Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 3-апрели, № 228
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик
системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө
Билим берүү секторун каржылоо системасын андан ары өркүндөтүү,
мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасына рынок
мамилелеринин элементин киргизүү, ошондой эле мамлекеттик ресурстарды
пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоонун
ваучердик системасын (ысымдуу билим берүү чеги) колдонууга киргизүү
боюнча эки жылдык пилоттук долбоорду 2006-жылдын 1-апрелинен тартып
өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар
саясаты министрлигинин сунушуна макулдук берилсин.
2. Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин
квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо жөнүндө тиркелген
Убактылуу жобо бекитилсин.
3. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик
системасынын пилоттук долбоорун каржылоо Ысыккөл облусунун бюджетинде
"Билим берүү" секторуна каралган ассигнованиелердин чектеринде
жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз
Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги,
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул пилоттук
долбоорду ишке ашырууга ар тараптан колдоо жана практикалык жардам
көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты
министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
менен бирдикте Ысыккөл облусунда пилоттук долбоор өткөрүүнүн жыйынтыгы
боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөртүү
үчүн пилоттук долбоордун натыйжаларын колдонуу боюнча
рекомендацияларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
киргизсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3…Положение · 03.04.2006 · № 228 · Күчүн жоготкон