Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-марты №205
ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын
3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Россия
Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана
куруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы
«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин
объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Бюджеттик каражаттардын тартыштыгына байланыштуу
«Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз Республикасынын
Россия Федерациясындагы Элчилигине (мындан ары – элчилик) аныкталган
тартипте жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана
Кыргыз Республикасыньш Экономика жана финансы мииистрлиги менен
макулдашуу боюнча Москва шаарында Элчиликтин аймагында Элчиликтин
имаратына кошумча имарат куруу менен капиталдык ремонт жүргүзүүнү жана
Кыргыз маданий борборун (мындан ары - Борбор) курууну инвесторлорду
жана курулуштук компанияларды эл аралык практиканы эске алып
келишимдик жана өз ара пайдалуу негизде тартуу менен долбоорлоого жана
ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Маданият министрлиги:
- Элчиликтин алдындагы Борбордун уюштуруу документтерин анда Соода
үйүнүн иштешин караштыруу менен иштеп чыгышсын жана аныкталган
тартипте бекитишсин;
- башка уюштуруу маселелерин чечишсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча аталган
Борбордун жетекчисин дайындашсын.
3- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
«Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы жана Элчилик Кыргыз
Республикасынын экономика жана финансы министрилиги менен
макулдашуу боюнча:
- заказчы катары чыгышсын жана Элчиликтин аймагында жањы имарат
куруу жана Борбордун имаратын куруу менен Элчиликтин имаратына
капиталдык ремонт жүргүзүүнү жана долбоорлоону ишке ашырышсын;
- көрсөтүлгөн объекттерди тендерлик негизде курууну ишке
ашырышсын;
- жањы имарат куруу Элчиликтин имаратын жана Борбордун имаратын
куруу менен капиталдык ремонттоо боюнча тийиштүү тендерлик
документтерди иштеп чыгышсын жана Кыргыз Реепубликасынын Өкмөтүнүн
бекитүүсүнө беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Элчилик Москва
шаарында Манастын эстелигин орнотууга заказчы болушсун жана ал боюнча
уюштуруу маселелерин чечишсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Рсспубликасынын Өкмөтүнүн
чечимдерин Кыргыз Республикасыныи Президентинин 2006-жылдын 3-
мартындагы № 95 «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө» Жарлыгына
ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизишсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №609-б "тендерди өткөрүүнүн шарттары жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 31.10.2006 · № 609
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2006 -жылдын 3-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө"жарлыгыУказ · 03.03.2006 · № 95
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9