Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2261-статья. Террорчулук ишти финансылоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2016 года № 162
(1) Террорчулук ишти финансылоо, башкача айтканда каражаттар террорчуну жана (же) террордук уюмду толук же жарым-жартылай финансылоо үчүн же болбосо террористтик актыларды жасоо, пландоо, даярдоо же жасоого катышуу максатында же террористтерди даярдоо же мындай даярдыктан өтүү үчүн алар жашабаган же жарандыгы болбогон мамлекетке жөнөтүлүп жаткан адамдардын сапарын финансылоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чектеринен тышкары террорчулук ишти уюштурууну, даярдоону же жасоону финансылоо үчүн багытталаарына же пайдаланылаарына ниеттенүү же аңдап билүү менен мыйзамсыз каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды кандай болбосун усул же ыкма менен, тикелей же кыйыр чогултууну жүзөгө ашыруу, - мүлкүн конфискациялоо менен төрттөн сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адам тарабынан;
2) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү.
1. Ушул статьяда террордук мүнөздөгү кылмышты даярдаган же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же террордук уюмдун көзөмөлүнүн астында турган каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо ушундай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же ушундай каражаттарды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүүлөр деп таанылат.
2. Ушул статьяда пайдаланылуучу "каражаттар", "террорист", "террористтик уюм", "террористтик иш" деген терминдер мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83, 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 мая 2013 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-2261" title="2261-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>