16-статья. Өнөкөт кылмыштар
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам тарабынан атайылап кылмыш жасоо өнөкөт кылмыштар деп табылат. (2) Төмөндөгү учурларда өнөкөт кылмыштар коркунучтуу деп табылат:
1) эгерде мурда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасаса жана ал үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолсо;
2) эгерде мурда эки жолу оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам оор кылмыш жасаса.
(3) Төмөндөгү учурларда өнөкөт кылмыштар өзгөчө коркунучтуу деп таанылат:
1) эгерде мурда жасаган оор кылмыштары үчүн үч же андан көп жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам атайылап кылмыш жасап, ал үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолсо;
2) мурда оор кылмыш жасагандыгы үчүн үч жолу соттолгон же эки жолу өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам оор кылмыш жасаса;
3) мурда өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам өзгөчө оор кылмыш жасаса.
(4) Кылмыштарды өнөкөт кылмыштар деп таанууда төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) чоң коркунуч келтирбеген атайын кылмыш үчүн соттуулук;
2) он сегиз жашка чейинки адам жасаган кылмыш үчүн соттуулук;
3) шарттуу деп таанылган кылмыштар үчүн, болбосо өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу берилгендиги боюнча соттуулук, эгерде шарттуу соттуулук же өкүмдү аткарууну кийинкиге калтыруу жоюлбаган жана адам жазаны өтөө үчүн эркинен ажыратуу жайына жөнөтүлбөгөн, ошондой эле ушул Кодекстин 76-статьясында белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган соттуулуктар.
4) адамга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жаза дайындалган кылмыштар үчүн соттуулуктар.
(5) Өнөкөт кылмыштар ушул Кодексте каралган негиздерде жана чектерде кыйла катуу жазага тартууга алып келет. Эскертүү. Кыргыз Республикасында да кылмыш деп таанылган жосундар үчүн чет мамлекеттеги соттуулук өнөкөт кылмыштар деп таанууда эске алынат. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2003-жылдын 11-июнундагы № 99, 2006-жылдын 13-февралындагы № 56, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 февраля 2006 года № 56 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 июня 2003 года № 99 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики и Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-16" title="16-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>