Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 10-ноябры № 764 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Уюшкан кылмыштуулук жана экстремисттик иштер менен натыйжалуу күрөшүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 163-статьяда: 1-бөлүгүндө:
- "231" деген цифралар алып салынсын;
"234-245-статьялары" деген цифралар жана сөздөр "234-240-статьялары, 245-статьясынын 4-бөлүгү, 243-245-статьялары" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "302" деген цифралар "299, 300-302" деген цифралар менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-1 - 14-2-бөлүктөр менен толукталсын: "(14-1) Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы жана 241-статьясынын 1, 2 жана 3-бөлүктөрү) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт. (14-2) Конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1, 299-2 жана 299-3-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 16-мартындагы № 372-VI "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 16.03.2016 · № 372-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 3-мартындагы № 324-VI "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 03.03.2016 · № 324-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 423-VI "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 06.04.2016 · № 423-VI
Шилтеме берет (4)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон