Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-08-18.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-августундагы № 375
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган
мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын
28-августундагы № 531 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасында
адамдарды мыйзамсыз ташып кетүүгө жана сатууга каршы күрөшүү боюнча
чаралар жөнүндө" 2002-жылдын 21-апрелиндеги № 94 Жарлыгын аткаруу
максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтө токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекеме-
лердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтому
менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде
турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары
жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен
толукталсын:
"г) Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары
жумушка орноштурууга байланыштуу ишке уруксатты же иш-аракет
укугуна уруксатты тариздеген жеке адамдар менен юридикалык жактарга
өткөрүлүп берилүүгө тийин болгон депозиттик суммалар ушул уруксат-
тардын колдонулуш мөөнөтүнүн аралыгында сакталат.".
Премьер-министрдин
милдетин аткаруучу Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики" (Постановление Правительства КР от 28 августа 2000…Положение · 28.08.2000 · № 531
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 21 апреля 2002 года № 94 "О мерах по борьбе с незаконным вывозом и торговлей людьми в Кыргызской Республике "Указ · 21.04.2002 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2000 года №531 "О специальных средствах и депозитных суммах учреждений, состоящих на государственном бюджете Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2000 · № 531 · Күчүн жоготкон