Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 31-январындагы
№ 45 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында асыл тукум мал
чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга
чейинки концепциясы
Киришүү
1. Концепциянын негиздемеси жана асыл тукум мал чарбачылыктын
азыркы абалы
2. Концепциянын максаттары жана милдеттери
3. Асыл тукумдук мал чарбачылыкты өнүктүрүү стратегиясы
4. Иш-чараларды аткаруунун уюштуруучулук-экономикалык механизми
5. Асыл тукум мал чарбасындагы иш-чараларды аткаруунун
социалдык-экономикалык натыйжаларына баа
Киришүү
Асыл тукум өстүрүү иши - айыл чарба жаныбарларынын сактоого, са-
паттарын жакшыртууга жана жањы породаларын, типтерин жана линияларын
жакшыртууга жана түзүүгө багытталган зоологиялык, биологиялык-генетика-
лык жана уюштуруучулук-чарбалык иш-чаралардын системасы. Селекция-
лык-асыл тукумдук ишти селекциянын жана генетиканын дүйнөлүк жетишкен-
диктерин колдонуу менен уюштуруу боюнча иш-чаралардын комплексин
жүргүзмөйүнчө республикада жалпы эле мал чарбачылыкты андан ары ийги-
ликтүү өнүктүрүү мүмкүн эмес.
Бул Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты
өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы (мындан ары - Концепция)
асыл тукумдук иштин системасын андан ары өнүктүрүүнүн, асыл тукум мал-
дын сапатын жакшыртуунун жана санын көбөйтүүнүн негизги багыттарын
аныктайт.
Концепция "Кыргыз Республикасынын мал чарбачылыгындагы асыл тукум
иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1. Концепциянын негиздемеси жана
асыл тукум мал чарбачылыктын
азыркы абалы
Кыргызстанды социалдык-экономикалык өнүктүрүү проблемасын чечүүдө
мал чарбачылыкты өнүктүрүү, айыл чарба жаныбарларынын санын көбөйтүү
жана малдын бардык түрлөрүнүн продукттуулугун арттыруу чоњ мааниге ээ.
Республиканын жаратылыштык-климаттык шарттары мал чарбасын ийгиликтүү
өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, мында айыл чарбалык жерлердин 83 проценти,
же 9,6 млн. гектар тоодогу чөбү оттуу табигый жайыттар. Мындан бир аз
мурда эле республикада 10 млн. баштан ашык кой-эчки, 1,2 млн. мүйүздүү
бодо мал, анын ичинде 75 мињ топоз, 320 мињ жылкы, 232 мињ чочко, 6,3
млн. айыл чарбалык канаттуулар бар болчу. Мал чарбасында селекция-
лык-асыл тукумдук ишти жүргүзүү системасы республиканын бүткүл аймагын-
да жайылтылып, анын структурасына асыл тукум заводдор, чарбалар, ферма-
лар, жасалма куут станциялары кирген. Республикада 550 мињден ашык асыл
тукум кой жана эчки, 55 мињ асыл тукум мүйүздүү бодо мал, 30 мињдей
асыл тукум жылкы болуп, алар товардык чарбалардын жогорку сапаттуу асыл
тукум материалга муктаждыктарын толук канааттандырып, бул болсо малдын
жогорку продукттуулугун жана айыл чарба продукциясын өндүрүүнү камсыз-
дап турган. 1990-жылы бир уйдан сүт саап алуу республика боюнча орточо
3210 кг түзгөн, ал эми бир койдон жүн алуу - 3,52 кг болгон, бул мурда-
гы Советтер Союзунун республикалары арасында мыкты көрсөткүчтөрдүн бири
болчу.
Бирок өткөөл мезгилдин шартында республиканын асыл тукум мал чар-
басы айрым терс өзгөрүштөргө дуушар болду, ал негизинен асыл тукум мал-
дын саны азайышынан жана асыл тукумдук субъекттердин товардык чарбалар-
ды жогорку баалуу асыл тукум материал менен камсыздоо боюнча иштери ка-
нааттанарлык эместигинен көрүнөт. Асыл тукум заводдор жана чарбалар мал
чарбачылыкты малды бардык зоотехникалык нормаларын сактоо менен тоют-
тандыруунун жана багуунун, төлдү өстүрүүнүн, баштапкы асыл тукумдук
эсепти жүргүзүүнүн жогорку маданиятынын борборлору болбой калышты. Фер-
мерлер тараптан асыл тукум продукцияга талаптын жоктугу сапаты төмөн
өндүргүчтөрдү бардык жерде колдонууга алып келип, бул малдын тукумунун
начарлашына жана продукттуулугу азайышына алып келди. Ошондой болсо да,
өз убагында чара көрүүнүн натыйжасында малдын ата мекендик селекциялык
ядросун сактап калууга, жеке менчик асыл тукум фермерликти жана сервис-
тик тейлөө институтун түзүүгө жетишилди.
Азыркы учурда республикада кой жана эчки өстүрүү боюнча 63,
мүйүздүү бодо мал боюнча - 92, жылкы боюнча - 42, айыл чарба канаттуу-
лары боюнча 7 мамлекеттик, кооперативдик, жеке менчик фермердик асыл
тукум чарбалар бар. Аларда 66,5 мињ асыл тукум кой жана эчки, 29,2 мињ
мүйүздүү бодо мал, 4 мињ асыл тукум жылкы жана 33,7 мињ айыл чарба ка-
наттуулары бар. Республикада чарбаларды жогорку сапаттуу генетикалык
материал менен камсыздоо боюнча жеке менчик компаниялар (Борбордук Ази-
ядагы асыл тукумдук сервистин үлгүсү боюнча), жасалма уруктандыруу
пункттары, малдын породаларын өстүрүү боюнча ар кандай ассоциациялар
жана фонддор түзүлүп жатат, алар республикада асыл тукумдук ишти андан
ары ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды жаратышат. Асыл тукум-
дук иш бүткүл мал чарбачылыкты ийгиликтүү өнүктүрүүнүн башкы фактору
болуп эсептелет жана, демек, айы өлкөдө болуп жаткан рыноктук
өзгөрүштөргө ылайык, дүйнөлүк жетишкендиктер менен интеграцияда сапат-
тык жактан жогорураак дењгээлге чыгарыш керек. Бул концепцияда асыл ту-
кумдук индустрияны андан ары өнүктүрүү жолунун асыл тукум жаныбарлардын
сапаттык жана сандык өсүшүнө, ал аркылуу өлкөнүн бүткүл мал чарбачылы-
гын өнүктүрүүгө шарт түзүүчү негизги багыттары белгиленди.
2. Концепциянын максаттары жана милдеттери
Бул Концепциянын негизги максаты асыл тукум мал чарбачылык тарма-
гындагы ишти активдештирүүгө, республикада болгон генетикалык ресурс-
тарды сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, жаныбарлардын
жогорку продуктулуу жањы породаларын, типтерин жана линияларын жаратуу-
га жана алардын асыл тукумдук сапаттарын жогорулатууга өбөлгө түзүүчү
укуктук, уюштуруучулук, финансылык жана башка шарттарды түзүү болуп
эсептелет.
Концепциянын негизги милдети асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү са-
ясатын ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп эспетелет, ал
төмөнкүлөрдү камтыйт:
- асыл тукум мал чарбасынын азыркы шартка ыњгайлаштырылган норма-
тивдик укуктук базасын өркүндөтүү;
- асыл тукумдук субъекттердин, айрыкча мамлекеттик асыл тукум за-
воддордун аларда максатка багытталган селекциялык иш жүргүзүү, асыл ту-
кумдук материапды өстүрүү жана кењири таратуу боюнча иштерин жакшыртуу;
- жаныбарларды жасалма уруктандыруу боюнча кызматты бардык жерлер-
де өнүктүрүү жана кењейтүү;
- айыл чарбалык жаныбарлардын бардык породалары боюнча жаныбарлар-
ды генетикалык жактан жакшыртууга багытталган ассоциацияларды жана
фонддорду түзүү ишин активдештирүү;
- жаныбарлардын генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу
пайдалануу, малдын жогорку продуктулуу породаларын, типтерин жана лини-
яларын түзүү ишинде зоотехника илиминин ролун күчөтүү;
- айыл чарбалык жаныбарлардын селекциясында дүйнөлүк генетикалык
ресурстарды, алдыњкы технологияларды жана дүйнөлүк практиканын жетиш-
кендиктерин кењири пайдалануу;
- асыл тукумдук жана зоотехникалык эсеп жүргүзүүнү, жана анын не-
гизинде мал чарбачылыктын тармактары боюнча жаныбарлардын асыл тукумдук
маалыматтар базасын (Асыл тукумдук китептерди) жүргүзүүнү калыбына кел-
тирүү;
- асыл тукумдук мал чарба тармагында эл аралык кызматташтыкты
түзүү жана Кыргызстандын генетикалык ресурстарды сактоо, түзүү жана са-
рамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү глобалдуу интеграциялык процесстерге
толук укуктуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү.
3. Асыл тукумдук мал чарбачылыкты
өнүктүрүү стратегиясы
2010-жылга чейинки мезгилде республиканын мал чарбасында асыл ту-
кум жаныбарлардын сандык жана сапаттык өсүшү камсыздалып, асыл тукум
чарбалардын материалдык-техникалык базасы чыњдалууга, асыл тукумдук
сервистик кызмат көрсөтүү тармагынын кењири өнүгүшү камсыздалууга ти-
йиш.
3.1. Мал чарбасынын тармактарын өнүктүрүү
Республикада мал чарбачылыктын башкы тармагы болуп мурункудай эле
кой чарбасы кала бермекчи, ал уяњ жүндүү, жарым уяњ жүндүү жана эт-май
багыттарында өнүктүрүлөт.
Уяњ жүндүү кой чарбасы экспорттук продукцияны - меринос жүндү
өндүрүүнү камсыздоого тийиш. Кыргыз коюнун уяњ жүндүү породасынын гене-
тикасын жакшыртуу австралиялык мериносторду кењири пайдалануу жолу ме-
нен ишке ашырылат. Алардын таза кандуу породаларын багуу Талас облусу-
нун Кара-Буура районунда, Чүй облусунун Кемин районунда жана Нарын об-
лусунун Ат-Башы районунда жөнгө салынган. Жергиликтүү уяњ жүндүү кой-
лордун базасында жогорку продуктулуу жањы порода - кыргыздын тоолук ме-
риносу түзүлүүгө тийиш, ал жүнүнүн жогорку продукттуулугу жана техноло-
гиялык параметрлеринин жогорулугу менен республикада уяњ жүндүү кой
чарбасына негиз болмокчу. Мурдагыдай эле, уяњ жүндүү койлор республика-
нын бардык райондорунда, айрыкча Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарын-
да таратылат.
Республиканын жарым уяњ жүндүү кой чарбасы тань-шань породасынан
турат, ал мындан ары эт берүү касиеттерин жана жүнүнүн технологиялык
сапаттарын жакшыртуу багытында өнүктүрүлөт. Эт берүү касиеттери эт ба-
гытында дүйнөдө белгилүү, жалпы таанылган "суффольк" жана "полипей" по-
родадарын, ал эми технологиялык касиеттери - австралиялык корриделди
пайдалануу жолу менен жакшыртылат. Жарым уяњ жүндүү койлордун тарапуу
зонасы Нарын региону менен катар, продукту берүүнүн ушул багытындагы
койлордун породаларына айрыкча ыњгайлуу Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында
кењейтилиши керек.
Алай породасындагы жарым кылчык жүндүү кой чарбасы абдан оор абал-
да калып, алардын саны өтө азайып кетти. Бул багыттагы кой чарбасын
өнүктүрүүдөгү башкы проблема апай породасындагы койлорду асыл тукумдук
репродукциялоого керектүү бекем базанын жоктугунда. Ошондуктан жарым
кылчык жүндүү кой чарбасын өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги милдет
таза кандуу алай коюн көбөйтүү үчүн асыл тукумдук база түзүүдө жана аны
республиканын түштүгүндөгү фермердик чарбаларга кењири таратууда турат.
Азыркы тапта кой чарбасынын келечектүү тармагы эт-май багытындагы
куйруктуу койлорду көбөйтүү болуп эсептелет, бул мындан ары да
өнүктүрүлөт. Жергиликтүү кылчык жүндүү койлордун продуктулук жана асыл
тукумдук сапаттарын жакшыртуу үчүн жергиликтүү куйруктуу койлор менен
аргындаштырганда жакшы натыйжа берген гиссар жана эдилбаев породалары-
нын генофондун кењири пайдалануу зарыл. Уяњ жүндүү койлорду гиссар по-
родасындагы кочкорго куудуруудан алынган эт-май багытындагы жањы айкөл
породалык тобундагы койлор менен селекциялык-асыл тукумдук ишти те-
рењдетүү жана анын таралуу ареалын кењейтүү зарыл.
Республикада эчки чарбасы тыбыт, жүн жана эт-сүт багыттарында
өнүктүрүлүүгө тийиш. Кыргыз породасындагы эчкилерди андан аркы селекци-
ялоо негизинен тыбыттын жана могер-жүндүн технологиялык сапаттарын (ич-
келиги, тегиздиги ж.б.) бул продукциянын экспорттук потенциалын түзүүчү
негизги элементтер катары жакшыртууга багытталган. Илгертен келаткан
жергиликтүү эчкилерди көбүнчө сүттүүлүгү жана тирүүлөй салмагынын ар-
тыктыгы менен мүнөздөлгөн заанен породасына аралаштыруу жолу менен сүт
багытын өнүктүрүү белгиленүүдө.
Республиканын мал чарбасында сүт жана эт өндүрүү үчүн терењ адис-
тештирүүнү жүргүзүү каралууда. Сүт багытындагы алатоо породасындагы уй-
дун базасында күрөњ типтеги атайын сүт багытындагы порода түзүлөт. Мын-
да америкалык жана швейцариялык селекциялардагы уйлардын швиц порода-
сындагы генофонд кењири пайдаланылат. Көбүнчө Голландиядагы жана Швей-
цариядагы голштин-фриз породасындагы жакшы букалардын уругун пайдалануу
менен уйдун кыргыз породасындагы карала тукуму түзүлөт. Сүт багытындагы
мал негизинен Чүй жана Талас өрөөндөрүндөгү чарбаларда таратылат, ал
жактарда сүткө жана сүт азыктарга керектөө жана экспорттук талап турук-
туу. Өлкөнүн башка региондорунда комбинацияланган типтеги алатоо поро-
дасындагы уйлар таралууга тийиш. Жогорку сапаттагы уй этин өндүрүү үчүн
эт багытындагы киян, шароле, абердин-ангус, галовей породаларынын урук-
тарын пайдаланып атайын эт багытындагы порода түзүлүүгө тийиш. Эт багы-
тындагы малды багуу ургаалдуу дыйканчылыктын шартында жана малды урга-
алдуу бордоо жана жаюу үчүн тоюту жетиштүү тоо этектериндегн зоналарда
өнүктүрүлүшү керек.
Арзан жана экологиялык таза эт өндүрүү үчүн республиканын бийик
тоолуу зоналарында топоз багуу кењири өнүктүрүлөт. Ысык-Көл, Нарын жана
Баткен облустарында кооперативдик жана жеке чарбалардын негизинде се-
лекциялык-асыл тукумдук иш жүргүзүү үчүн база түзүлөт. Топоздун кыргыз
тукумунун тектик жана продуктулук сапаттарын андан ары жакшыртуу үчүн
топоздун букаларын региондук ротациялоо, ошондой эле тирүүлөй салмагы
чоњ памир тукумундагы топоздун букаларын алып келүү зарыл.
Кийинки жылдарда жылкы чарбасы ар түрдүү - продуктулук, унаалык
жана спорттук багыттарда ийгиликтүү өнүгүп жатат. Республиканын бийик
тоолуу региондорунда жањы кыргыз тукумундагы жылкы мындан ары да
өнүктүрүлөт жана таратылат. Бул порода менен мындан аркы иш анын эт жа-
на сүт беришин көбөйтүүгө багытталат. Спорт багытындагы жылкы чарбасын
өнүктүрүү үчүн жылкынын таза кандуу жана жањы кыргыз тукумундагы мингич
породалары пайдаланылат.
Жергиликтүү калкта баркы чоњ күлүктөрдү жана жорголорду багуучу
жылкычылыкка өзгөчө көњүл буруу керек. Жылкынын жергиликтүү популяция-
сынын баалуу генофондун сактоо үчүн тукумунун тазалыгын сактоо жана са-
нын көбөйтүү үчүн реликтилик үйүрлөрдү түзүү зарыл.
Канаттуулар чарбасындагы мындан аркы селекциялык-асыл тукумдук иш
дүйнөдөгү мыкты гепотиптерди пайдалануу менен жумуртка берүүчү жана
бройлердик багыттарды өнүктүрүүгө бурулат. Жумуртка багытындагы (лег-
горн, родонит ж.б.) тоокторду линиялар аралык кросстоодон аргындарды
алуу жана көбөйтүү бир мекияндан жумуртка алууну 17-25 процентке чейин
көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ал эми эт багытындагы "Арбо-Агросс" кроссту
пайдалануу тооктун тирүүлөй салмагын 12-15 процентке көбөйтөт. Какатту-
улардын жумуртка жана эт багытындагы генофондун калыбына келтирүү жана
өнүктүрүү үчүн анын тукумдашын көбөйтүү максатында канаттуулардын гене-
тикалык ресурстарын түзүү зарыл.
Республиканын чочко чарбасында чочконун эт-май багытындагы ата ме-
кендик породалык тобун түзүү жана асыл тукумдук материалды репродукция-
лоо үчүн бекем база түзүү максатында Германиядан алынган эт-май багы-
тындагы камандарды пайдаланып чоњ ак чочкону көбөйтүү керек.
Республиканын мал чарба тармагьшда 2010-жылга чейинки мезгилде
асыл тукум малдын санынын негизги өсүшүндө мүйүздүү бодо мал 5,3 про-
центти; кой - 3,4 процентти; эчки - 3,4 процентти; жылкы - 1,6 процент-
ти; топоз - 4,3 процентти, чочко - 1,4 процентти жана канаттуулар 12,5
процентти түзүүгө тийиш (таблица).
Таблица
Айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын
түрлөрүнүн асыл тукум санынын 2010-жылга
чейинки өсүшүнүн божомолу (баш)
| Айыл чарбалык жаныбарлардын жана | Жылдар | |||
| канаттуулардын түрлөрү | ----------------------------------- | |||
| 2004-жыл | 2006-жыл | 2008-жыл | 2010-жыл | |
| Мүйүздүү бодо мал | 29500 | 35300 | 41100 | 52650 |
| Кой | 66500 | 78700 | 90850 | 102900 |
| Чочко | 1050 | 1100 | 1160 | 1210 |
| Жылкы | 4200 | 4670 | 5140 | 5615 |
| Топоз | 5150 | 6140 | 7125 | 8100 |
| Эчки | 8500 | 9800 | 11200 | 12500 |
| Үй канаттуулары | 337900 | 377100 | 400000 | 455500 |
Мурдагыдай эле, асыл тукум жаныбарларды өстүрүү боюнча асыл тукум
продукциянын репродукторунун жана көбөйтүүчүсүнүн функциялары мамлекет-
тик асыл тукум заводдорго берилет. Уяњ жүндүү кой багууда асыл тукумдук
негизги база Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Оргочор", Ош об-
лусунун Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык", Нарын облусунун Кочкор ра-
йонундагы "Кочкор" жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Лущихин
атындагы мамлекеттик асыл тукумдук заводдор, ал эми жарым уяњ жүндүү
кой чарбасында - Нарын облусундагы "Тянь-Шань" мамлекеттик асыл тукум
заводу болот. Уйдун алатоо породасы боюнча Чүй облусунун Аламүдүн райо-
нундагы Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум завод, Чүй облусу-
нун Сокулук районундагы Сокулук тажрыйбалык чарба, ал эми жылкы чарба-
сында - Нарын, Талас жана Ош жылкы заводдору асыл тукумдук база болуш-
макчы. Финансылык абалдын оордугуна карабастан асыл тукум заводдор асыл
тукум жаныбарларды өстүрүүнү улантып, генотибин жана продукттуулугун
эсепке алып, көп болбосо да асыл тукумдук ишти жүргүзүп жатышат. Бул
заводдордо жогорку баалуу линиялык жаныбарлар сакталып калган, жаныбар-
ларды касиеттеринин комплекси жана илимий негиздемелүү негизде бир тек-
тик жана гетерогендик тандоо жана ылгоо колдонулат. Бирок асыл тукум
жаныбарлардын саны аздыгы жана мамлекеттик асыл тукум заводдордо айдоо
жерлердин өлчөмү чакандыгы товардык өндүрүштүн керектөөлөрүн толук
көлөмдө камсыздоого мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан жеке менчик жана коо-
перативдик асыл тукумдук субъекттер тармагы кењири өнүктүрүлүшү керек.
Мисалы, Нарын облусунун Кочкор районундагы "Соњ-Көл", Ысык-Көл облусу-
нун Ак-Суу районундагы "Заря", Ысык-Көл облусунун Тоњ районундагы
"Асыл-Кой" кооперативдик чарбалар жана башкалар - уяњ жүндүү кой чарба
жагында, Нарын облусунун Нарын районундагы "Кара-Суу" кооперативи жана
Нарын, Ак-Талаа райондорундагы айрым фермердик чарбалар - жарым уяњ
жүндүү кой чарба жагында өнүктүрүлүшү керек. Талас облусунун Кара-Буура
районундагы "Алтын-Жүн", Чүй облусунун Кемин районундагы "Эрлан" жана
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы "Жумак" асыл тукум фермалары таза
кандуу австралиялык мериносторду көбөйтүү жана таратуу боюнча асыл ту-
кумдук база болуп калууга тийиш. Эт-май багытындагы кой чарбасында
Ысык-Көл облусунун Тоњ районундагы "Айкөл" кооперативи, Чүй облусунун
Сокулук районундагы "Сансызбай" асыл тукум чарбасы жана республиканын
түштүгүндөгү фермердик чарбалар асыл тукумдук база болмокчу.
Тыбыттуу эчкилерди багуу жана таратуу үчүн Баткен облусунун Баткен
районундагы "Тегирмен-Башы" кооперативдик асыл тукум завод, ал эми жүн
багытындагы эчки чарбасы үчүн - Баткен облусунун Кадамжай ранонундагы
"Эркин" жана "Жолдош" фермердик асыл тукум чарбалар негизги асыл тукум-
дук база болушат.
Уй чарбасында алатоо породасындагы уйду өстүрүү боюнча асыл тукум-
дук база "Эмгек" ыктыярдуу дыйкандар ассоциациясы, Чүй облусундагы
Т.Мусиенко атындагы асыл тукум ферма жана башкалар, ал эми карала уйду
өстүрүү боюнча - Канттагы машина сыноочу станция, "Пригородный" айыл
чарба кооперативи, "Нива" акционердик дыйкан чарбасы асыл тукумдук база
болмокчу.
Тоњ районундагы "Айкөл" айыл чарба кооперативи мындан ары да жыл-
кынын жањы кыргыз жана таза кандуу мингич породаларын жана кыргыз жыл-
кысынын реликт үйүрлөрүн өстүрүү боюнча база болуп кала берет. Ошондой
эле таза кандуу мингич жылкы өстүрүү багыты Ысык-Көл жылкы заводунда,
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Тулпар" жана "Этис-Чилей" асыл ту-
кум чарбаларда өнүктүрүлөт,
Канаттуулар чарбасында жумуртка жана эт багытындагы жогорку про-
дуктулуу атайын линияларды жана кроссторду түзүү үчүн "Улар" акционер-
дик коому (Фрунзе канаттуулар фабрикасы), "Алтын куш" (Чүйдөгү бройлер
канаттуулар фабрикасы), "Кыргызская" (өрдөк фабрикасы), Ысык-Атадагы
асыл тукумдук канаттуулар фабрикасы жана "ТриТ" жоопкерчилиги чектелген
коом сыяктуу канаттуулар өнөр жайынын ишканалары база болот, аларда те-
рењдетилген селекциялык-асыл тукумдук иш жүргүзүлөт.
Мамлекеттик аттестациядан өткөн бардык асыл тукумдук субъекттерде,
айрыкча жеке менчиктеринде селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүү
боюнча бардык иш-чаралар аткарылат жана бардык зарыл зоотехникалык жана
санитардык-ветеринардык талаптар сакталат, алар:
- малды бонитировкалоо;
- тегин жана продукттуулугун эсепке алуу;
- баштапкы асыл тукумдук документтерди жүргүзүү;
- жасалма уруктандырууну колдонуу;
- асыл тукум төлдү максаттуу багытта өстүрүү;
- жетиштүү тоюттандыруу жана тийиштүү түрдө багуу;
- ветеринардык тейлөө.
3.3. Жасалма уруктандыруу боюнча
сервистик кызматтарды
өнүктүрүү
Республикада асыл тукумдук ишти ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн малды
жасалма уруктандырууну бардык жерде колдонуунун жоктугу чоњ проблема
болуп турат. Фермерлердин басымдуу көпчүлүгү малды туш келди
өндүргүчтөргө кароосуз куудурууну пайдаланышат, анын натыйжасында мал-
дын породасы начарлап жана жугуштуу оорулар кењири жайылууда. "Элита"
мамлекеттик акционердик коомунан (жасалма уруктандыруу боюнча мурдагы
республикалык станциядан) башка мурдагы жасалма уруктандыруучу станция-
лар иштерин толук токтотушкан. Жасалма уруктандыруу мамлекеттик чарба-
ларда жана айрым ири кооперативдик жана жеке чарбаларда гана колдону-
лат. Кыргызстандык-Швейцариялык агрардык программанын колдоосу менен
түзүлгөн "Борбордук Азиядагы асыл тукумдук сервис ЛТД" жеке менчик ком-
пания гана мал чарбасында жасалма уруктандырууну колдонгон жалгыз меке-
ме болуп эсептелет. Республикадагы 18 мал чарбада Борбордук Азиядагы
асыл тукумдук сервис ЛТД малды генетикалык жактан жакшыртуу боюнча
программаны ишке ашырып жатат, анын алкагында Европадан күрөњ жана ка-
рала породадагы жогорку класстагы букалардын уругу алынып келип, тара-
тылат жана жаныбарлар компьютерлештирилген Асыл тукумдук китепке катта-
лат. Республиканын 5 облусунда - Чүйдө, Ысык-Көлдө, Таласта, Ошто жана
Жалал-Абадда жасалма уруктандыруучу 55 жеке менчик пункт ачылган, алар
импорт генетикалык ресурстарды пайдаланып иштешет. Бирок Дьюар идиште-
ринин, аспаптардын жана суюк азоттун айрыкча өлкөнүн алыскы райондорун-
дагы жетишсиздиги жасалма уруктандыруучу жеке менчик пункттардын
өнүгүшүн кечењдетип жатат.
Ошондуктан жасалма уруктандыруу пункттарын андан ары көбөйтүү жана
жогорку баадагы асыл тукумдук материалды бардык жерлерде пайдалануу
үчүн төмөнкүдөй иш-чараларды аткаруу зарыл:
- ар бир айыл өкмөтүндө Дьюар идиштери жана башка материалдар, ас-
паптар менен жабдылган жасалма уруктандыруучу сервистик пункттарды
түзүү;
- региондук борборлордо суюк азотту үзгүлтүксүз өндүрүү жана аны
менен камсыздоо үчүн мини-түзүлүштөрдү орнотуу;
- импорт генетикалык ресурстарды кењири пайдалануу;
- генетикалык маалыматтар банкын түзүү.
Бул иш-чараларды ийгиликтүү аткаруу үчүн мамлекет, эл аралык донор
уюмдар, жергиликтүү бийлик органдары тараптан финансылык, техникалык
жана уюштуруучулук жардам керек.
3.4. Асыл тукумду көбөйтүү ассоциацияларын
жана фонддорун өнүктүрүү
Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн айрыкча натыйжалуу жолдо-
рунун бири асыл тукумду көбөйтүү ассоциацияларын жана фонддорун түзүү
болуп эсептелет. Чет өлкөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мал чарбасы
өнүккөн өлкөлөрдө бүткүл асыл тукумдук иш тармактык жана породалык ас-
социациялар менен фонддордун карамагында жүргүзүлүп, алар мыкты жаны-
барларды асыл тукумдук эсепке жана каттоого алышып, селекциялык-асыл
тукумдук ишти жүргүзүшөт, асыл тукум жаныбарларды сатуу боюнча
көргөзмөдөр менен аукциондорду өткөрүшөт, аккредитациялоо, рекламалык
камсыздоо ж.б. иштерди жүргүзүшөт.
Ошол сыяктуу, Кой/эчки багуучулардын кыргыз ассоциациясы, меринос
койлорду жана эчкини асыл тукумдук багуу боюнча "Меринос" коомдук фон-
ду, асыл тукум жылкы чарбасын жана ат спортун өнүктүрүү боюнча "Тайто-
ру" федерациясы, асыл тукум жылкы чарба жана аттарды сыноо боюнча коом-
дук бирикме, "Алтык-Така" жокей клубу жана башкалар түзүлгөн. Борбордук
Азиялык асыл тукумдук сервис жана Кой/эчки багуучулардын кыргыз ассоци-
ациясы жыл сайын мыкты асыл тукум жаныбарлардын - мүйүздүү бодо малдын,
кой-эчкилердин республикалык көргөзмөлөрүн, аукциондук сатууларды уюш-
турушат.
Ошондуктан мындан ары ушундай, фермерлер өздөрү уюштурган порода-
лык жана коомдук бирикмелерди түзүү жана алардын ишмердик чөйрөсүн
кењейтүү боюнча ишти күчөтүү зарыл. Мындай уюмдарды ийгиликтүү
өнүктүрүү алардын материалдык-техникалык абалына, ошондой эле уюштуруу-
чулар, жергиликтүү органдар, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жа-
на кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана ар кыл эл аралык жана донор
уюмдар тарабынан колдоо көрсөтүлүшүнө көп жагынан көз каранды.
4. Иш-чараларды аткаруунун
уюштуруучулук-экономикалык
механизми
Колдо болгон генетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана
айыл чарба жаныбарларынын келечектүү жањы породаларын, типтерин, линия-
ларын, кроссторун түзүү; тармакты техникалык жактан жањыртып жабдуу;
айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жеке сектордун, жеке ишкердиктин жана
жогорку продуктулуу асыл тукум жаныбарлардын рыногунун өнүктүрүлүшү
асыл тукумдук ишти жана жалпы эле мал чарбасын ийгиликтүү өнүктүрүү
үчүн өбөлгө болот.
Тармакта мал чарбасынын жана асыл тукумдук иштин реалдуу абалын
эске алуучу, зарыл өндүрүштүк чөйрө түзүү үчүн иш-аракеттердин механиз-
мин иштеп чыгууга жарактуу жањы агрардык саясат керек. Өлкөнүн экономи-
касы азыркы өткөөл мезгилдин шарттарында айыл чарбасын жалпысынан жана
айрым алганда мал чарбасын толук субсидиялоого мүмкүндүгү жок болгон-
дуктан, өндүрүштү либералдаштыруунун, материалдык-техникалык жана гене-
тикалык резервдерди бөлүштүрүүнүн туруктуу системасы, өзүн өзү каржыло-
онун жана өзүн өзү актоонун рыноктук механизмдерин өнүктүрүү зарыл.
Ошондой эле асыл тукум продукцияны өндүрүүдөн баштап сатууга, анын
ичинде чет өлкөгө сатууга чейин толук циклди ишке ашырууну камсыздоочу
бир бүтүн чарбалык-технологиялык удаалаштык зарыл. Жергиликтүү рыноктун
жана эл аралык тенденциялардын керектөөлөрүн эске алып, өнүгүүнүн ар-
тыкчылыктуу негизги багыттарын аныктоочу асыл тукумдук ишти
өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик программасын кабыл алуу, келечектүү
технологияларды тандоо жана жергиликтүү рыноктун жана эл аралык тенден-
циялардын керектөөлөрүн эске алуу менен биринчи кезектеги милдеттерди
белгилөө зарыл.
Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги
милдеттердин ичинде төмөнкүлөр белгиленүүдө:
- Кыргыз Республикасында айыл чарба жаныбарларынын жаратылган по-
родаларынын генофондун сактоо жана андан ары өнүктүрүү боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн атайын токтомун кабыл алуу;
- жогору продуктулуу айыл чарба жаныбарларынын уруктар жана эмбри-
ондор банкын түзүү жана аны пайдалануунун комплекстүү программасын иш-
теп чыгуу;
- жогору продуктулуу асыл тукум жаныбарларды бирдиктүү компьютер-
дик эсепке алууну уюштуруу;
- мамлекеттик асыл тукумдук жана жылкы заводдорду мамлекеттик кол-
доо жөнүндө маселени кароо;
- айыл чарба жаныбарларынын генофонддук породаларымын асыл тукум-
дарынын санын көбөйтүү боюнча эксперименттик инфраструктураны түзүү;
- илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүшкө жана айыл чарбасына
киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
- малды жана колдо болгон асыл тукумдук генетикалык ресурстарды
породалык эсепке алуу.
4.1. Ресурстук камсыздоо
Республикада асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү мамлекеттик, коопе-
ративдик жана жеке фермердик асыл тукум заводдорду, чарбаларды жана
фермаларды чыњдоонун жана ишин жакшыртуунун негизинде ишке ашырылууга
тийиш. Жаныбарлардын продукттуулугунун багыттарын эске алуу менен поро-
далардын, топтордун, типтердин жана линиялардын жањы стандарттарын иш-
теп чыгуу зарыл. Асыл тукум жаныбарларды көбөйтүү менен иштеген субъек-
ттерге асыл тукум букаларды, айгырларды, кочкорлорду, текелерди жана
башка жогорку сапаттуу асыл тукумдук материалдарды жењилдиктүү шартта
сатып алуу үчүн кредит керек. Кредит каражат ошондой эле асыл тукумдук
жана генетикалык материалды эле эмес, керектүү жабдууларды жана шайман-
дарды, ветеринардык дары каражаттарды сатып алуу, тоюттук базаны чыњдоо
жана жаныбарларды жакшы тоюттандырууну уюштуруу үчүн да керек.
4.2. Тармакка илимий негиздеме
Республиканын мал чарба тармагынын негизги илимий-техникалык по-
тенциалы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигине караштуу Агрардык илим жана консультациялык кызматтар
борборунун Кыргыз мал чарба илимий-изилдөө институтунда топтолгон. Рес-
публиканын региондорунда 4 тажрыйбалык станция, 11 мамлекеттик асыл ту-
кумдук завод, эксперименттик чарба жана таяныч пункт иштейт. Или-
мий-изилдөөчү институттардын, тажрыйбалык станциялардын, чарбалардын
жана мамлекеттик асыл тукумдук заводдордун кызматкерлери айыл чарба жа-
ныбарларынын генетикалык ресурстарын сактоого, өркүндөтүүгө жана
жањыларын түзүүгө, багуунун, тоюттандыруунун жана төлдөтүүнүн жањы тех-
нологияларын иштеп чыгууга багытталган иштерди жүргүзүп жатышат.
Селекционер окумуштуулар төл алуунун прогрессивдүү биотехнология-
лык ыкмаларын пайдалануу менен жаныбарлардын жањы породаларын - кыргыз-
дын тоо мериносун, уяњ жүндүү койлордун эт, эт-май багытындагы тибин,
мүйүздүү бодо малдын сүт жана эт багытындагы породаларын, жылкынын эт
багытындагы тукумун, сүттүү эчкилерди жана башкаларды жаратууну тезде-
тиши зарыл. Асыл тукум жаныбарларды багуунун, тоюттандыруунун,
төлдөтүүнүн жана өстүрүүнүн чарба жүргүзүүнүн заманбап шарттарына ыла-
йыкташтырылган жањы натыйжалуу технологиялары зарыл. Илимий изилдөө иш-
терин натыйжалуу жүргүзүү үчүн агрардык илимдин каржыланышын жакшыртуу,
командировкалык жана транспорттук чыгымдарга каражаттарды көбөйтүү,
окумуштуулардын материалдык абалын жакшыртуу жана алардын селекциялык
жањы жетишкендиктерди жаратууга ынтызарлыгын арттыруу зарыл.
4.3. Асыл тукум мал чарбасынын нормативдик укуктук базасын
өркүндөгүү
Асыл тукум мал чарбасынын нормативдик укуктук базасын өркүндөтүү
бул Концепцияны ишке ашыруунун зарыл шарты болуп эсептелет. "Мал чарба-
чылыгындагы асыл тукум иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
өндүрүштүн заманбап шарттарына багытталган, айыл чарба жаныбарларынын
генетикалык ресурстарын сактоо, асыл тукумдук ишке мамлекеттик колдоо
көрсөтүү, мамлекеттик инспекциялоо, селекциядагы жетишкендиктер үчүн
материалдык сыйлоо жана башка маселелер кењири чагылдырган жањы редак-
циясын кабыл алуу зарылдыгы эчак бышып жетилген. Асыл тукумдук субъект-
тердин категориялары боюнча жана мал чарбасындагы селекциялык жетишкен-
диктерди сыноодон өткөрүү жөнүндө туруктуу колдонулуучу жоболорду,
ошондой эле бонитировка боюнча жањы нускамаларды жана породалар боюнча
стандарттуу талаптарды иштеп чыгып кабыл алуу зарыл. Жаныбарлардын ата
мекендик генетикалык ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу
максатында "Жаныбарлардын породаларынын генофонду жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын өзүнчө Мыйзамын кабыл алуу зарыл.
Асыл тукум жаныбарларды багуу, асыл тукумдук эсепти жүргүзүү жана
асыл тукум төлдү өстүрүү тийиштүү чыгымды талап кылат, ошондуктан Рос-
сияда же Казакстанда жасалган сыяктуу асыл тукумдук ишти дотациялоо
жөнүндө нормативдик документти же Жобону кабыл алуу зарыл. Жењилдиктүү
кредит берүү жана салык салуу маселелерин да караштыруу зарыл.
Рыноктук экономиканын шартында асыл тукум жаныбарлардын продукция-
сын өндүрүүнү уюштуруу үчүн сатып өткөрүү рыногун аныктоо жана асыл ту-
кум жаныбарларды жана алардын продукцияларын өндүрүүчүлөрдү коргоочу
нормативдик мыйзамдарды кабыл алуу абдан маанилүү. Мындай атайын норма-
тивдик актылар азыр жок, аларды да иштеп чыгуу зарыл.
4.4. Асыл тукум мал чарбадагы кадр саясаты
Мал чарба тармагында квалификациялуу кадрларды даярдоо ишин
К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети жүргүзөт. Ошондой
болсо да айыл жеринде асыл тукумдук мал чарба тармагындагы билимдердин
- мал чарбачылыктын тармактары боюнча бонитировка, уруктандаруу ыкмала-
ры, асыл тукумдук эсепти жүргүзүү боюнча билимдердин абдан жетишсиздиги
дагы деле көрүнөт. Региондордо ар түрдүү программалардын чегинде фер-
мерлерди окутуу жүргүзүлүп жатат, бирок бул окутуу адатта бир жолку жа-
на кыска мөөнөттүү иш. Айылдык консультациялык кызмат жана Консультаци-
ялык-Окуу борбору республиканын бардык региондорунда жана айыл чарба
өндүрүшүнүн дзэрлик бардык багыттары боюича окутуу жүргүзүп жатышканына
карабастан фермерлер арасында асыл тукумду көбөйтүү маселелери жетишсиз
чагылдырылат. Ошондуктан асыл тукум ишинин маселелерин окутуу мындан
ары көњүлдүн борборунда болууга тийиш. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз аг-
рардык университетинин жана Консультациялык-Окуу борборунун алдында
фермерлерди асыл тукумдук иштин негиздери боюнча теориялык окутуу үчүн
селекционер окумуштууларды тартуу менен туруктуу иштөөчү 2 жумалык жана
бир айлык курстарды уюштуруу зарыл. Алдыњкы асыл тукум заводдордун ба-
засында асыл тукумдук төлдөтүүгө - бонитировкалоого, эн салууга, жасал-
ма уруктандырууга, асыл тукумдук жазуу жазууга ж.б. байланышкан сезон-
дук иш-чараларды иш жүзүндө көрсөтүүнү уюштуруу зарыл. Бул жагынан ал-
ганда Борбордук Азиялык асыл тукумдук сервистин мисалын үлгү кылсак бо-
лот, ал уйду жасалма уруктандыруу боюнча үйрөтүүчү семинарларды такай
уюштурат, мындай практиканы кењири жайылтуу керек. Селекционер окумуш-
туулар асыл тукумдук мал чарбада бардык тармактар боюнча иш-чараларды
уюштуруу боюнча көрсөтмөлүү практикалык колдонмолорду, рекламалык прос-
пекттерди жана маалыматтык баракчаларды фермерлер арасында кењири тара-
туу үчүн иштеп чыгуулары зарыл.
Республиканын бардык региондору боюнча асыл тукум жаныбарлардын
көргөзмөлөрүн такай өткөрүп, фермерлерди кењири тартуу жана аларга асыл
тукумдук иштин жетишкендиктерин көрсөтүү зарыл. Ушундай жол менен гана
асыл тукумдук иштеги абалды жакшыртууга жана асыл тукум жаныбарлардын
санын салаттык жактан өсүшкө алып келүүгө болот.
4.5. Финансылык абалды жакшыртуу
Финансылык абалды жакшыртуу асыл тукумдук субъекттерге жењилдиктүү
кредит берүү жана мамлекеттик асыл тукумдук заводдорго мамлекеттик фи-
нансылык колдоо көрсөтүү жолу менен ишке ашырылууга тийиш. Мамлекет та-
рабынан орчундуу финансылык колдоо мамлекеттик жылкы заводдорго,
Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводго көрсөтүлгөн. Мын-
дай колдоо мындан ары да практикага кириши керек. Асыл тукумдук мал
чарбачылыкты инвестициясыз кармап туруу, сактоо жана өнүктүрүү мүмкүн
эмес. Ошондуктан асыл тукум мал чарбачылыкты оњдоо үчүн каржылоонун
мамлекеттик булактарын эле пайдаланбастан, эл аралык, демөөрчүлүк уюм-
дардын, ар түрдүү юридикалык жактардын жана жеке адамдардын каражатта-
рын да тартуу зарыл.
5. Асыл тукум мал чарбасындагы иш-чараларды
аткаруунун социалдык-экономикалык
натыйжаларына баа
Кыргызстанда мал чарбасынын бардык тармактарын өнүктүрүү жана мал-
дын породасын жакшыртуу олуттуу мамлекеттик жана экономикалык мааниге
ээ.
Бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүдөй негизги проблемаларды
чечүүгө мүмкүндүк берет:
- республиканын чарбаларында багылып жаткан асыл тукум малдын по-
родаларынын генофондун сактоо, санын көбөйтүү, асыл тукумдук жана про-
дуктулук сапаттарын жакшыртуу;
- айыл чарба жаныбарларынын мурдагы генетикалык ресурстарын
өркүндөтүү жана жањыларын түзүү, багуунун жана тоюттандыруунун жањы
технологияларын иштеп чыгуу;
- асыл тукум малдын санын көбөйтүүнүн жогорку натыйжалуу система-
ларын жана технологияларын түзүү, республиканын азык-түлүктүк, сырьелук
жана биологиялык коопсуздугун камсыздоочу азык-түлүктү жана биосырьену
өндүрүү процесстерин аныктоо;
- асыл тукум продукциянын экспортун көбөйтүү;
- Кыргызстандын малды - күрөњ жана карала уйду, мингич жылкыларды
ж.б. асыл тукумдук багуу боюнча эл аралык федерацияларга мүчө болушу.
Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү калктын санына карата айыл
чарба продукциясын өндүрүүнүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө
мүмкүндүк берет. Ошондой эле өздүк тоют база бар болгондуктан, продук-
цияны өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн учурдагы өркүндөтүлгөн техноло-
гияларын киргизүүдөн улам мал чарбачылык натыйжалуу, стабилдүү жана
рентабелдүү болот. Мал чарба ишканалары продуктулук сапаттары жогорку
жаныбарлар менен комплектиленет, ал эми илимий бөлүмдөр генофондду жак-
шыртуу, сактоо жана көбөйтүү боюнча иш жүргүзүшөт.
Асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүктүк кооп-
суздугун камсыздоо жана жакырчылыкты азайтуу программасын аткаруу үчүн
чоњ мааниге ээ. Мамлекеттик ишканалар да, жеке сектор да жогорку баалуу
асыл тукум жаныбарларга ээ болгондуктан экономикалык жактан да, социал-
дык жактан да гүлдөп өнүгүүгө реалдуу мүмкүндүк алышат. Айыл чарба жа-
ныбарларынын продукттуулугу аз, породасы анчейин типтеринин ордуна эко-
номикалык жактан рентабелдүү, жогорку технологиялуу типтер жана порода-
лык топтор келет. Республиканын агроөнөржай комплексине инвестициялар-
дын келиши орундуу көбөйөт жана анын натыйжасында кошумча иш орундар
ачылгандыктан калктын кирешелери көбөйөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 31-январындагы № 45 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн 2010-жылга чейинки концепциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 31.01.2005 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндөЗакон · 27.04.2009 · № 133 · Күчүн жоготкон