Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2007-жылдын 10-августу № 150
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 47-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-статья. Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо
Тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо ушул Кодексте каралган учурларда мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата үч айдан бир жылга чейин, ошондой эле сот иштин жагдайларын жана айыпкердин инсандыгын эс- ке алуу менен беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуунун ор- дуна тартиптик аскер бөлүгүндө бир жылга чейинки мөөнөткө кармоону кол- донуу керек деп тапкан учурда колдонулат.".
2. 355-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бир жылга" деген сөздөр "алты ай- га" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "беш" деген сөз "үч" деген сөз ме- нен алмаштырылсын; 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген сөздөр "бир жыл- га" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 357-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген
сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 358-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "бир жылга" деген сөз-
дүн алдынан "алты айга чейин тартиптик бөлүктө кармоого же болбосо" де- ген сөздөр менен толукталсын.
5. 359-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бир жылга" деген сөздөр "алты ай- га" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "үч" деген сөз "эки" деген сөз менен алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бир жылдан эки жылга чейинки" де- ген сөздөр "алты айдан бир жылга чейинки" деген сөздөр менен алмашты- рылсын.
6. 362-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген
сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 363-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген сөздөр "бир жыл- га" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген сөздөр "бир жыл- га" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 367-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген
сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 369-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген
сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "же болбосо алты айга чейинки мөөнөткө камакка алууга" деген сөздөр алып салынсын.
10. 370-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки жылга" деген
сөздөр "бир жылга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон