Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 9-июлу № 126 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 63-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыздардын жана жашы жете элек адамдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга, ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.".
2. 129-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"129-статья. Зордуктоо
(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдарга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен жабырлануучунун каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо:
1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;
2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;
5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо:
1) жашы жете электерге карата жасалганда;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;
4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер жаш балдарга карата жасалганда, - жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушун, күнөөлүү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (жасалган зордуктоонун натыйжасында боюнда болуп калууну, жатындын тышына боюна бүтүп калууну, боюнан түшүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну, жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготууну же бала төрөөнү), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек. Он сегиз жашка толо элек адам жашы жете элек болуп эсептелет. Ал эми он төрт жашка толо элек жаш бала болуп эсептелет.".
3. 130-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) жашы жете элек адамга карата жасалса;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;
4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе;
5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, - жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 131-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо
(1) Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, - эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) жашы жете элек адамга карата жасалса;
2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
үч жылга чейин окутуучулук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, - үч жылга чейин педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 133-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"133-статья. Ыплас аракеттер
(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". (3) Ошол эле жосундар жаш адамдарга карата жасалганда, - үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
6. 157-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "сойкулукка, сексуалдык аракеттерди жасоого," деген сөздөр алып салынсын.
7. 260-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамды азгырып тартуу менен жасалганда, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле жосундар жаш адамды азгырып тартуу менен жасалганда, - он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
8. 261-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) Ошол эле жосундар жашы жете элек адамды азгырып тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "(4) Ошол эле жосундар жаш адамды азгырып тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 262-1-статьяда:
статьянын аталышында, 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында жана 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда "билип туруп" деген сөздөр алып салынсын; 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки" деген сөз "беш жылдан сегиз" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эки жылдан үч" деген сөздөр "сегиз жылдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон