157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 20-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 июля 2013 года № 126
(1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттарды врачтын дайындоосуз керектөөгө, селсаяктык же кайырчылык кылууга же болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, - беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт. (КР 2011-жылдын 1-ноябрындагы № 195, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
157-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 299 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.06.2011 · № 299
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 09.08.2011 · № 152 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-157" title="157-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>