139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26
(1) Гражданиндин өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүнүн купуялуулугун сырын бузуу, ошондой эле аларга өз милдеттерин аткарууларына байланыштуу шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын же шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ишине тоскоолдук кылуу - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салуу же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Кызмат орундук же кызматтык абалды пайдалануу менен шайлоо комиссиясынын, референдум өткөрүү боюнча комиссиянын шайлоо жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына, анын чечимине таасир этүү максаты менен кийлигишүүсү, алып айтканда, кызмат адамынын талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын саноо маселелери боюнча жана шайлоо комиссиясынын, референдумду өткөрүү боюнча комиссиянын гана компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча талаптары же көрсөтмөлөрү - эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар:
1) алдоо, мажбурлоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолгондо;
2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда;
3) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча жасалганда;
4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин айып салууга же белгилүү кызмат орундарын ээлөө укугунан же белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылга чейин ажыратууга, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
139-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 марта 2012 года № 10 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-139" title="139-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>