү уюмдарынын (баштапкы, жалпы
жана орто мектептер) мугалимдеринин арасында ваучерлерди бөлүштүрүү;
- ваучерлердин жана угуучулардын реестрлерин жүргүзүү.
2. Жалпы билим берүүчү программалардын артыкчылыктуу багыттарын
аныктоо, провайдерлерге заказдарды түзүү.
3. Программаларды жана уюмдарды конкурстук тандоону уюштуруу жана
өткөрүү, провайдерлер менен кызмат көрсөтүүлөргө келишимдерге кол
коюу.
4. Облуста КЖСнын ваучердик системасын ишке киргизүү боюнча пилотту
ишке ашырууга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, отчет берүү.
Финансылык агымдардын кыймылынын схемасы
1. Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин
квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо жөнүндө Убактылуу
жобонун 4.5-пунктуна ылайык билим берүү кызматтарынын провайдерлерин
тандоо өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
2. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын өткөрүү
башталганга чейин мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын
каржылоочу уюмдардын, билим берүү жана жаштар боюнча региондук
бөлүмдүн жана билим берүү кызмат көрсөтүүчү провайдерлердин ортосунда
үч тараптуу макулдашуу түзүлүп, анда тренингдерди өткөрүү, акы төлөө,
отчет берүү шарттары чагылдырылат.
3. Квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү фактысы боюнча
билим берүү кызматтарынын провайдерлери мугалимдерден ваучердин айырма
талонун, В бөлүгүн алышат. Айырма талондун түп нускасы кызмат
көрсөтүүлөргө акы төлөөгө суроо-талап менен бирге Ысыккөл облусунун
финансы башкармалыгына же эл аралык уюмга акы төлөө үчүн берилет.
4. Билим берүү жана жаштар боюнча региондук бөлүм билим берүү жана
жаштар боюнча райондук жана шаардык бөлүмдөр менен катар эле ваучердин
айырма талонун, А бөлүгүн чогултат.
5. А жана В бөлүктөрүнүн айырма талондорун салыштыруунун негизинде
билим берүү жана жаштар боюнча региондук бөлүм кызмат көрсөтүүлөргө
акы төлөөгө жазуу жүзүндө провайдерлердин суроо-талабына санкция
берет. Жазуу жүзүндөгү санкция уюмдардын -провайдерлердин тизмесин
жана акы төлөөгө көрсөтүлгөн сумманы камтыйт.
Тиркеме
Финансылык агымдардын кыймылынын схемасы
(2006-жылдын 1-январынан тартып)
___________________________________
| "Кыргызстан-Сорос" фондунун финансы | |||
| башкармалыгы | |||
| ___________________________________ | |||
| ^ | |||
| Эсеп | Төлөө | ||
| ________ | _______________V___________ | ||
| Ысыккөл облусунун билим берүү | |||
| жана жаштар региондук бөлүмү | |||
| __________________________________ | |||
| ^ | ^ | ||
| -Суроо-талап | Ваучер-Эсеп | ||
| Ваучер | |||
| Келишим- | |||
| V | V V |
__________ ___________
| Мугалим | -------> | Провайдер |
| _________ | __________ |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 228 "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.04.2006 · № 228 · Күчүн жоготкон