92-статья. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын белгилөөнүн негиздери
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 15-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Милдеттүү амбулатордук байкоо жүргүзүү жана психиатрда дарылоо (мажбурлап диспансерлештирүү) оорусу күчөбөгөн психикалык оорулууларга, ошондой эле психикасы бузулган оорудан сакайган адамдарга карата, активдүү байкоо жүргүзүү, оорунун өнөкөт алышын жана жаңы коомдук коркунучтуу жосундардын алдын алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. (2) Катардагы байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча ооруканада кармоого муктаж болгон оорулууга карата белгилениши мүмкүн. (3) Күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, граждандардын өмүрүнө кол салуу менен байланышпаган коомдук коркунучтуу жосун жасаган жана психикалык абалы боюнча айлана-тегерегиндегилерге коркунуч келтирбеген, бирок ооруканада кармоого жана күчөтүлгөн байкоо жүргүзүү шарттарында дарылоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн. (4) Катуу байкоо жүргүзүү менен психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо, психикалык абалы жана жасаган коомдук коркунучтуу жосунунун мүнөзү боюнча коом үчүн өзгөчө коркунуч келтирген жана катуу байкоо жүргүзүү шарттарында ооруканада кармоого муктаж болгон психикалык оорулууга белгилениши мүмкүн. (5) Күчөтүлгөн жана катуу байкоо жүргүзүүчү психиатриялык ооруканаларга жайгаштырылган адамдар, алардын жаңы коомдук коркунучтуу жосунду жасашына мүмкүнчүлүк бербеген шарттарда кармалышат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
92-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-92" title="92-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>