359-статья. Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 33-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2007 года № 150
(1) Мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетсе, ошого тете бөлүктөн убактылуу кое берилгенде, дайындалганда, которулганда, иш сапарынан, өргүүдөн же дарылоо мекемесинен үч суткадан ашуун, бирок бир айдан ашпаган убакытта кызматка жүйөлүү себептерсиз өз мөөнөтүндө келбей койгондо, - алты айга чейин дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Биринчи бөлүктө каралган жосундар жасалганда, өзү билип таштап кетүү бир айдан ашык болсо, - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө дисциплинардык аскер бөлүгүндө кармоого же болбосо эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Офицердик курамдагы адам, прапорщик, мичман же мөөнөтүнөн ашык кызмат өтөгөн аскер кызматчысы бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетсе, ошого тете жүйөлүү себептерсиз он суткадан ашык узактыкта, бирок бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде же болбосо он суткадан кем, бирок үч суткадан ашык келбей койсо, бул жыл ичинде кайталап жасалса, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган жосундар, эгерде өзү билип таштап кетүү бир айдан ашык болсо, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде бөлүктү өзү билип таштап кетүүгө оор жагдайлар себеп болсо, ушул статьяда каралган жосунду биринчи жолу жасаган аскер кызматкерлери кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. (КР 2007-жылдын 10-августундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
359-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-359" title="359-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>