Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара жер участокторун бөлүп беруү жөнүндө Макулдашуу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-сентябрындагы № 428 токтому
менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда өз ара жер
участокторун бөлүп беруү жөнүндө
Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Тажикстан Республикасынын Өкмөтү,
ынак коњшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык маанайында
аракеттенип,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Тажикстан
Республикасынын Премьер-министринин ортосунда жогорку вольттогу электр
өткөрүү линиясын жана автомобиль жолун куруу үчүн өз ара жер
участокторун бөлүп берүү маселеси боюнча 2004-жылдын 21-майында болуп
өткөн жолугушуунун Протоколундагы жоболорго негизденип,
жогорку вольттогу электр өткөрүү линиясын жана автомобиль жолун
куруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүп берүүнү камсыз кылуу
максатында,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья
Тараптар аныкталган тартипте бир айлык мөөнөттүн ичинде төмөнкү жер
участокторун бөлүп берүү маселесин чечишет:
- Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен районунун
аймагында Тажикстан Республикасы үчүн 220 кВ электр өткөрүү линиясын
куруу үчүн гана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын "Айгүл-Таш"
подстанциясынан Тажикстан Республикасынын Согду областынын "Канибадам"
подстанциясын карай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ьшайык;
- Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфара районунун
аймагында, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун кыргыз-тажик
мамлекеттик чегарасынын линиясы менен кесилишкен жердеги чекитинен
баштап, Ош-Исфана автомобиль жолунун чыгыш тарабынан, Кыргыз
Республикасына Ош-Исфана автомобиль жолунун участогун куруу үчүн гана
жер участогу, Тажикстан Республикасынын Согду областынын Исфара
районунун Сурх айылынан түндүгүрөөктө авариялык сел өткөрүүчү нук
аркылуу көпүрө менен жана Исфара-Ворух автожолунун үстүндөгү жол менен
кошулган эстакадалык жол өткөргүч түрүндө, жана андан ары Исфара
дарыясынын сол жээгин жана "Танги Сурх" тоосунун этегин бойлой батышты
карай долбоорлонуп жаткан автомобиль жолу Тажикстан Республикасы менен
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегараларынын линиясы менен батыш
тарабынан кесилишкен, Шуристан сел өткөрүүчү нугу аркылуу көпүрө
алдында өтүүчү чекитке, жана 110 кВ электр өткөрүү линиясынын
участкасы "Айгүл-Таш" подстанциясынан Тажикстан Республикасынын Ходжа-
Ало Жаомата Чорку калктуу конушунан түштүктөгү "Самат" подстанциясына
чейин, Тажикстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык (Тиркеме);
Ош-Исфана автожолунун участкасындагы жасалма курулуштардын сандык
курамы деталдык долбоорлоонун жүрүшүндө такталат.
Тиркеме бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2-статья
220 кВ электр өткөрүү линиясын курууга байланыштуу турак үйлөрдүн
жана имараттардын, ошондой эле башка курулуштардын, көп жылдык
отургузма өсүмдүктөрдүн мүмкүн бояуучу алынып таштоолоруна, ошондой
эле жер иштеткен жарандардын жер участокторун алмаштырууга тиешелүү
бардык компенсациялык төлөмдөрдү кыргыз тарабы тартат, ал эми Ош-
Исфана автожолунун участкасын жана 110 кВ электр өткөрүү линиясын
курууга байланышкан жогоруда белгиленген төлөмдөрдү тажик тарабы
тартат.
3-статья
Бул Макулдашуунун алкагында иш жүзүндө өз ара аракеттешүүнү
координациялоо жана аны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу
максатында Тараптар биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамына
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү киришет.
4-статья
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар бул Макулдашуунун ажырагыс
бөлүгү болуп эсептелген атайын Протокол менен таризделет.
Бул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптардын ортосунда
пайда болгон талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү
жана консультацияларды өткөрүү жолу менен чечилет.
5-статья
Тараптар ушул Макулдашуунун 1-статьясында эскертилген жер
участокторун бири-бирине 49-жылдык мөөнөткө ижарага беришет жана жыл
сайын 1 АКШ доллары өлчөмүндөгү ижара акысын алышат.
Бөлүнүп берилген жер участокторунда жогоруда аталган объектилерди
курууга катышкан Тараптардын жарандарына жана транспорт каражаттарына
бул объектилерди куруу жана иштетүү мөөнөтүнүн ичинде эч тоскоолдуксуз
кесип өтүү жана кыймылдап жүрүү укуктары берилет.
6-статья
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын
ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын делимиттөөнү жана
демаркациялоону жүргүзүү учурунда бул Макулдашуунун жоболоруна
таянбоого тийиш.
7-статья
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон
мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу
жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана 49 жылдын
ичинде колдонулат.
Бул Макулдашуунун аракети Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча
узартылышы мүмкүн.
Душамбе шаарында 2005-жылдын 18 майында эки түп нускада, ар бири
кыргыз, орус жана тажик тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер
бирдей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда
болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасынын
Өкмөтү учүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.