370-статья. Курал-жаракты жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу нерселерди колдонуу эрежелерин бузуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2007 года № 150
(1) Курал-жаракты, ошондой эле, ок-дарыларды, радиоактивдүү материалдарды, жарылуучу жана айлана-тегеректегилер үчүн өтө коркунучтуу башка заттарды жана нерселерди колдонуу эрежелерин бузганда, мунун өзү байкабастыктан жабырлануучунун саламаттыгына оор же анча оор эмес залал келтирүүгө, аскердик техниканы жок кылууга же болбосо башка оор кесепеттерге алып келсе, - бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун, байкабастыктан эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келсе, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
370-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-370" title="370-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>