Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2262-статья. Террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тартуу же аларды жасоого башка көмөктөрдү көрсөтүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
(1) Ушул кодекстин 226, 2261, 2263-2265, 227, 229, 232, 294, 2951 296, 299-2993, 376-статьяларында каралган кылмыштарды жасоого адамды тартуу, же террорчулук же экстремисттик уюмдун иш аракеттерине катышууга адамды үгүттөө, же жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштардын бирин жасоо максатында адамды куралдандыруу, болбосо окутуу жана даярдоо - сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) адам өзүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен;
2) жашы жетпегендерге карата жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Кылмыш жасаган адам ушул статьяда көрсөтүлгөндөй, эгерде ал бийлик органдарына өз мезгилинде билдирүү же башка ыкмалар менен ушул статьяда көрсөтүлгөн кылмыштардын алдын алууга же болтурбоого көмөкчү болсо жана анын аракеттеринде кылмыштын башка түрлөрү болбосо, ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2009-жылдын 17-мартындагы № 83, 2015-жылдын 21-июлундагы № 18, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 марта 2009 года № 83 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-2262" title="2262-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>