Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
299-3-статья. Экстремисттик ишти каржылоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 29-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Экстремисттик ишти каржылоо, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүргүзүүнү каржылоого багыштоо же толук же жарым-жартылай пайдалануу ниети менен же мындай арналышын же пайдаланылышын билип туруп, ар кандай усулдар же ыкмалар менен, тикелей же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды мыйзамсыз берүү, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү же каражаттарды топтоону жүзөгө ашыруу, - мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракет төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу;
3) уюшкан кылмыштуу топ, -
мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүүлөр.
1. Ушул статьяда экстремисттик мүнөздөгү кылмышты даярдаган же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролдугунда турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же мындай каражаттарды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат.
2. Ушул статьяда пайдаланылган "каражаттар", "экстремисттик уюм", "экстремисттик иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
3. Экстремисттик ишти каржылоону жүргүзүүгө катышкандыгы үчүн юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10 ноябрындагы № 764 ""Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 10.11.2015 · № 764 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 764 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-299-3" title="299-3-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>