52-статья. Мүлктү конфискациялоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
52-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 52-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Мүлктү конфискациялоо төмөнкүлөрдү мамлекеттин менчигине мажбурлап акысыз алып коюуда турат:
1) соттолгондун мүлкүн жана (же) андан алынган кирешелерди, кылмыш жасоодо пайдаланылган же кандайдыр-бир жол менен пайдалануу үчүн арналган жабдууларды, курал-жарактарды жана башка каражаттарды;
2) эгерде мүлктү алган адам ал кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгын билсе же билиши керек болсо, соттолгон тарабынан башка адамга берилген мүлктү;
3) кылмыштуу кирешени легалдаштыруунун (адалдоонун) натыйжаларында алынган кылмыштуу кирешелерди же кылмыштуу кирешеден кандай болбосун кирешени (үзүрдү);
4) эгерде кылмыштуу кирешелер мыйзамдуу булактардан сатып алынган мүлккө кошулуп коюлса, кошулуп коюлган кылмыштуу кирешелердин бааланган наркына ылайык келген мүлктү же мүлктүн бөлүгүн.
2. Эгерде алар тергөө органдары же сот тарабынан мүлктү кыймылсыз кармоо, камакка алуу жана конфискациялоо боюнча чаралар көрүлгөндөн кийин келип чыкса, мүлктү конфискациялоодо мамлекет соттолгондун карыздары жана милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
Конфискацияланган мүлктүн эсебинен канааттандырылууга жаткан дооматтарга карата мамлекет ушул мүлктүн чектеринде гана жооп берет, ошондой болсо дагы дооматтарды канааттандыруунун кезектүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде белгиленген эрежелер сакталат.
3. Эгерде мүлктүн бир гана бөлүгү конфискацияланууга тийиш болсо, анда сот мүлктүн кайсы бөлүгү конфискациялана тургандыгын көрсөтүүгө же конфискациялануучу буюмдарды тизмелөөгө тийиш.
Эгерде мүлккө кирген белгилүү буюмду конфискациялоо сот тарабынан бул буюмду конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, анын колдонулгандыгына, сатылгандыгына байланыштуу же башка себептер боюнча мүмкүн болбосо, сот бул буюмдун наркына ылайык келген акча суммасын конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.
4. Мүлктү конфискациялоо сот тарабынан ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында каралган пайда табуу ниети менен атайылап жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана дайындалышы мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 9 июня 2000 года 3 № 93-п "О повестке дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Постановление · 09.06.2000 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004-жылдын 29-ноябрынын, № 870 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы курошуу жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз…Постановление · 29.11.2004 · № 870 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской РеспубликиЗакон · 01.10.1997 · № 69 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-52" title="52-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>