Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2006 -жылдын 3-мартындагы №95 «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин реставрациялоо жана куруу жөнүндө»жарлыгы
2006-жылдын 3-марты ПЖ N 95
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы
Элчилигинин объекттерин реставрациялоо
жана куруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Саясий, экономикалык, маданий жана соода чөйрөсүндө кыргыз-россия-
лык кызматташтыкты андан ары чыњдоо максатында токтом кылам:
1. 2003-жылы 22-сентябрда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык
өкүлчүлүгүн жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы дипло-
матиялык өкүлчүлүгүн жайгаштыруунун шарттары жөнүндөгү Макулдашууга
ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын Москва шаарындагы: Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62/1
үй, 1-курулуш жана 64-үй, 1- жана 4-курулуштар дарегиндеги Кыргыз Рес-
публикасынын Элчилигинин имаратын Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү
маселесин Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары-
нын карашын жана чечим кабыл алышын тездетсин.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Элчилигинин алдын-
да Кыргыз маданий борбору (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кыз-
маткерлеринин санынын чеги кењешчинин кызмат орду менен бир бирдикке
көбөйтүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алдында соода үйүнүн иштешин кароо менен Борборду түзүү жана
анын иштеши менен байланышкан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин има-
ратын капиталдык ремонттоону жана реставрациялоону, Элчиликтин аймагын-
да кошумча имаратты курууну жана Борбордун имаратын, ошондой эле Москва
шаарында Манастын эстелигин курууну жана орнотууну финансылоону камсыз
кылсын.
5. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасына жана Кыргыз Республи-
касынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча эларалык тажрыйбаны эске алуу
менен өзара пайдалуу келишимдик негизде инвесторлорду жана курулуш ком-
панияларын тартуу аркылуу элчиликтин аймагында кошумча имаратты куруу
менен Элчиликтин имаратын долборлоого капиталдык ремонттоого жана рес-
таврациялоого жана Москва шаарында борборду курууга белгиленген тартип-
те уруксат кылынсын.
6. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республика-
сынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Россия
Федерациясындагы Элчилигинин Имаратын капиталдык ремонттого жана рес-
таврациялоого, ошондой эле соода үйү менен Кыргыз маданий борборун ку-
рууда тендердик негизде заказчы катары чыксын.
7. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарында Манастын эс-
телигин куруу жана орнотуу боюнча уюштуруу маселелерин чечсин жана за-
казчы катары чыксын.
8. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы
ПЖ № 223 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-
йык келтирсин.
10. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Тышкы иштер министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы №609-б "тендерди өткөрүүнүн шарттары жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 31.10.2006 · № 609
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-июлундагы №543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.07.2006 · № 543
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 19-июнундагы №223 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Указ · 19.06.2008 · № 223
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы №205 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин объекттерин…Постановление · 28.03.2006 · № 205 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон