Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргызстан» авиакомпаниясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 11-январы № 9
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргызстан" авиакомпаниясы"
ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргызстан" авиакомпаниясын
түзүү жөнүндө" 2005-жылдын 4-ноябрындагы № 517 Жарлыгына ылайык жана
авиация тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча кечиктирилгис ча-
раларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комите-
тине ушул авиакомпаниянын уставдык капиталынын 2 процентин түзүүчү "Ал-
тын Эйр" ачык акционердик коомунун 100 даана акциясын өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети:
- бир айлык мөөнөттө "Кыргызалтын", "Алтын Эйр" жана "Кыргызстан
аба жолдору" улуттук авиаташуучу" акционердик коомдорунун акционерлери-
нин жалпы чогулуштарынын кароосуна "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык
акционердик коомун уюштуруу жөнүндө маселени киргизсин;
- "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик
коомун тењ уюштуруучу катарында тартуу менен "Алтын Эйр" ачык акционер-
дик коомунун базасында "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик
коомун белгиленген тартипте түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик
комитети:
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Рес-
публикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна таандык "Алтын Эйр" ачык акцио-
нердик коомунун 4900 даана акциясын мурдагы карызын төлөө эсебине,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
алдыдагы салыктык төлөмдөрдү жоюу эсебинде өткөрүп беришсин;
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен бирдикте "Алтын Эйр"
ачык акционердик коомуна Ту-154М ЕХ-85718 аба кемесине байланыштуу
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун талап кылуу укугун бир айлык
мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экономика жана фи-
нансы министрлигине өткөрүп беришсин;
- "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик
коомунун кредитордук карызга реструктуралаштыруу жөнүндө маселени ка-
рашсын.
4. Төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна милдеттүү
күрөөлук камсыздоо аркылуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана финан-
сы министрлиги менен карыз милдеттенмесин тариздөө;
- "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик
коомуна 2001-жылдын 1-январындагы абал боюнча "Кыргызстан аба жолдору"
улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун бөлүштүрүлүүчү балансына
ылайык алынган заемдук каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Эконо-
мика жана финансы министрлиги менен карыз милдеттенмесин тариздөө.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Кыргызстан аба
жолдору" улуттук авиаташуучу" ачык акционердик коомунун уюштуруу взносу
катарында "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна өткөрүп
берилүүчү мүлкүн аресттен чыгаруу жөнүндө маселени сот тартибинде чеч-
син.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги "Кыргызстан" авиа-
компаниясы" ачык акционердик коомунун уюштуруу документтерин белгилен-
ген тартипте каттоодон өткөрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жа-
на отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик:
- "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун акцияла-
рын мамлекеттик каттоо үчүн уставдык капиталынын 0,01 проценти өлчөмүн-
дө бир жолку комиссиялык жыйымдын ставкасын белгилесин.
8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлигинин Жарандык авиация департаменти:
- "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун сертифика-
циялоо, лицензиялоо жана кайра багыттоо жол-жоболорун өкмөттөр аралык
макулдашууларга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүз-
сун;
- эл аралык милдеттенмелерге жана өкмөттөр аралык макулдашууларга
ылайык белгиленген тартипте:
- "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун келишимдик
линияларда дайындалган ташуучу катары аныктасын;
- белгиленген тартипте аба кемелеринин тиешелүү паркы болгондо
"Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомуна аба кемелерин
эксплуатациялоого лицензия берсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына
жана курулуш, транспортту жана коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында экспортту жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому…Программа · 09.02.2007 · № 43 · Күчүн жоготкон