Кыргыз Республикасынын Президентинин «24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 4 апреля 2016 года УП № 68 "Об увековечении памяти Аксыйских событий, Мартовской и Апрельской народных революций"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-04-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 68 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2006-жылдын 6-марты ПЖ № 98
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
24-мартты улуттук майрамдоо күнү
деп жарыялоо жөнүндө
Эркиндикти сүйгөн, намыскөй жана чыныгы демократиялык баалуулук-
тарды туу туткан кыргыз эли элдик бийликтин тарыхый салттарын, социал-
дык адилеттик принциптерине берилгендигин жана руханий дөөлөттөр менен
адамкерчиликтин үстөмдүк кылышын сактап жана улантып, 2005-жылы
24-мартта мамлекетти узак жылдар бою жеке максаттарында жана өзүнүн ай-
ланасындагы адамдардын тар чөйрөсүнүн кызыкчылыгында башкарып келген
авторитардык, коррупциялашкан жана элге каршы режимдин үстүнөн тарыхый
жењишке жетишти.
2005-жылдын 24-мартындагы тагдыр чечүүчү жана тарыхый окуялардын
натыйжасында республикада чыныгы элдик бийлик орноп, адилеттик салтанат
куруп, экономикалык жана рухий жогорулоого жана демократиялуу Кыргызс-
тандын кайра жаралышына, республикада биримдикти, улуттар аралык, кон-
фессиялар аралык тынчтык жана ынтымак-ырашкерликти андан ары чыњдоого
башат салынды.
2005-жылы 24-марттагы кыргыз элинин жењишинин тарыхый маанисин
түбөлүккө калтыруу максатында, 2005-жылдын март окуяларынын бардык ка-
тышуучуларынын жарандык жана атуулдук парзын аткаруудагы эрдигин жана
каармандыгын белгилөө, ошол жылдары авторитардык режимге каршы
күрөшкөндөрдүн бардыгына терењ урмат көрсөтүү, демократия жана адам
укугу үчүн күрөшкө Аксы элинин кошкон салымын өзгөчө таануу менен ток-
том кылам:
1. 24-март жыл сайын улуттук майрамдоо күнү деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине 24-мартты жыл сайын
улуттук майрамдоо күнү катары белгилөө жөнүндө мыйзамды кароо жана ка-
был алуу сунуш кылынсын.
3. Тиркемеге ылайык курамда уюштуруу комитети түзүлсүн.
Уюштуруу комитети он күндүк мөөнөттө 2006-жылы 24-мартта майрамдо-
ону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жа-
на Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- аталган майрамды 2006-жылы 24-мартта уюштуруунун жана өткөрүүнүн
программасын карасын жана бекитсин жана аны толук жүзөгө ашырууну кам-
сыз кылсын;
- 2006-жылы 24-мартта Бишкек, Ош, Баткен, Жалалабат, Нарын, Талас,
Токмок, Каракол шаарларында аскердик парад жана атуулдук иш-чаралардын
комплексин өткөрүүнү уюштурсун;
- областтардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек жана Ош
шаарларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары менен бирдикте,
партиялардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен
атуулдук жана спорттук иш-чараларды, концерттерди, жарманкелерди, мас-
салык майрамдоо жана жолугушууларды өткөрүүнү, кыргыз мамлекеттигинин
торолушуна, жарандык коомдун ролун өнүктүрүүгө жана жогорулатууга,
ачык, таза жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүүнүн маанисине, адамдын жа-
на жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана
кепилдик кылууга арналган даректүү фильмдерди көрсөтүүнү уюштурсун;
- 2006-жылдын 20-апрелине чейин 2005-жылы 24-мартынан 25-мартына
караган түнү Бишкек шаарында жапа чеккен адамдарга финансы-материалдык
колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн иликтесин;
- жарандык коомдун катышуусу менен Кыргызстандын борборунда
2005-жылдын 24-мартындагы окуяларга арналган эстелик белгини орнотуунун
максатка ылайыктуулугун жана мүмкүнчүлүгүн иликтесин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республи-
касынын четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө өлкөнүн торолушу
жана өнүгүшү, анын ажайып кооз жерлери, кыргыз элинин адат-салты, ту-
ристтик өнүгүү келечектери жөнүндө даректүү фильмдерди көрсөтүү, Кыр-
гызстандын экономикасынын жана социалдык чөйрөсүнүн ар кайсы тармакта-
рына салым кошкон четөлкөлүк инвесторлорду чакыруу менен брифингдерди,
жолугушууларды уюштурсун жана өткөрсүн.
6. Ата-мекендик жана четөлкөлүк продукция өндүрүүчүлөр 2006-жылы
24-мартта республиканын областтык жана райондук борборлорунда өз жетиш-
кендиктеринин көргөзмөлөрүн өткөрүүгө жана продукцияларды сатууга чакы-
рылсын.
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2006-жылдын 6-мартындагы № 98
Жарлыгынын тиркемеси
Уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Кулов Феликс - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Шаршенбаевич
Сарыгулов Дастан - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчы-
Исламович сы;
Сыдыков Үсөн - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-
Сыдыкович министрациясынын Жетекчиси;
Мадумаров Адахан - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-ми-
Кимсанбаевич нистри;
Абдраимов Туйгуналы - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефе-
Дүйшөналиевич рендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия-
сынын төрагасы;
Абыкеев Чолпонбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин
кењешчиси;
Абдырахманов Абдыкаар - революциялык окуялардын жигердүү катышуу-
чусу, Ош областынын Өзгөн району (макул-
дашуу боюнча);
Айтбаев Таштемир - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
Сыдыгалиевич кызматынын төрагасы;
Айдаралиев Искендербек - Жалалабат областтык мамлекеттик админист-
Рысбекович рациясынын башчысы - губернатору;
Айжигитов Султанбай - Баткен областтык мамлекеттик администра-
Абдирашитович циясынын башчысы - губернатору;
Ажибекова Клара - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Азылов Жыргалбек - Нарын областтык мамлекеттик администраци-
Кумарович ясынын башчысы - губернатору;
Асанов Бектур - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Жантөрөевич Денетарбия жана спорт боюнча мамлекеттик
агенттиктин директору;
Атамбаев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жа-
Шаршенович на туризм министри;
Бекназаров Азимбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Анаркулович депутаты (макулдашуу боюнча);
Бөкөнбаев Кулубек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Жоомартович
Булекбаев Эркин - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Касымович
Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана жаштар саясаты министри;
Жээнбаев Жусупжан - Талас областтык мамлекеттик администарци-
Амражанович ясынын башчысы - губернатору;
Жапаров Акылбек - Кыргыз Республикасынын Экономика жана фи-
Үсенбекович нансы министри;
Жеенбеков Равшан - Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Ата-
Бабырбекович йын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Закиров Адам - Ош областтык мамлекеттик администрациясы-
нын башчысы - губернатору;
Исаков Исмаил - Кыргыз Реепубликасынын Коргоо министри;
Исакович
Исаков Жумадыл - Ош шаарынын мэри;
Ырысбаевич
Исабеков Азим - Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-
Бейшенбаевич министрациясынын Жетекчисинин биринчи
орунбасары - уюштуруу иштер жана мамле-
кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчы-
сы;
Исмаилова Толекан - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Кайыпов Марат - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Таштанович
Кулмурзаев Тургунбек - Чүй областтык мамлекеттик администрация-
Насипович сынын башчысы - губернатору;
Макеев Керим - Ош областтык социалдык төлөмдөр борбору-
Жакыпович нун директору (макулдашуу боюнча);
Масалиев Исхак - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Абсаматович депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиев Кубан - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов Кыяс - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик теле-
Сатарович радиоберүү компаниясынын башкы директору;
Ногоев Арстанбек - Бишкек шаарынын мэри;
Иманкулович
Өмүралиев Макамбай - революциялык окуялардын жигердүү катышуу-
чусу, Жалалабат областынын Сузак району
(макулдашуу боюнча);
Өмүралиев Эсенгул - Ысыккөл областтык мамлекеттик администра-
Касымович циясынын башчысы - губернатору;
Отунбаева Роза - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Исаковна
Проненко Алевтина - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Павловна
Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Маданият министри;
Суталинов Мурат - Кыргыз Республикасынын Ички иштер минист-
Абдыбекович ри;
Соронкулов Гамал - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Темирбаев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
Токтосунович башкаруучусу;
Тургуналиев Топчубек - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Шамшиев Болотбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Төлөнович кењешчиси;
Шарипова Салима - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Черноморец Виктор - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш
Викторович башкармасынын № 1 Мамлекеттик резиденция-
нын башкы директору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-мартындагы № 195 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр…Постановление · 23.03.2006 · № 195
- КР Президентинин 2016-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 68 "Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 04.04.2016 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10 мартындагы №151 "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.03.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон