Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2991-статья. Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 29-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
(1) Иш-аракети улуттук (этностор аралык), расалык, диний жана регион аралык кастыкты козутуу, улуттук кадыр-баркты басмырлоо, жарандын динге карата мамилесинин белгилери боюнча анын өзгөчөлүгүн, үстөмдүгүн же болбосо толук кандуу эместигин пропагандалоо менен коштолгон коомдук бирикмени жана диний уюмду же болбосо башка уюмду түзүү жана ага жетекчиликти ишке ашыруу, - кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен бештен жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө, ошондой эле жарандарды алардын ишине тартууга байланыштуу сот тарабынан жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишин уюштуруу - кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен алтыдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (3) экстремисттик иш-аракет жүргүзүүгө байланыштуу жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишине катышуу, - кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. (4) Өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам, ошондой эле экстремисттик мүнөздөгү (экстремисттик иш-аракет) кылмыш үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалган, ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосун, - кандайдыр бир кызматты ээлөө же кандайдыр бир иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен жетиден он жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Эскертүү. Экстремисттик иш-аракетти жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган коомдук бирикменин жана диний уюмдун же болбосо башка уюмдун ишине катышууну ыктыярдуу түрдө токтоткон же ал мындай бирикмелердин жана уюмдардын уюштуруучуларын жана мүчөлөрүн аныктоодо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөктөшкөн адам, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы камтылбаса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2009-жылдын 20-февралындагы № 60, 2013-жылдын 3-августундагы № 180, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 180 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 февраля 2009 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.05.2016 · № 54 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-2991" title="2991-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>