Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн кызматтык автотранспорт алуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 2-марты № 140
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары үчүн кызматтык автотранспорт алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-февралындагы №
49 буйругун аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыњдоого
мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык
ведомстволорго айыл өкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн автотранс-
портту Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аркылуу бор-
бордоштуруп сатып алууга финансылык жардам катары атайын каражаттарды
пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Акционердик коомдорго жана мамлекеттик ишканаларга айыл
өкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн автотранспортту Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентинин Иш башкармасы аркылуу борбордоштуруп сатып алуу
максатында демөөрчүлүк жардам көрсөтүү сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына айыл
өкмөттөрүнүн кызматтык пайдалануусу үчүн россиядан чыгарылган жењил ав-
томашиналарды демөөрчүлүк жардамдын эсебинен сатып алууга уруксат бе-
рилсин.
Көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын сатып алуу "Мамлекеттик са-
тып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тар-
типте ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы сатып алын-
ган автотранспорт каражаттарды Кыргыз Республикасынын айыл өкмөттөрүнө
өткөрүп берүүнү аныкталган тартипте уюштурсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 376-б буйругуРаспоряжение · 03.07.2006 · № 376
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Президентинин 2006-жылдын 20-февралындагы ПБ №49 буйругуРаспоряжение · 20.02.2006 · № 49 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон