76-статья. Соттуулук
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
(1) Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып соттуулугу жоюлган же алынып салынган учурга чейин соттолгон деп эсептелет. Соттуулук ушул Кодекске ылайык өнөкөт кылмыштар учурунда жана жаза белгилөөдө эске алынат. (2) Соттун өкүмү менен жазадан бошотулган адам соттолгон эмес деп эсептелет. (3) Соттуулук:
1) шарттуу соттолгон адамдарга карата - сынак мөөнөтү бүткөндө;
2) эркиндигинен ажыратууга караганда жазанын кыйла жеңил түрлөрүнө соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн же жазаны аткаргандан кийин бир жыл өткөндө;
3) чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин үч жыл өткөндө;
4) анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин беш жыл өткөндө;
5) оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин сегиз жыл өткөндө;
6) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат.
(3-1) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн негизги жазага айып түрүндө соттолгон адамдардын соттуулугу, жазасын толугу менен аткаргандан кийин ушул статьянын 3-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарына ылайык жоюлат. (4) Эгерде соттолгон адам мыйзамда белгиленген тартипте жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулса же жазанын өтөлбөгөн бөлүгү жазанын кыйла жеңил түрү менен алмаштырылса, соттуулуктун жоюлушунун мөөнөтү жазанын өтөлгөн мөөнөтүнө таянуу менен жазанын негизги жана кошумча түрлөрүн өтөөдөн бошотулган учурдан тартып эсептелет. (5) Эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат. (6) Соттуулуктун жоюулушу же алынып салынышы соттуулукка байланышкан бардык укуктук кесепеттерди жокко чыгарат. (КР 2004-жылдын 27-июлундагы № 101, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2004 года № 101 "О внесении дополнения и изменений в Уголовный Кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 27-январыдагы № 1-р ("Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин…Решение · 27.01.2016 · № 1-р
- КР Жогорку сотунун конституциялыкпалатасынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы №10-р "жаран Немат Максутович Катагановдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу…Решение · 15.04.2015 · № 6-р
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-76" title="76-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>