Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын, 13-сентябрындагы № 428
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол
коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара жер
участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо
тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашуунун
7-статьясьшын биринчи абзацына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду
аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «2005-жылдын 18-майында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасыньш Өкмөтүнүн
ортосундагы өз ара жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө Макулдашууну
ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
макулдук берилсин.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча
мамлекеттик агентствонун директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Шарк айылдык кеңешинин 2012-жылдын 21 апрелиндеги №2 "Шарк айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социялдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 21.04.2012 · № 2
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон