Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтому
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-марты № 195
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун,
уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында
жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык
жардам көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98
"24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын атка-
руу үчүн, "Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян
тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 158 токтомуна
ылайык жана 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолор-
дун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер
субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү токтом кылат:
1. Финансылык жардам көрсөтүү үчүн 2005-жылдын 24-25-мартындагы
талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында
жабыр тартышкан чарбакер субъекттердин тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам
көрсөтүүгө байланышкан 2,56 млн. сом суммасындагы чыгымдар 2006-жылдын
бекитилген республикалык бюджетинин чектеринде "Камсыздандыруу резерви"
статьясы боюнча каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Жа-
быр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесинин расчеттук эсебине
жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
4. "Жабыр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесине
төлөмдөрдү бекитилген тизмеге ылайык жүргүзүү жана экономикалык зыянды
аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо жагынан чараларды көрүү
боюдна Өкмөттүк комиссияга бир айлык мөөнөттө отчет берүү сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча…Постановление · 14.04.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартынындагы № 98 "24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.03.2006 · № 98 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 8 апреля 1997 года УП №98 "Об образовании Фонда реконструкции международного аэропорта "Манас"Указ · 08.04.1997 · № 98 · Күчүн жоготкон