КР «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 3-августу № 180 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7,.229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 226-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «беш жылдан он жылга чейинки» деген сөздөр «сегиз жылдан он эки жылга» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүктө:
- 2-пункт «ок атуучу куралды» деген сөздөрдөн кийин «ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн» деген сөздөр менен толукталсын»;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) стратегиялык объектилерде жасалганда, -»
- экинчи абзацындагы «сегиз жылдан он беш жылга» деген сөздөр «он эки жылдан он беш жылга» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-бөлүктүн экинчи абзацы «жазаланат» деген сөздөн кийин «же өмүр бою эркиндигинен ажыратылат» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 226-3-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.». 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
3. 228-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
4. 229-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эки» деген сөз «үч» деген сөзгө алмаштырылсын; 2-бөлүктүн экинчи абзацы «беш» деген сөздөн мурда «үч жылдан» деген сөздөр менен толукталсын.
5. 232-статьянын 2-бөлүгүндө:
3-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3) ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жарылгыч, уулуу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды же ядролук, химиялык, биологиялык жана массалык кыргынга учуратуучу курал-жарактардын башка түрлөрүн же курал катары пайдаланылган нерселерди колдонуу менен жасалса;». бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: «4) коомчулукту коркутуу, же жеке жана юридикалык жакты, эл аралык уюмду же мамлекетти кандайдыр-бир аракетти жасоого мажбурлоо же андан баш тартуу максатында жасалганда, -».
6. 239-статьяда:
2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «(2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланган адам тарабынан жасалса, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».
7. 299-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын; 2-бөлүктүн алтынчы абзацында:
- «эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын;
- «жети» деген сөз «сегиз» деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 299-1-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын. 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн эки миңден алты миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын. 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын. 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн үч миңден жети миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын.
9. 299-2-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «299-2-статья. Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу»; 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «(1) Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу, -»; 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн бир миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын; 2-бөлүктүн жетинчи абзацындагы «эсептик көрсөткүчтүн беш миңден жети миңге чейинки өлчөмүндө айып тартуу же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын.
10. 350-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «элүү эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айыпка же болбосо жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук иштерге, же болбосо» деген сөздөр алынып салынсын. статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын: «(5) Ошол эле жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдаланган адам тарабынан жасалганда, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (6) ушул статьянын 1-5-бөлүктөрүндө каралган жосундар, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - төрт жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
11. 376-статьянын биринчи абзацы «эл аралык уюмдун кызматчысына» деген сөздөрдөн кийин «же аны менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрүнө» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 11-январындагы "Жарандар Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын, Бакыт Раманкулович…Постановление · 11.01.2018
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон