Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-ноябры, ПЖ № 517
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
«Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги ПЖ №188
Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Авиациялык тармакты андан ары өнүктүрүү жана бул тармакка
мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- «Алтын Эйр» акционердик коомунун базасында авиаташууларды жүзөгө
ашыруу жана литердик рейстерди тейлөө үчүн «Кыргызстан» авиациялык
компаниясын түзүү жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү
башкаруу боюнча мамлекеттик комитетин түзүлүп жаткан авиациялык
компаниянын акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруучу катарында
аныктоо жөнүндө маселени эки жумалык мөөнөттө иштеп чыксын;
- «Кыргызстан» авиациялык компаниясын түзүү жөнүндө маселени иштеп
чыгуунун жыйынтыктары боюнча «Кыргызалтын», «Алтын Эйр» жана
«Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиаташуучу акционердик коомдорунун
акционерлеринин жалпы чогулуштарынын кароосуна «Кыргызстан» авиациялык
компаниясын уюштуруу жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө койсун;
- «Кыргызстан аба жолдору» Улуттук авиаташуучу жана «Алтын Эйр»
акционердик коомдорунун кредитордук карызын реструктуралаштыруу
жөнүндө маселени карасын;
- «Кыргызстан» авиациялык компаниясын калыптандыруу жана өнүктүрүү
үчүн тике инвестицияларды тартуу жонүндө маселени карасын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди
карасын жана чечсин.
2. (күчүн жотготту)
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучуга
жүктјлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2006 · № 9
- 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында экспортту жана импортту алмаштырууну өнүктүрүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому…Программа · 09.02.2007 · № 43 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2006-жылдын 27-апрелиндеги №188 "Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорду жана мамлекеттик ишканаларды башкаруу системасын өркүндөтүүнүн айрым…Указ · 27.04.2006 · № 188 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Указ Президента КР от 22 октября 1998 года №323 "О создании устойчивой системы корпоративного управления в Кыргызской Республике"Указ · 22.10.1998 · № 323 · Күчүн жоготкон