93-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну узартуу, өзгөртүү жана токтотуу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусунун негизинде сот тарабынан жүзөгө ашырылат. (2) Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү чаралар белгиленген адамдар, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же алардын түрүн өзгөртүү жөнүндө сот алдында иш козгоонун мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн кеминде алты айда бир жолу врач психиатрлардын комиссиясында каралып, алардын күбөлөндүрүүсүнөн өтүүгө тийиш. Медициналык мүнөздөгү чараны өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздер болбосо врач-психиатрлардын комиссиясы бул чараны колдонууну узартуу жөнүндө корутунду берет, ал корутунду дарылоо мекемесинин администрациясы тарабынан жылына кеминде бир жолу кароо үчүн сотко жөнөтүлүп турат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
93-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Решение Конституционного суда КР от 10 апреля 2001 года ( по ходатайству гражданина Хамысбекова Леджеба Джакшыбековича о признании неконституционной и несоответствующей пункту 4…Решение · 10.04.2001
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- (Русский) Решение от 10 апреля 2001 годаРешение Конституционного суда · 13.01.1998
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-93" title="93-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>