Ош шаарындагы Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28 -мартындагы 303 токтому менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 28 -мартындагы
203 токтому менен бекитилген
Ош шаарындагы Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун
филиалы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 102
дарегинде жайгашкан Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун,
кыскартылган аталышы ААБ (мындан ары - Борбор), Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн ушул токтомунун негизинде түзүлгөн филиалы болот.
1.2. Филиалдын жайгашкан жери: Ош шаары, Ноокат көчөсү, 5/1 үй.
1.3. Филиал Борбордун структуралык подразделениеси болуп саналат,
ал өз ишин Борбор караган ыйгарым укуктардын чектеринде Борбордун
атынан жүргүзөт.
1.4. Филиал өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,
белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларды жана
келишимдерди, Борбордун уставын, ушул Жобону, Дүйнөлүк банктын жол-
жоболорун жана Борбордун ички нормативдик укуктук актыларын
жетекчиликке алат.
1.5. Филиал юридикалык жак болуп саналбайт жана бекитилген Жобонун
негизинде иштейт.
1.6. Филиал өз ишин Борбордун жетекчилиги менен ишке ашырат жана
анын пайдалануусуна Борбор бөлүп берген мүлктү пайдаланат.
1.7. Филиал мүлктү өзүнчө балансында эсепке алат. Мында филиалдын
балансы Борбордун топтомо балансына кирет.
1.8. Филиал келишимдерди түзүүгө, укуктарга ээ болууга жана
милдеттенмелерди тартууга, ушул Жободо аныкталган компетенциянын
чектеринде соттордо Борбордун атынан доогер жана жоопкер катары
чыгууга укуктуу.
1.9. Филиалдын өзүнүн аталышы менен мөөрү, штамптары, бланктары
жана башка реквизиттери болот, Борбордун желегин жана логотибин
пайдаланууга укуктуу.
1.10. Филиалдын иш-аракети Кыргыз Республикасынын юстиция
органдарында катталган күндөн башталат.
1.11. Филиалдын иш-аракети Борбордун иштөө мезгили менен чектелет
жана жалпысынан юридикалык жак катары Борбордун иш-аракети токтогон
мезгилде токтотулат.
2. Негизги максаттары жана милдеттери
2.1. Филиал Борбордун уставдык максаттары менен милдеттерин ишке
ашыруу үчүн түзүлгөн.
Филиалдын негизги максаттары жана милдеттери:
2.2. Айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу
менен иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын товар өндүрүүчүлөрүнө колдоо
көрсөтүү.
2.3. Башкаруу консалтинги жагында профессионалдуу жергиликтүү
кадрларды даярдоо.
2.4. Товардык берүүлөргө ишке тартылган кайра иштетүүчү,
маркетингдик жана соода ишканаларынын активдүүлүк дењгээлин
жогорулатуу.
2.5. Рыноктордун иштешин жакшыртуу жана товар өндүрүүчүлөр менен
соода уюмдарынын ортосундагы соода байланышын чыњдоо.
3. Ыйгарым укуктары
Филиал төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
3.1. Менеджердик илимдерди жана тажрыйбаларды жакшыртуу, ошондой эле
бизнес-чөйрөнүн элементтерин жакшыртуу аркылуу айыл чарба
продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу менен иш жүргүзгөн
товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт.
3.2. Тышкы соода маселелери боюнча маалыматтык камсыздоо,
консалтинг кызматтарын көрсөтүү жана окутууну уюштуруу аркылуу
агроөнөр жай продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын
чыњдоо менен иш жүргүзөт.
3.3. Агробизнес жүргүзүүнүн кењири чөйрөсү боюнча айыл чарба
продукциясын жана аны кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчүлөргө
консультациялык кызматтарды көрсөтөт.
3.4. Агробизнес ишканаларын башкаруу маселелери боюнча жергиликтүү
консультанттарды окутууну уюштурат жана жүргүзөт.
3.5. Борбордун өз алдынча консалтинг компания катары түзүлүшүнө
жана өнүгүшүнө көмөктөшөт.
3.6. Чет өлкөлүк, ошондой эле жергиликтүү консалтинг кызматтарын
сатып алууда тендердик процесстерди башкарууга көмөктөшөт.
3.7. Кардар ишканаларды диагностикалоо программасын жана Филиалдын
кардарларын тандоо процессин башкаруу менен иш жүргүзөт.
3.8. Филиалдын жергиликтүү консультанттарынын резервин түзүүгө жана
башкарууга көмөктөшөт.
3.9. Кардар ишканаларга техникалык жардам көрсөтүү боюнча өз ара
аракеттенүүнү жана мониторингди уюштурат.
3.10. Филиал Борбордун максаттары менен милдеттерине, анын
Уставына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана
Дүйнөлүк банктын талаптарына каршы келбеген башка бардык укуктарды
жана милдеттерди ишке ашырат.
4. Филиалды башкаруу
4.1. Филиалга анын директору жетекчилик кылат, ал Дүйнөлүк банктын
сатып алуулар жол-жоболоруна ылайык Борбордун директору тарабынан ишке
дайындалат жана бошотулат.
4.2. Филиалдын кызматкерлерин ишке жалдоо жана андан бошотуу
Дүйнөлүк банктын сатып алуулар жол-жоболоруна ылайык Борбордун
директору тарабынан жүргүзүлөт.
4.3. Филиалдын директору Борбордун директору тарабынан берилген
ишеним каттын негизинде аракеттенет.
4.4. Директор филиалдын иш-аракетине жетекчилик кылат жана анын
жыйынтыгы үчүн Борбордун алдында жоопкерчилик тартат. Филиалдын
директору Борбордун директоруна отчет берет.
4.5. Филиалдын директору филиалдын атынан чыгат, менчигинин түрүнө
карабастан бардык мекемелерде, уюмдарда, чарбакер субъекттерде анын
таламын көрсөтөт.
Филиалдын директору төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- филиалдын учурдагы иш-аракетине байланыштуу келишимдерди,
макулдашууларды, контракттарды түзөт, ишеним каттарды берет;
- банктарда филиалдын расчеттук жана башка эсептерин ачат;
- Борбордун директорунун көрсөтмөлөрүн, буйруктарын жана
приказдарын аткарууну камсыздайт;
- Борбордун жетекчилигинин талабы боюнча филиалдын иш-аракетине
байланыштуу бардык зарыл документтерди берет;
- өз компетенциясынын чектеринде филиалдын бардык кызматкерлеринин
аткарышына милдеттүү приказдарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
- Борбордун директору менен макулдашуу боюнча филиалдын иш-планын
бекитет;
- филиалдын учурдагы иш-аракетине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт;
- Борбордун директорунун тапшыруусу боюнча башка дагы функцияларды
ишке ашырат.
5. Иш-аракетин токтотуу
5.1. Филиалды жоюу Дүйнөлүк банктын макулдугу менен уюштуруучунун
чечиминин негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган учурларда ишке ашырылат;
5.2. Филиалдын иш-аракети Кыргыз Республикасынын юстиция органдары
юридикалык жактардын, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн
Бирдиктүү мамлекеттик реестрине анын ишин токтотуу жөнүндө жазуу
киргизилгенде токтотулду деп эсептелет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.