96-статья. Аракечтиктен, баңгиликтен же токсикоманиядан, туберкулездон, жыныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш оорусунан жапа чеккен адамдарга карата медициналык мүнөздөгү чараларды колдонуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Аракечтиктен, баңгиликтен, токсикоманиядан, туберкулездон, жыныстык дарттан жана ВИЧ-жугуш оорусунан жапа чекккен адамдар кылмыш жасаган учурда, медициналык корутунду болсо сот жазалоо менен катар аларга медициналык мүнөздөгү чараларды белгилеши мүмкүн. (2) Эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалоо чараларына соттолгон, жогоруда көрсөтүлгөн адамдар медициналык мекемелерде дарыланууга тийиш. Мындай адамдар эркиндигинен ажыратууга соттолгон учурда алар жазасын өтөгөн жерде, ал эми бошотулгандан кийин дарыланууну улантуу зарыл болгон учурларда, медициналык мекемелерде дарыланууга алынууга тийиш. ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-96" title="96-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>