Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-марты № 203
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү
агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес
борборун түзүүгө жана анын иш-аракетине карата Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү
ассоциациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө
Меморандумга ылайык жана республиканын түштүгүндө анын ишине
көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес
борборунун филиалы түзүлсүн.
2. Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес
борборунун филиалы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-
ноябрындагы № 873 токтому менен бекитилген Атаандашууга
жөндөмдүү агробизнес борборунун Уставынын "Жалпы
жоболорунун" I бөлүмүнүн 7-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы
абзац менен толукталсын:
"Филиалдын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош
шаары, Ноокат көчөсү, 5/1 үй.".
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай
комплексин өнүктүрүү жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Агробизнестин атаандаштыкка жондомдуулук борборунун (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын «29 »ноябрындагы № 873 токтому менен бекитилген)Устав · 29.11.2004 · № 873
- Ош шаарындагы Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28 -мартындагы 303 токтому менен бекитилген)Положение · 28.03.2006 · № 203